Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Пандемия футболдук беттештерди өзгөрттү

Кыргызстандын Футбол бирикмеси 7-августта, дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин футбол боюнча өлкө чемпионатын жандантты. Коронавирус инфекциясынын таралышынын алдын алуу максатында оюндар санитардык эрежелерди сактоо менен өтүп жатат.

Пандемия футболдук мелдештерди өткөрүү эрежесине да өзгөртүү киргизди. Ушундан улам стадиондо бош турган орундуктарды, беткап кийген машыктыруучуларды жана социалдык аралыкты сактап сүрөткө түшкөн футболчуларды көрүүгө болот.

Кыргыз премьер-лигасында сегиз клуб ойнойт. Алар - «Дордой», «Алга», «Алай», «Нефтчи», «Илбирс», «Каганат», «Кара-Балта» жана «Абдыш-Ата» клубдары.

16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG