Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Дин тутуу эркиндиги толук камсыздала элек


Диндер аралык ымаланы бекемдөө максатындагы көчөт отургузуу иш-чарасы. Бишкек, 2018-жыл.
Диндер аралык ымаланы бекемдөө максатындагы көчөт отургузуу иш-чарасы. Бишкек, 2018-жыл.

Бишкекте диндер аралык тилектештикке арналган жыйында дүйнөбий мамлекет принциптерин сактоо, динчил чөйрөнүн укуктарын урматтоо сыяктуу чакырыктар айтылды.

Бишкекте 26-ноябрда “Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте: конфессиялар аралык кызматташтыктын тажрыйбасы” аттуу төртүнчү эл аралык конференция өтүп, ал диний ымала-катышты бекемдөөгө арналды.

Диний ымала-катышты бекемдөөгө арналган конференция Кыргызстандын Баш мыйзамынан "дүйнөбий мамлекет” деген түшүнүктү алып салуу сунушу коомчулукта кызуу талкууланып жаткан учурда уюштурулду.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы жетекчиси Акин Токталиевдин ушул өңүттөгү сөзү бир апта мурун Интернет айдыңында кызуу талкууга түшкөн. Ал мындай пикирин өлкөдө диний ишенимдеги кишилер көптүгү менен негиздеген.

Конференцияда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун иш-чаранын катышуучуларына жолдогон кайрылуусу окулду.

Анда Мамытов бүгүнкү күндө эгемен Кыргызстан дүйнөбий өлкө экенин белгилеп, бир дагы дин мамлекетке баш ийбестигин же карманууга милдеттүү деп таанылбай турганын, себеби дин тутуу эркиндиги Конституция менен кепилденгенин айткан.


Сөзгө чыккандардын дээрлик баары – мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана түрдүү диний конфессиялардын өкүлдөрү мамлекеттин дүйнөбий концепциясын жактап сүйлөштү.

Максатбек ажы Токтомушевдин жыйында сүйлөгөн учуру.
Максатбек ажы Токтомушевдин жыйында сүйлөгөн учуру.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев конфессияларды бекем кызматташтыкта ишмердик жүргүзүүгө чакырган баяндамасынан соң “Азаттыктын” дүйнөбий мамлекет принциптерине байланыштуу суроосуна жооп берди:

“Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы саясатка аралашпайт. Биз мыйзамга баш ийүүнү үйрөнгөнбүз, баш ийүү менен кетсек жакшы. Айрымдар динди саясатка тартып, аралаштырып жибериши мүмкүн деген коркунуч бар. Бизге эң негизгиси – дин тутуу эркиндиги камсыздалса болду”.

Европадагы коопсуздук жана келишим кюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс конференцияны түрдүү диний конфессиялардын өкүлдөрүнүн башын бириктирген платформа деп атап, алардын баарынын көз карашы дүйнөбий принциптерге багытталганын кубаттады:

Пьер фон Аркстын жыйында сүйлөгөн учуру.
Пьер фон Аркстын жыйында сүйлөгөн учуру.

“Мен Кыргызстанда диндер аралык диалогдун курулушуна күбө болгонума кубанычтамын. Ушул максатта Кыргызстандын 17 ар кандай диний уюмдарынын өкүлү болгон Конфессиялар аралык кеңешинин түзүлүшү мамлекеттин, калктын жана диний жамааттардын конструктивдүү кызматташтыгын чыңдоо жолундагы маанилүү этап болуп саналат”.

Пьер фон Аркс айткан Конфессиялар аралык кеңеш Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен кызматташат.


Конференцияга катышкан адистер Кыргызстанда мыйзамдардын сакталышына жана дин тутуу эркиндигинин камсыздалышына учурдагы укуктук-ченемдик документтер толук шарт түзөрүн белгилешти. Ошол эле учурда диний кырдаалды чыңалтпоо үчүн конфессиялар аралык тилектештик, адам укуктарын урматоо маанилүү экенине токтолушту.

Дин иштери боюнча комиссиянын Талдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаевага "Кыргызстандагы түрдүү дин өкүлдөрүнүн өз ара ымаласынын реалдуу көрүнүшү кандай?" деген суроо узаттык.

Гүлназ Исаева
Гүлназ Исаева

Анын белгилешинче, диндер аралык кызматташуу жогорку деңгээлде эмес, бирок тилектештик аянтчасы түзүлгөн. 2017-жылдан бери бардык аймактарда диндер аралык форумдар уюштурулуп, азыр абал жакшырып барууда.

“Биздин байкашыбызча, диний уюмдар бири-бирин жакшы таанышпайт, мындан улам бири-биринен кооптонгон абал калыптанган. Аларды бириктирген иш-чаралар мурда аз болгон. Карым-катышты жандантуу аракетин баштагандан бери өз ара тилектештик пайда болду”,- деди Исаева.

Жалпы кызыкчылыктарды издөө эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кеңешбек Сайназаров өлкөнүн Конституциясы, мыйзамдары диний эркиндикке толук шарт түзгөнү менен чечилбей турган маселелер бар экенин белгиледи:

Кеңешбек Сайназаров
Кеңешбек Сайназаров

“Бир эле мисалды айтайын, башка динге өткөн маркумду жерге берүүдө канчалык талаш-тартыш жүрүп жатат, бирок ошону калыпка салган улуттук деңгээлдеги токтомбу же башка бир документ кабыл алынган жок. Баары жергиликтүү деңгээлде калып кетүүдө”.


Сайназаров диний көп түрдүүлүктү, дин тутуу эркиндигин билим берүү аркылуу элге сиңирүү да толук жолго коюла электигин кошумчалады. Ошол эле учурда динге тиешеси жок көйгөйлөрдү да кээде динге байлап салган учурлар кездешип жатканын айтты.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан эгемендик алган 1990-жылдардын башында ислам, орус православ чиркөөсү, христиан адвентисттери жана католиктер эле болсо, учурда 30дан ашуун багыттагы ар кандай диний уюмдар жана үч миңден ашуун диний объектилер бар.

2016-2018-2019-жылдары өлкөдө адамдардын диний ишениминен улам мүрзөдөн жер бербей коюу сыяктуу окуялар катталган.

Бишкекте өткөн эл аралык конференцияны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ЕККУнун колдоосунда уюштурду.

XS
SM
MD
LG