Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

«Кыргыздын Мессиси» Гүлжигиттин кыялы


Гүлжигит Алыкулов.
Гүлжигит Алыкулов.

Кыргызстандын мыкты футболчусу, Казакстандын «Кайрат» клубунда ойногон 19 жаштагы Гүлжигит Алыкулов Европа лигасында гол киргизген алгачкы кыргызстандык болду.

Буга чейин Түркия жана Беларуста ойноп келген Гүлжигитке күйөрмандар «Кыргыздын Мессиси» деп каймана ат койгон.

27-августта Казакстандын «Кайрат» клубу UEFAнын Европа лигасында армениялык «Ноа» клубу менен беттеш өткөрүп, 4:1 эсебинде жеңишке жетти.

Беттештеги алгачкы голду «Кайрат» клубунда ойноп жаткан кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов киргизди. Мунун менен ал УЕФА мелдештеринде гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу болуп калды.

«Азаттык» ​Гүлжигит менен байланышканда ал буларды айтып берди:

«Бул голду мен кыргыз элине жана «Кайраттын» күйөрмандарына арнайм. Гол киргенде өзгөчө сезимдер болду. Анын үстүнө бул кыргыз футболу үчүн да маанилүү голдордун бири».

19 жаштагы Гүлжигит Алыкулов Казакстандын «Кайрат» клубу менен ушул жылдын январь айында эки жылдык мөөнөткө келишим түзгөн. «Кайраттын» катарында Гүлжигит сегиз оюн өткөрдү.

«"Кайратка" өткөнүмө эч өкүнбөйм. Клубдун базасы, шарты жакшы. Командалаштарым, машыктыруучу жакшы жардам беришет. Бул менин футболдук карьерама, тажрыйба топтош үчүн дагы бир тепкич болду. Анткени «Неман» клубу менен «Кайратты» салыштырып карасак, «Кайрат» рейтинги боюнча бир топ жогору турат. Бизге «Кайраттын» катарында Казакстандын чемпондугун утуу жана Европа лигасынын тайпалык баскычына чыгуу тапшырмасы коюлган. Алдыда дагы эки команданы утсак, андан кийин орусиялык «Ростов» командасы менен ойнойбуз. УЕФАнын мелдештери эң абройлуу болуп саналат. Ошондуктан койгон максатыбыз бийик. Колдон келишинче ар бир оюнда жеңишти көздөйбүз. Командада даярдык, маанай жакшы, буюрса ийгиликтерди багындырабыз деген үмүт бар», - деди футболчу.

Гүлжигит Алыкулов «Дордой» (2011-2017-жылдары) футбол клубунун тарбиялануучусу. 2017-жылы Түркиянын «Антальяспор» клубунда ойногон. Андан соң Кыргызстандын «Кара-Балта», «Алга» (2018), клубдарынын намысын коргогон.

2019-жылы Беларус чемпионатында ойногон «Неман» клубу менен келишим түзгөн. Бул команда да ойноп, өзүнүн мыкты ыкмасы менен айырмалаганы үчүн Беларустун журналисттери Гүлжигитти «Кыргыздын Мессиси» деп атай баштаган. Буга анын дүйнөлүк футбол жылдызы Лионель Мессиге окшоп талаада ыкчам жана буйтап ойногону себеп болгон.

Кыргызстандык жарым коргоочунун «Неман» клубунан «Кайратка» өтүшү 180 миң еврого бааланган. Учурда Гүлжигитти эл аралык «Трансфер маркет» (www.transfermarkt.com) басылмасы 350 миң еврого баалап жатат жана ал Кыргызстандагы эң кымбат оюнчулардын экинчи сабында турат. Биринчи орунда Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин турат. «Трансфер маркет» Кичинди 900 миң еврого баалап жатат.

Спорт журналисти Бакыт Шүкүралиев Гүлжигиттин мүмкүнчүлүгү тууралуу буларга токтолду:

Бакыт Шүкүралиев.
Бакыт Шүкүралиев.

«Азияда футбол өнүгүп жатат десек деле Чемпиондор лигасы жана Европа лигасы АФК кубогунан жана Азия чемпиондор лигасынан бир топ өйдө турат. Казакстандын чемпиону Чемпиондор лигасында ойносо, экинчи орунду алган команда Европа лигасында ойнойт. «Кайрат» былтыркы сезондо экинчи орунду алып Европа лигасында мелдешип жатат. «Кайрат» клубу - Казакстандагы мыкты командалардын бири. Бул клубда Андрей Аршавин, Анатолий Тимощук ойногон. Азыр бразилиялык футболчу Вангер Лав ойноп жатат. Андан башка дагы мыкты оюнчулары бар. Ушундай футболчулар менен бир катарда ойноо Гүлжигитке жакшы тажрыйба топтогонго жардам берет. Быйыл «Кайрат» жада калса «Астана» клубун жети упайга ашып өттү. Быйыл Казакстандын чемпиондугун утууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатат».

Гүлжигит жарым коргоочу жаштар арасындагы Кыргызстандын улуттук курама командасына 2013-жылы чакырылган. 2019-жылы 18 жашында улуттук курамага чакырылып, мындагы эң жаш оюнчу атыккан.

Улуттук курама команданын катарында эки жолдоштук беттеште (Палестина, Тажикстан) жана Монголия, Мьянма, Жапония курамалары менен болгон үч расмий беттеште майданга чыгып, эки ирет гол киргизди.

Гүлжигит Алыкулов (кызыл кийимчен) Кыргызстан жана Жапония курама командаларынын беттеши учурунда. Бишкек. 14-ноябрь, 2019-жыл.
Гүлжигит Алыкулов (кызыл кийимчен) Кыргызстан жана Жапония курама командаларынын беттеши учурунда. Бишкек. 14-ноябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын курама командасынын мурдагы оюнчусу, «Дордой» жана «Алга» командаларында машыктыруучулук кызматты аркалап, учурда балдардын «Дордой» футбол академиясынын директору болуп иштеп жаткан Руслан Сыдыков Гүлжигит Кыргызстан курамасы үчүн табылгыс оюнчу экенин белгиледи.

Руслан Сыдыков.
Руслан Сыдыков.

«Гүлжигит футбол боюнча улуттук курама командада мыкты оюн көрсөтүп жатат, - деди машыктыруучу. - Былтыр Жапония курама командасы менен болгон оюнда да мыкты оюн көрсөттү. Жапония курамасы Азиядагы эң күчтүү командалардын бири. Ошол оюнда Жапониянын «Монако» клубунда ойногон коргоочусун жүдөтүп, буйтап өткөн соң, анын жанында эки коргоочу ойноп, кайтарып калышты. Ошол оюнда Жапония курамасы үчүн эң кооптуу оюнчу Гүлжигит болду. Өзү кичинекей болсо да шамдагай, техникалык жагынан күчтүү оюнчу».

Гүлжигит Алыкулов 2019-жылы «Кыргызстандын мыкты футболчусу»​ наамына ээ болгон. Бул наам үчүн ал Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин жана жарым коргоочу Эдгард Бернхард ат салышкан.

Гүлжигит жылдын мыкты футболчусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG