Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:36

Марадонанын каза болгонуна байланыштуу Аргентинада үч күндүк аза күтүү жарыяланды


Дүйнөдөгү футбол ышкыбоздору аргентиналык даңазалуу футболчу, дүйнө чемпиону Диего Армандо Марадонага аза күтүүдө. Ал шаршембиде жүрөгү кармап 60 жашында каза болгон. Аргентинадан баштап Италияга чейин ышкыбоздор көзү тирүү кезинде эле тарыхка кирип, легендага айланган ХХ кылымдын эң мыкты футболчуну эскерип жатышат.

Марадонанын мекени Аргентинада президенттин буйругу менен үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Маркум менен коштошуу зыйнаты Буэнос-Айрестеги президенттик сарайда болот.

Марадона туулуп-өскөн шаарчага күйөрмандары суук кабар тараары менен чогула башташты.

Футболчунун экинчи мекенине айланган Италиянын Неаполь шаарында клубдун мурдагы стадионунун жанына келгендер шам жагып, гүл коюп жатышты.

Айрымдар стадионго Марадонанын ысымын коюу керек экенин айтышат. Ал «Наполи» клубунда ойноп, 1987-жылы биринчи жолу клуб өлкөнүн чемпиону болгон.

1986-жылы Мексикадагы дүйнө чемпионатында Англия менен беттешүдө киргизген голу кылымдын эң мыкты голу деп таанылган. Ошол эле матчта топту колу менен киргизип, «ал Кудайдын колу болчу» деген сөзү тарыхта калды. Ошондон бери аны мекенинде «Эль Диос – Кудай» деп атап калышкан.

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы футболчулар менен машыктыруучулар Марадонанын элесине таазим этишүүдө.

XS
SM
MD
LG