Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Ош мэриясы: «Алай» футбол клубунун оюнчуларына маяна берилди


«Алай» футбол клубунун оюнчулары. 15-сентябрь, 2019-жыл.
«Алай» футбол клубунун оюнчулары. 15-сентябрь, 2019-жыл.

Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун оюнчуларына айлык берилип, футболчулар машыгууларына чыга башташты. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыкка» билдирди.

«Бүгүнкү күндө футболчулардын айлыгы толук төлөнүп берилди жана мындан ары да өз убагында берилип турат. Андан сырткары, футболчулар жашаган жерге шарт түзүлөт. Ал эми жетекчилик маселеси комиссия иликтеп чыккандан кийин чечилет», - деди Азамат Абсаттаров.

Буга чейин «Алай» футбол клубунун оюнчулары эки айдан бери айлык албай жатканын жана клубдун жетекчилигинин ишине нааразы экенин айтып, Ош шаардык мэриясынын алдына чогулушкан. Футболчулар оюнчуларга шарт түзүп берүүнү, клубдун жетекчилигин иштен алууну суранып, Ош шаарынын мэрине кайрылышкан. Оюнчулар маянасын толук алмайынча машыгууга чыкпай турганын билдиришкен.

«Алай» футбол клубу - Кыргызстандын төрт жолку чемпиону жана Кыргыз премьер-лигасындагы алдыңкы клубдардын бири. Клуб Ош мэриясынын карамагында. Ага шаардык бюджеттен жыл сайын 19 миллион 500 миң сом бөлүнүп келген. Мэрия пандемия учурунда клубдун бюджети кыскартылбаганын билдирген.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган. Бул учур Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасынын 1-турунун оюндары жаңыдан гана башталган мезгилге туш келген. Дээрлик үч айдай тыныгуудан кийин гана футбол клубдары 8-июндан тартып окуу-машыгууга уруксат алышты. Чемпионаттын оюндары качан жанданары азырынча белгисиз. (GT)

XS
SM
MD
LG