Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Күйөрмандар «Алайдын» абалына кабатыр


«Алай» футбол клубунун күйөрмандары оюн учурунда.
«Алай» футбол клубунун күйөрмандары оюн учурунда.

Футбол боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун күйөрмандары клубдун жетекчилигинин ишине нааразы экенин билдиришүүдө. Алар мындай билдирүүлөрүн социалдык тармактарга жарыялап жатышат.

«Алай» клубунун жетекчилигине каршы акция «Инстаграм» менен «Фейсбуктагы» клубдун фанаттарынын баракчаларында байма-бай жарыяланууда.

«Алай» футбол клубу тууралуу маалыматтарды жайгаштырып турган «Инстаграмдагы» «Алай Ош new» баракчасынын ээси Максат (аты өзгөртүлдү) буга команданын өлкө чемпионатында начар ойноп жатканы себеп болгонун түшүндүрдү:

«Команданын жетекчилигинин иши көңүл жылытпайт. Биринчиден, футболчуларга маянасы убагында берилбейт экен. Анан оюнчулардын машыга турган формалары жок. Биз мунун баарын сүрөттөрдөн, видеолордон көрүп жатабыз. Базарда 50 сомдон сатылган ак футболкаларга «Алай» деп жаздырып коюп, ошону кийип машыгып жатышат. Клубдун дарыгери болсо бош сумканы көтөрүп алып майданга чыгат. Суусундуктардан калган бөтөлкөгө суу куюп көтөрүп жүргөнүн көрөбүз. Бул профессионалдык клуб да. Кыргызстандагы эле башка клубдарды карасаңыз, алардын формалары бар. Биз буга чейин деле футболчулар жетекчилигине нааразы экенин көрүп, угуп жүрөбүз. Клубга 20 миллиондун тегерегинде акча бөлүнөт. Бул өтө чоң суммадагы акча. Кыргызстандагы көпчүлүк клубдарда мындай каражат жок».

«Алай» футбол клубунун дагы бир күйөрманы Марс Карабаев клубдагы пикир келишпестиктер жана жетекчиликтин чабал иши команданын оюнуна таасир этип жатканын айтты:

«Мен «Алай» клубу менен чоңойдум. Азыр жашым 50гө жакындап калды. Оюндун сапаты жок. Эң жакшы деген оюнчулар Мирбек Акматалиев, Миралим Ахмедов, Акрам Умаров дегендер «Алайдан» кетип калышты. Азыркы машыктыруучу Бакыт Маматов тажрыйбасы жок. Аны кетсин дебейм, бирок клубга азыр тажрыйбалуу машыктыруучу керек. Вице-президент Сейит Аматов ал клубдун ишине кийлигишпеши керек элек. Ал жада калса бул оюнда ким ойной турганына чейин өзү чечип, кийлигишет экен. Бул менчик клуб эмес да. Ош шаарынын бюджетинен каржыланат. «Алай» командасына чоң акча бөлүнөт. Бул элдин акчасы».

«Алай» клубунун күйөрманы, журналист Бексултан Мамытов команда реформага муктаж экенин айтып, буларга токтолду:

Бексултан Мамытов.
Бексултан Мамытов.

«"Алай" - Кыргызстандагы гранд клубдардын бири. Акыркы эки жылда мурдагы өзүнүн топ деңгээлиндегидей ойной албай жатат. Бул жерде биз машыктыруучулар штабын, вице-президентти жана жетекчиликти түздөн-түз айыптасак болот. Европада команда ийгиликке жете албай жатса, машыктыруучусу кызматтан кетип же клубдун жетекчилик курамы алмашат. Ош шаарынын мэри «Алайдын» президенти болуп саналат. Анын өзүнүн жумушу көп болгондуктан, клубдун ишине кийлигишпейт деле. Буга чейин жетекчиликти алмаштыруу боюнча маселе көтөрүлгөндө ал «комиссия түзүлүп, иликтенет» деп айткан. Бирок комиссия түзүлгөнү менен вице-президентти же клубдун директорун алмаштыруу кыйын болору айтылып жатат. Анткени вице-президент Сейит Аматов өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсуповдун агасы болот. Бул жерде кландык жана тааныштык маселе да чечип коюшу мүмкүн деген сөздөр айтылууда. Кандай болгон күндө да клубдун жетекчиги же алмашышы керек, же күчтүү реформа жасалышы керек».

Буга чейин ырчы Бегиш да өзүнүн «Инстаграмдагы» баракчасында «Алай» тууралуу кайрылуу жасап, Ош мэриясын футбол клубуна көңүл бурууга чакырган.

«Алай» футбол клубу - муниципалдык клуб жана Ош мэриясынын бюджетинен каржыланат. Клубдун президенти болуп Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарбашов эсептелет. Андан кийинки вице-президенттик кызматты Сейит Аматов аркалайт. Клубдагы директорлук милдет Алмаз Сулаймановдун мойнунда.

Клубга Ош шаардык бюджетинен жыл сайын 19 миллион 500 миң сом бөлүнөт. Быйыл пандемияга карабай клубдун бюджети кыскартылган эмес.

Клубдун вице-президенти Сейит Аматов өзүнө карата айтылган билдирүүлөрдү куру доомат катары мүнөздөдү жана ал клубда вице-президенттик гана милдетин аткарып жатканын айтты:

«Мен футболдук командага он жылдан бери жардам берип жүрөм. Эч качан экинчи орундан төмөн түшкөн эмес. Футбол клубу менен футболдук команданын экөөнүн айырмасы такыр башка. Футболдук команда мэриянын карамагында. Футбол клубу - бул коомдук уюм. Жеке менчик уюм. Мен ошол клубда вице-президентмин. Менин «Алай» командасына эч кандай тиешем жок. Ал жерден айлык да албайм. Менин бир гана тиешем - «Алай» футбол клубунун чыныгы күйөрманы катары финансылык жардам берем. Окуу-машыгууларын уюштуруп, Түркияга алып барып, кайра алып келем. Жакшы оюн көрсөтүшсө, акчалай сыйлык тапшырам. Мени анын баарын кыл деп эч ким мажбурлабайт. Командага күйгөнүм үчүн ушул иштин баарын жасайм. Ал эми 10-июндан баштап мен командага барган жокмун. Жардам бергенди да токтоттум. «Бирөөлөр айтып жатат» дешет. Демек алар «Алайдын» душмандары. Эми ошол сүйлөгөндөр келип жардам берсин».

Буга чейин клубдун оюнчулары эки айдан бери айлык берилбей жатканына нааразы экенин айтып, 16-июнда Ош шаардык мэриясынын алдына чыгышкан.

Алар оюнчуларга шарт түзүп берүүнү, жетекчиликти иштен алууну жана пандемия шартына карабай, айлык төлөп берүүнү талап кылышкан. Мэрия өкүлдөрү бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, иликтенерин билдирген.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров комиссиянын иши боюнча буларды айтты:

Азамат Абсаттаров.
Азамат Абсаттаров.

«Буга чейин футболчулар нааразылык билдирип чыгышкан. Анда алар мэр менен жолугуп эки маселени айтышкан. Биринчиси - айлык маселеси болсо, экинчиси - жетекчиликти алмаштырып берүүнү суранышкан. Ал боюнча комиссия түзүлүп, маянасы тез аранын ичинде чечилип берилген. Мурдагы вице-мэр Нурбек Кадыровдун тушунда комиссия түзүлүп, ишти карап маянасы менен эле иш жабылып калган экен. Жетекчилик боюнча маселе каралбай калыптыр. Ага коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө абал курчуп кеткени себеп болгон. Эми ошол эле комиссия бул маселени кайрадан карап чыгат».

Кыргызстандын Спорт журналисттер федерациясынын мүчөсү Базарбек Абдураимов клубдун жетекчилиги күйөрмандардын пикирин эске алышы керек деп эсептейт.

«"Алай" футбол клубун Ош мэриясы каржылайт, - деди ал. - Ош шаарынын тургундарынын клубдун жетекчилигине талап коюп чыкканы туура. Анткени алар салык төлөйт жана ошол шаарда жашайт. Мындан улам күйөрман же жаран катары да талап коюуга моралдык укугу бар. Албетте, алар команданын ишине түздөн-түз кийлигише албайт. Бирок алардын кайрылуусу клубдун жетекчилиги үчүн коңгуроо. Командага өзгөрүү керек экенин күйөрмандардын талабынан түшүнсө болот. Мындан туура чечим чыгарыш керек. Дагы кошумчалай кетсем, эгемендик алгандан бери биздин футболдо мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жатат. Демек, биздин футбол күйөрмандарыбыз жаңы бир тепкичке көтөрүлгөнүн, дүйнөлүк футбол менен салыштырып, ага умтулуп жатканын байкаса болот».

Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу футбол боюнча өлкө чемпионаты (премьер-лига) 7-августа жанданып, учурда мелдештер көрүүчүлөрсүз өтүп жатат. 10-турдун жыйынтыгы менен «Алай» футбол клубу сегиз команданын ичинен 5-орунда келе жатат.

Команда 10 оюн өткөрүп 14 упай топтогон. Жадыбалдын сап башында турган «Дордой» командасынан сегиз упай артта калган.

«Алай» футбол клубу 1960-жылы негизделген. СССР чемпиондугунун экинчи лигасынын 7-8-5-6-бөлүгүндө ойногон. Өлкө эгемендик алгандан бери Кыргызстандын жогорку лигасында ойноп, төрт жолу (2013, 2015, 2016, 2017-жылдары) чемпиондук наамды утуп алган. 2013-жылы Кыргызстандын кубогун, 2017-2018-жылдары катары менен супер кубокту жеңген.

XS
SM
MD
LG