Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Дүйнөдөгү эң кымбат футболчу айым


Пернилле Хардер.
Пернилле Хардер.

Даниялык футболчу айым Пернилле Хардер «Челси» кыз-келиндер футбол клубу менен келишим түздү. Анын германиялык «Вольфсбург» клубунан англиялык «Челсиге» өтүшү 350 миң еврого бааланган жана бул футбол тарыхындагы аялдар арасындагы эң кымбат трансфер болуп калды.

27 жаштагы чабуулчу Пернилле Хардер «Челси» футбол клубу менен үч жылга келишим түздү жана ал жаңы командада 23-номерде ойнойт.

Буга чейин футболчу үч жыл катары менен Германиянын Бундес лигасында ойногон «Вольфсбург» клубунун намысын талашкан.

«Ушундай чоң клубдун катарына кошулганыма абдан кубанычтамын жана клубдун футболкасын кийип майданга чыгууну чыдамсыздык менен күтүп жатам», - деп жазды Хардер өзүнүн «Инстаграмдагы» баракчасына.

Футболчу айымдын «Челси» футбол клубуна өткөнү 350 миң еврого бааланган жана ал аялдар футболунун тарыхындагы эң кымбат футболчу болуп калды.

Пернилле Хардер деген ким?

Эми футболчу айымдын тек-жайына токтолсок. Пернилле Хардер 27 жашта. Ал 1992-жылы Даниянын Икаст шаарында төрөлгөн. Беш жашынан баштап футбол менен машыгып келет. Даниянын 17 жашка чейинки кыздар арасындагы улуттук курама командасына 2007-жылы чакырылган.

2009-жылдан бери Даниянын кыз-келиндер улуттук курама командасынын катарында мелдештерге катышып келет жана 118 беттеште 61 гол киргизгенге жетишкен.

Хардер (жашыл кийимчен) оюн учурунда. Кыз-келиндер футболунун Чемпиондор лигасынын финалындагы франциялык «Олимпик Лион» менен германиялык «Вольфсбургдун» беттеши. Украина. 24-май, 2018-жыл.
Хардер (жашыл кийимчен) оюн учурунда. Кыз-келиндер футболунун Чемпиондор лигасынын финалындагы франциялык «Олимпик Лион» менен германиялык «Вольфсбургдун» беттеши. Украина. 24-май, 2018-жыл.

Хардер футболдук карьерасын 2007-жылы даниялык «Виборг» клубунан баштап, андан соң «Сковбаккен», швециялык «Линкорингс» командаларында ойноп, 2017-жылы германиялык «Вольфсбургдун» катарына өткөн. Бул сезондон баштап лондондук «Челсинин» намысын талашат.

«Ал абдан таланттуу оюнчу жана өз оюну менен команданы алдыга сүрөй алат. Хардер өзү каалаган клубда ойной турган кыз. Бирок ал бизди тандады», - деп айткан «Челси» кыз-келиндер футбол клубунун башкы машыктыруучусу Эмма Хейс журналисттер менен болгон маегинде.

Хардер дүйнөдөгү мыкты футболчу кыздардын бири. Ал 2018-жылы Европа футбол ассоциациясынын тандоосу менен «Жылдын мыкты футболчу айымы» наамын алган.

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын мүчөсү Айдана Оторбаева акыркы жылдары футболчу айымдар да мырзалардан кем калбай ийгиликке жетип жатканына токтолду.

Айдана Оторбаева.
Айдана Оторбаева.

«Менин оюмча бул абдан ийгиликтүү келишим. Ал спорттук кийимдерди чыгарган компанияны жарнамалайт жана мыкты голдорду киргизип, ийгиликке жетүүдө. Акыркы жылдары футболчу кыздар да өздөрүнө татыктуу маяна ала баштаганы абдан сүйүндүрөт. Албетте, Месси, Роналду жана башка атактуу футболчуларга салыштырмалуу өтө аз. Ошентсе да жылыш бар. Мындай маяна жана өнөр акы ар бир футболчу кыз үчүн чоң жетишкендик жана футбол менен машыгып, өзүңдүн тажрыйбаңды өстүрүүгө жардам берет. Анткени сен кыздар футболу менен алектенсең, футболдон сырткары иштегенге туура келет».

Оторбаева Хардердин ийгилиги футболго кызыккан миллиондогон кыздарды шыктандыра турганын кошумчалады.

Ошентип «Челси» кыз-келиндер футбол клубу Хардер менен келишим түзүп, Европадагы карьерасы гүлдөп турган эң мыкты футболчу кызга ээ болду.

Бул клубдун Англия чемпионатында гана эмес Европанын чемпиондугун утууга белсенип жатканынан кабар берет.

XS
SM
MD
LG