Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Трамптын Иран боюнча сунушу четке кагылды


Буга чейин Дональд Трамп Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербей турганын эскерткен.
Буга чейин Дональд Трамп Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербей турганын эскерткен.

"New York Times" басылмасы АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн жогорку даражалуу жардамчылары менен Ирандын өзөктүк жайларына сокку уруу жолдорун талкуулаганын жазды.

Өткөн аптада Трамп Пентагондогу айрым жетекчилерди алмаштырган. Анда Иранга каршы тымызын же болбосо ачык аскердик операция баштап жибериши ыктымал деген кооптонуу айтылган.

Трамптын кызматтык мөөнөтү аяктарына эки айдай гана убакыт калды. Ал Жо Байдендин жеңишин таануудан дагы эле баш тартып келет.

"New York Times" басылмасы ишенимдүү булактарына таянып, Иран маселеси 12-ноябрда Ак үйдө жабык талкууланганын жазды. Ага вице-президент Майк Пенс, мамлекеттик катчы Майк Помпео, генерал Марк Милли жана коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер катышкан.

Трамп жардамчыларынан "Ирандын өзөктүк жайларына жакынкы апталарда сокку уруу жолдорун сураган". Басылманын ырасташынча, Трамптын жардамчылары аны мындай оюнан кайтууга көндүрүшкөн жана муну жаңжал курчуп кетиши мүмкүндүгү менен негиздешкен.


АКШнын расмий өкүлү бул маалыматты 17-ноябрда "Reuters" агенттигине бышыктады. Ага ылайык, Трамп "сокку уруу мүмкүнчүлүктөрүн сураган. Окуя андан ары кандай өнүгөөрүн уккандан кийин оюнан кайткан".

Маалыматтарга караганда Трамп Иран маселесине Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) расмий Тегеран байытылган урандын запасын көбөйтүп жатканы тууралуу баяндама жасагандан кийин кайрылган.

Ак үй азырынча бул боюнча расмий комментарий бере элек. Тегеран дагы Дональд Трамптын анын өзөктүк жайларына сокку урууну караштырганы тууралуу маалыматка үн катпай турат.

Өткөн айдын аягында МАГАТЭ Иран уран байытуу үчүн центрифугаларды кураштыруу боюнча жер алдында завод куруп жатканын билдирген.
Өткөн айдын аягында МАГАТЭ Иран уран байытуу үчүн центрифугаларды кураштыруу боюнча жер алдында завод куруп жатканын билдирген.

"New York Times" басылмасы Ирандын Натанз заводун бутага алуу жагы каралганын жазды. Мунун алдында МАГАТЭ бул жайда эл аралык өзөктүк келишимдеги нормадан 12 эсе көп байытылган урандын запасы бар экенин билдирген.

Буга чейин Дональд Трамп Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербей турганын эскерткен:

"Мен Кошмо Штаттарынын президенти болуп турганда, Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болбойт", - деди Трамп.

Өткөн айдын аягында МАГАТЭ Иран уран байытуу үчүн центрифугаларды кураштыруу боюнча жер алдында завод куруп жатканын билдирген. Анда бул жай Натанздагы өзөктүк объектинин жанында салынып жатканы белгилүү болгон. МАГАТЭ курулуш жүрүп жатканы боюнча жандоочтон тартылган сүрөттөрдү да жарыялаган.

Вашингтон менен Тегерандын чатагы Кошмо Штаттар 2018-жылы Иран менен алты дүйнөлүк державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып кеткенден бери курчуп жатат. Трамп Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизген. Буга жооп катары Иран келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.

Эки өлкөнүн жаңжалынын өрчүшүнө ушул жылдын башында Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү дагы себеп болду.

Ал январь айында Багдаддын четиндеги аэропорттун жанында америкалык дрондун соккусунан каза тапкан.

Вашингтон Сулеймани АКШнын Жакынкы Чыгыштагы объектилерине жана аскерлерине кол салуунун артында турган киши деп эсептеп келген.

Тегеран буга байланыштуу АКШны кескин айыптаган жана өч аларын билдирген.

XS
SM
MD
LG