Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Кыргызстан Мьянманы ири эсепте утту


Улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичин. Бишкек. 10-октярь, 2019-жыл.
Улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичин. Бишкек. 10-октярь, 2019-жыл.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманы 7:0 эсеби менен утту.

Бишкекте өткөн беттеште кыргыз футболчулары Эдгард Бернхардт хет-трик жасаса, Алимардон Шүкүров атандаш дарбазасына эки гол, Гүлжигит Алыкулов менен Валерий Кичин бирден гол киргизишти.

7:0 - бул «ак шумкарлардын» эң ирип эсеп менен уткан эл аралык мелдештердеги алгачкы жеңиши. Буга чейин, 1997-жылы Кыргызстандын курама командасы Мальдив аралдарынын курама командасын 6:0 эсеби менен уткан болчу.

Азиянын футбол конфедерациясы Кыргызстанга үч упай алып келген беттешти «кыргыз футболчуларынын кыялын ишке ашырган түн» деп атады.

Биринчи эки голду оюндун онунчу мүнөтүнө чейин эле Эдгард Бернхардт киргизсе, үчүнчү топту атаандаштарынын дарбазасына Алимардон Шүкүров тепти. 26-мүнөттө Бернхардт Гүлжигит Алыкуловго топ узатып, Алыкулов аны голго айландырды.

Биринчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө Валерий Кичин беттештеги эң көрүнүктүү голду киргизди. Ал 30 метр аралыктан топту таамай дарбазага узатып, күйөрмандарды сүйүнттү.

Оюндун экинчи бөлүгүндө кыргыз футболчулары кайрадан чабуулга өтүп, 71-мүнөтүндө Алимардон Шукуров эсепти 6:0гө жеткирсе, көп өтпөй Эдгард Бернхардт пенальтиден гол киргизип, 7:0 эсеби менен Кыргызстан жеңишке жетти.

Эдгард Бернхардттын пенальти тээп жаткан учуру.
Эдгард Бернхардттын пенальти тээп жаткан учуру.

Бернхардт өз карьерасында алгачкы ирет бир оюнда үч гол киргизип, беттештин мыкты футболчусу атыкты. Ошого карабай жарым коргоочу жетиден да көп гол киргизүүгө мүмкүнчүлүктөр болгонун айтты:

- Голдор дагы саналарын түшүнүп турдук. Ошондуктан болушунча көп гол киргизип алганга аракет кылдык. Экинчи бөлүктү деле ошондой эле уланта беребиз деп чечтик. Бирок атаандаштарыбыз да жакшы ойной башташты. 15 мүнөттөй ойношту окшойт. Анан биз кайра гол киргиздик, ошентип оюнубуз кайра жүрүшө баштады. Эсеп 7:0. Балким дагы көбүрөөк гол киргизсек болмок.

Мьянманын курама командасынын башкы машыктыруучусу Миодраг Радулович бул оюн анын командасы үчүн жакшы тажрыйба болот деген үмүттө.

- Командага тажрыйба жетпей жатканы көрүнүп турду. Мен кечээ оюдун алдындагы басма сөз жыйынында азыркы мен курап, машыктырып жаткан команда дүйнөлүк чемпионаттын деңгээлиндеги команда эмес экенин айткам. Биз эми гана жаңы баштадык. Айткандай, 2:0дөн кийин оюнчуларыбыз эмне кылышты билбей калышты. Мен 5-сентябрдагы Тажикстан менен Кыргызстандын оюнун көрүп чыккам. Менин оюмча Кыргызстан бул оюнда мыктыраак болчу. Бирок учурунда кырдаалдан пайдалана алышкан жок. Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын оюну эки башка стилде экенин айта алам, - деди ал.

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Мьянманын курама командасы менен боло турган оюнга 23 футболчуну чакырган. Жаракатына байланыштуу Азамат Байматов беттешке катышкан жок.

Бул оюнда жаш футболчулар Алимордон Шукуров менен Гүлжигит Алыкулов мыкты оюн көрсөтүп, улуттук курама команда үчүн алгачкы голдорду киргизишти.

Гүлжигит Алыкулов 18 жашта. Учурда Беларустун чемпионатында ойноп жатат. Ал эми 20 жаштагы Алимордон Шукуров былтыр эле улуттук курама командага чакырылган.

Гүлжигит Алыкулов оюн учурунда.
Гүлжигит Алыкулов оюн учурунда.

- Башында аябай толкундандым. Анткени жоопкерчилик көп. Өз үйүңдө ойноп жатасың. Биринчи жолу башкы курамада чыгып жаттым. Бирок командадагы балдар, агалар мени колдоп тургандыктан баары жеңил болду. Оюнга көнүп, жакшы ойноп баштадым, - деди Гүлжигит Алыкулов.

«Ак шумкарлардын» оюнунун көрүш үчүн стадионго 13 миңден ашык күйөрман келген.

Өзүн Азирет деп тааныштырган жигит бул оюн анын купулуна толгонун айтып, кубанганын жашырган жок:

Азирет.
Азирет.

- Мындай жеңиш менен буга чейин ута элек элек. 7:0 эсеби менен утуп, тарыхты өзгөрттү десем болот. Бул үчүн футболчуларга рахмат айтам. Биз чоң үчүн жеңиш. Бүгүнкү беттеште Кичин жана Бернхард мыкты оюн көрсөтүштү.

Бирок ошого карабай Мьянма кыргыз футболчулары үчүн оңой атаандаш болгонун айткандар да бар. Социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын айтымында Кыргызстандын курама командасы үчүн алдыда эң оор беттештер турат.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп, Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. 10-октябрдагы Жапонияда өткөн катарлаш беттеште Жапониянын курама командасы Монголияны 6:0 эсебинде жеңди. Бул турда Тажикстандын курама командасы ойногон жок.

Учурда F тайпасында эки оюнда алты упай топтогон Жапониянын курама командасы жадыбалдын сап башына чыкты. Эки оюнда алты упай топтогон Тажикстандын курама командасы экинчи орунда. Үч упай менен Кыргызстан үчүнчү орунда. Монголия төртүнчү, Мьянма бешинчи орунда турат.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталып, анда «ак шумкарлар» Тажикстандын курама командасына 0:1 эсеби менен жеңилген эле.

Эми кыргыз футболчулары 15-октябрда Улан-Батор шаарында Монголиянын курама командасы менен күч сынашат. Ушул эле күнү Тажикстан өз үйүндө Жапониянын курама командасын кабыл алат.

Cүрөт баян:

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Калган 24 команда кийинки баскычта 2023-жылы боло турган Азия кубогуна 12 жолдомо үчүн ат салышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG