Аргентинанын президенти Альберто Фернандес футболчу Диего Марадонанын өлүмүнө байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады. Диего Марадона 25-ноябрда 60 жашында жүрөгү токтоп каза болду.
Италиянын Неаполь шаарынын тургундары дагы көчөгө чыгып, аргентиналык генийди эскерип жатышат. Анткени, Диего Марадона бул шаардагы “Наполи” клубун дүйнөгө тааныткан.
Чемпиондор лигасынын алкагындагы оюндар да Марадонаны эскерүү мүнөтү менен башталууда.
Дүйнө эли коштошуп жаткан Диего Армандо Марадонанын феноменин түшүнүү үчүн 1986-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына жана футболчунун “Наполи” клубундагы жети жылдык карьерасына токтолуу керек.
Аргентинанын жашоочулары Диего Армандо Марадона атындагы стадионго келип футболчуну эскерип жатышат
Аргентинин акыркы алтыны же “Марадонанын чемпионаты”
1986-жылдагы Мексикада өткөн чемпионаттын чейрек финалы. Беттештин 54-мүнөтүндө оюн талаасынын ортосунан топко жеткен Диего Марадона Англия курама командасынын алты оюнчусун (Гарри Стивенс, Питер Рид, Стив Ходж, Терри Бутчер, Терри Фенвик жана дарбазачы Питер Шилтон) алдап өтүп, бош дарбазага гол киргизди. Аргентиналык футболчунун бул тобу кийин “кылымдын голу” деп таанылды. Мындан үч мүнөт мурда Марадона өз карьерасындагы чуулгандуу, “Кудайдын колу” деп аталган голдун автору болгон эле. Ал бийик көтөрүлгөн топту сол колу менен дарбазага киргизип, оюндан кийин “гол Марадонанын жарым-жартылай башы жана Кудайдын колу менен” киргенин айткан.
“Марадона топту өз оюн талаасынан алып, биздин команданын жарымын алдап өтүп гол киргизген учурда биз Жон Барнс экөөбүз оозубузду ачып туруп калдык. Анын голун эч качан унутпайм. Бир эле учурда ыйлагыбыз жана кол чапкыбыз келип турду” деген пикирин билдирген ошол учурдагы Англия курама командасынын оюнчусу Крис Уоддл.
Марадона "кудайдын колу" деп аталган чуулгандуу голду киргизип жатат.
Дүйнө чемпионатынын жарым финалында дагы Марадонаны эч ким токтото алган жок. Ал Белгиянын футбол боюнча курама командасынын дарбазасына эки гол киргизип, Аргентинаны финалга алып чыкты. Футболчунун экинчи тобу өзүнчө керемет, ал адатынча төрт футболчуну алдап өтүп гол киргизген. Оюндан кийин Белгия командасынын машыктыруучусу Ги Тис аргентиналык феномендин чеберчилигине өзгөчө баа берген:
“Эгерде Белгиянын курамында өзүбүздүн Марадона болгондо, анда финалда биз ойномокпуз. Марадона эч талашы жок азыркы учурдун мыкты футболчусу. Эки оюнчуга Марадонаны кайтаруу тапшырмасын бергем, бирок аны токтотуш үчүн алардын аракети аздык кылды. Бизди Аргентинанын курама командасы эмес, Марадона утуп алды”.
Диего Марадонанын лакап аты "алтын бала" болчу.
Мексикада өткөн бул чемпионаттын финалында аргентиналыктар Германиянын курама командасын 3:2 эсебинде жеңип алды. Аргентинага алтын алып келген гол Марадонанын пасынан кийин кирген. Күтүлгөндөй эле Диего Марадона 1986-жылы Мексикада өткөн бул чемионаттын “эң мыкты оюнчусу” деп табылды. Аталган мелдеш футбол тарыхында “Марадонанын чемпионаты” деген ат менен жазылып калды.
Футбол баяндамачы Кубан Атабеков Аргентинанын алтынына Марадонанын салымын мындай деп түшүндүрдү:
Кубан Атабеков
“Ал мезгилде футбол боюнча дүйнө чемпионатын утуу согушту жеңген менен барабар болчу. Себеби, капиталисттик система менен социалисттер тирешип турган 20-кылымдын аягында дүйнөдө футбол деген бир эле спорт бар болчу. Ал кезде спорттун кызыктуу түрлөрү, Интернет жок болгондуктан, чемпионатты жеңген өлкөнүн саясаты алдыга жүрүп турат деген түшүнүк болгон. Баардык нерсеге салыштыруу аркылуу баа бериш керек. Ошол эле Пеле, Роналду жана Мессинин жанында мыкты оюнчулар, топту ыңгайлуу өңүткө чыгарып бере турган футболчулар бар эле. Ал эми Марадонанын жанында күчтүү оюнчулар болгон эмес”.
Топту бийлеткен, дүйнөнү дүңгүрөткөн Марадона
1/22Диего Армандо Марадона Аргентинанын баш калаасы Буэнос-Айресте туулган. Футбол аны жакырчылыктын сазынан сууруп чыккан.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
2/22Дүйнө кубогун көтөрүп турган Диего Марадона. 1986-жылы Мексикада өткөн дүйнө чемпионатынын финалында Аргентина курама командасы Батыш Германия курама командасын 3:2 эсеби менен утуп, дүйнө чемпиону болгон.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
3/22
1986-жылдагы чемпионаттын чейрек финалында Аргентина менен Англия беттешип, оюндун 53-мүнөтүндө Марадона англиялык дарбазачы Питер Шилтон менен барабар секирип, топту муштуму менен дарбазаны карай түрткөн. Кийин ал "гол Марадонанын жарым-жартылай башы жана кудайдын колу менен" киргенин айткан.
Дал ушул беттеште Марадона "кылымдын голун" тарыхта калтырган. Талаанын ортосунан топту алган футболчу беш атаандашын алдап өтүп, топту дарбазаны карай тепкен.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
4/22Аргентинанын улуттук командасынын курамы менен Марадона 91-жолу беттешке чыгып, атаандаштарына 34 гол киргизген.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
5/22Орусиянын президенти Владимир Путин, Бразилиянын футбол легендасы Пеле жана аргентиналык Диего Марадона 2018-жылы футбол боюнча чемпионатынын финалдык беттешинин алдында сүрөткө түшүп жаткан учур. Москва. 2018-жыл.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
6/22Диего Марадона жана папа Франциск. Ватикан. 2016-жыл.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
9/22Марадона Кубанын лидери, маркум Фидель Кастро менен учурашып жаткан учур.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
10/22Марадонанын мексикалык "Дародас" футбол клубуна машыктыруучу болуп келген алгачкы күнү. 2018-жыл.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
11/22Венесуэланын мурдагы президенти Уго Чавес менен. 2005-жыл.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
12/22Марадона чуулгандуу жүрүшү, чукул мүнөзү менен көп учурда басылмалардын баш каарманына айланып келген.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
13/222010-жылы Түштүк Африкада өткөн дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Аргентина жана Мексика курама командаларынын беттеш учурунда футболчуларга кол жаңсап жаткан машыктыруучу Марадона. Ал 2008-жылдан 2010-жылга чейин Аргентина курама командасын машыктырган.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
14/221994-жылы футбол жылдызы баңгизатка байланыштуу футболдон четтетилген. Бирок анын чуулгандуу жүрүм-туруму өзгөргөн эмес. Ал жада калса журналисттерди пневматикалык курал менен атканы үчүн эки жылга шарттуу түрдө кесилген.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
15/22Марадона жана Клаудио Каниджа голду майрамдап жаткан учуру. 1990-жылы өткөн дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Аргентина курамасы Бразилия менен беттешип, Каниджа гол менен өзгөчөлөнгөн.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
17/22Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров жана Диего Марадона Грозный шаарындагы Ахмад-Хаджи Кадыров атындагы жаңы стадионунун ачылышына арналган жолдоштук беттештен кийин. 2011-жыл.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
18/22Марадонанын маалымат жыйын учурунда топту башы менен элеп жаткан учуру.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
19/22Диего Марадона бир нече өлкөнүн футбол федерацияларынын жетекчилери менен Эл аралык футбол федерациясы уюштурган конгресстеги жолдоштук беттеште. Сүрөт Кыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султановго таандык. Манама шаары, Бахрейн. 2017-жыл.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
20/22Оюндун жүрүшүнө нааразы болуп жаткан Марадона. 2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын D тайпасынын кезектеги оюнунда Аргентина Нигерия курама командасы менен беттешип жаткан учур. Санкт-Петербург. 2018-жыл.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
21/22Буэнос-Айрес шаарынын тургундары Марадонанын дубалга тартылган сүрөтүнүн астына гүлдөрдү коюп, аза күтүшүүдө.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
22/22Таланттуу, чуулгандуу, гениалдуу жана ачуусу чукул Диего Марадона. Миллиондогон футбол күйөрмандарынын кумири 25-ноябрда дүйнөдөн кайтты.
Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү 60 жашында каза болду. Ал ушул айдын башында ал Буэнос-Айрестеги ооруканага түшүп, он күн мурун дарыланып чыккан.
Артка
Алдыга
Диего Марадона баштаган Аргентинанын командасы 1990-жылдагы Италияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Германия Федеративдик Республикасына 0:1 эсебинде утулуп калды. 1994-жылы өткөн дүйнө биринчилигинде болсо Аргентинанын башкы машыктыруучусу Альфио Басиле Марадонага ишенбей калган болчу. Бул чемпионатта анын канынан кызытма да табылган.
Аргентиналык гений жалпы жонунан өз өлкөсүнүн командасына 91 оюн өткөрүп, 34 гол киргизди.
Марадонанын “Наполидеги” доору
1984-жылы 5-июлда Диего Марадонаны “Сан-Паоло” стадионунда “Наполи” клубунун 70 миң күйөрманы тосуп алган. Марадона буга чейин эки (1982-1984) жыл “Барселонада” ойноп келген. Клуб жетекчилиги аргентиналык гений үчүн Испаниянын “Барселона” командасынын эсебине 5 млн. фунт которуп берди. Бул сумма ошол учурдун рекорду болчу. Анын 550 миң евросун Неаполь шаарынын тургундары чогултканы айтылып келет. Ал учурда “Наполи” клубу турнирдик таблицанын (Серия А) ылдыйкы бөлүгүндө жайгашып, Италия чемпионатынын экинчи дивизионунда ойноп калуу (Серия B) тобокелчилиги жогору болчу.
Диего Марадона 1960-жылы 30-октябрда Аргентинада төрөлгөн
Диего Марадона Италиядагы жети жылдын ичинде (1984-1991) “Наполи” клубуна эки жолу Италиянын чемпиондугун, Италиянын Кубогун жана УЕФА Кубогун жеңип берди. Ал учурда Италия чемпионатында атаандаштык күч эле. Себеби “Ювентустун” курамында Мишел Платини, Микаэль Лаудруп, “Миланда” болсо Марко ван Бастен, Руд Гуллит, Франк Райкард сыяктуу ошол учурдун мыкты футболчулары ойноп турган.
Футбол күйөрманы Максат Кудайбердиев Марадонанын өзгөчөлүгүнө мындай баа берди:
“Аргентиналыктар менен “Наполи” клубунун күйөрмандары үчүн Диего Марадона биринчи футболчу, футболдун иконасы. Анткени, ал эки команданы жеңишке жалгыз жетелеп келди. Марадона футбол үчүн да көп нерсени берди. Ошол учурдагы көп футболчулар физикага басым жасап ойноп келген. Марадона болсо күйөрмандарга футболдун кооздугун, оюн учурундагы бир кишинин таасирин көрсөтүп берди. Улуу муундун көпчүлүгү футболду Марадона, Пеле үчүн сүйүп калган. Аны футбол талаасындагы музыкантка дагы салыштырып койсок болот”.
Марадона “Наполиде” ойногон жылдары Италиянын кылмыш топтору менен байланыш түзүп, 1991-жылы анын канынан кокаин табылган. Марадона 15 айга футболдон четтетилип, андан кийин “Наполинин” формасын кийген жок. Диего Марадона бул клубдун курамындагы 259 беттеште 115 гол киргизе алды. Италиянын Неаполь шаары болсо футболчунун экинчи мекенине айланды.
Баңгиден келген балээ
Марадона 1997-жылы карьерасын жыйынтыктагандан кийин өзүн машыктыруучу катары да сынап көрдү. Ал эки жыл Аргентинанын Улуттук командасын да жетектеди. Футбол коомчулугу 2010-жылдагы дүйнө чемпионатында Аргентина көрсөткөн оюндан кийин Марадонаны машыктыруучу катары тааныган жок. Ал мелдеште Аргентина Германиянын футбол боюнча командасына 0:4 эсебинде утулуп калган эле.
Феномендин баңги затына жакындыгы футболдогу карьерасынын аякташына жана жашоосундагы бир катар көйгөйлөрдүн пайда болушуна алып келди. Жыл өткөн сайын Марадонанын аты чырлуу окуяларда атала баштады.
Дүйнө чемпионатын жана Италия биринчилигин дээрлик жалгыз багындырган Марадона баңгизатты, жашоосундагы кыйынчылыктарды жеңе алган жок. Ал 60 жашында жүрөгү токтоп каза болду. Белгилүү футболчу Пеле Диего Марадонаны "Инстаграм" баракчасы аркылуу мындай деп эскерди:
Пеле (Эдсон Арантис ду Насименту)
"Кандай гана кайгылуу жаңылык! Мен жакшы досумду жоготтум, а дүйнө легенданы жоготту. Дагы көп нерсени айта берсе болот, бирок азырынча Кудай анын үй-бүлө мүчөлөрүнө күч-кубат берсин! Албетте, бир күнү биз топту асманда чогуу тебебиз".
Кандай болгон күндө дагы Марадона футбол сүйүүчүлөрүнүн эсинде аргентиналык гений катары калды. Марадонадан кийин Аргентина курама командасы эңсеген дүйнө биринчилигин, “Наполи” болсо Италиянын чемпионатын ута алган жок. Азырынча алардын курамында Марадона сыяктуу оюнчу пайда боло элек. Анын жеңишти жалгыз камсыздай алган сапаты бар эле.
"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.