Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Дин маданиятын окутуу создукту


Гүлназ Исаева.
Гүлназ Исаева.

Кыргызстанда «Дин маданиятынын тарыхы» сабагын мектептерге толук киргизүү 2020-2021-окуу жылында да ишке ашпады.

Буга чейин алтымышка жакын мектепте үч ирет сыноо мөөнөтүндө окутулган предметти толук жайылтууда кандай маселелер бар?

“Азаттыктын” "Биз жана дин" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын ушул темага арнайбыз. Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Гүлназ Исаева талкуулашты.

Канатбек Мурзахалилов: Үч жылдан бери Кыргызстандын жалпы билим берүүчү 56 мектепте “Дүйнөлүк диндердин маданияты” предмети сыноо иретинде окуу программасына киргизилип, сабактар окутулуп жатат. Быйылкы жылдын сентябрь айынан баштап аталган предметти бардык мектептерге киргизүү пландалган эле. Азыркы учурда бул сабакты мектептерге толук киргизүүгө жетишилдиби?

Гүлназ Исаева: “Дүйнөлүк диндердин маданияты” аттуу сабак мектептерге 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу алкагында киргизилген. Мектептерде бул сабакты окутуу пилоттук негизде 2015-жылы эле башталган. Андан соң, үч жылдан бери окуу куралдарды жана мугалимдерди даярдоо менен 56 мектепте окутулуп келе жатат. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу программасына киргизилген. Дин иштери боюнча комиссия буга жардам берип, көмөк көрсөтүп келет. Учурда өлкө боюнча бардык мектептерге аталган предмет киргизиле элек. Себеби, бардык мугалимдер кайра даярдоодон өтүшү керек эле. Тилекке каршы, пандемия шартына байланыштуу сабак мектептерге киргизилбей калды. Экинчи себеби - окуу куралы боюнча. Китеп жазылды. Бирок китеп даяр болгондон кийин Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп, ал жерден дагы комиссиядан өтүп, андан соң аны басып чыгаруу боюнча тендер жарыяланышы керек деген шарттар бар экен. Пандемия учурунда типографиялар жабык болуп, китеп чыгарылбай калды.

Дин маданиятын окутуу создукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:37 0:00
Түз линк

Канатбек Мурзахалилов: Предметтин мектеп программасына кирбей калуусунун эң эле негизги себеби пандемияга эле байланыштуу деп айттыңыз. Китеп жазылды, окуу усулдук программалар иштелип чыкты. Бирок методикалык колдонмолор толук кандуу иштелип чыккан эмес деген пикирлер эксперттик чөйрөдө айтылып жүрөт. Дале болсо өлкө боюнча бул сабак жалпы мектептерге толук түрдө качан кирет, аны кимдер окутат деген суроо ачык бойдон турат. Сиздин жоопту уксак.

Гүлназ Исаева: Сиз айткан окуу куралы боюнча айтылган сын-пикирлерге токтоло кетсем. Негизи өтүлө турган сабак боюнча балдарга окуу китеби, мугалимдерге методикалык колдонмолор, электрондук китепче даярдоо деп, үч баскычтуу система каралган. Балдарга арналган окуу китебине 2015-жылы долбоор жазылып, китеп даярдалган. Андан соң китепке карата дин таануучулардын, теологдордун пикирлери айтылган. Автордук топ материалдарды топтоп, берилген сын-пикирлердин негизинде окуу куралын кайрадан иштеп чыгышкан. Кийин өлкөдөгү жогорку окуу жайларындагы “Дин таануу” боюнча атайын кафедраларга, диний уюмдарга да да жөнөтүлгөн. Ал жактан китепке сын-пикирлер түшкөн. Анын негизинде дагы кайра иштелип чыкты. Китеп абдан көп кароодон өттү. Автордук топ китептин акыркы вариантын ушул жылдын башында кайрадан иштеп бүтүштү. Мен оюмча, китепти кайрадан талкууга койсок, буга чейинки сын-пикирлерге карабай кайрадан талкууга түшөт.

Канатбек Мурзахалилов: Эми сабакты кимдер окутат?

Гүлназ Исаева: Бул сабакты кимдер окутары боюнча 56 мектепке киргизилгенден бери эле кайчылаш пикирлер жаралып келет. Бир тарап биздеги теологиялык факультеттердин бүтүрүүчүлөрүнө басым жасайт. Бирок теологиялык факультеттерде көбүнчө ислам багыты боюнча окутуу басымдуу болгондуктан предмет бир тараптуу болуп калат деген пикирлер бизге келип түшкөн. Учурда мектептерде окутулуп жаткан “Дүйнөлүк диндердин маданияты” маалыматтык түрдө, нейтралдуу дин таануучулуктун негизинде болгондуктан, тарых мугалимдери кайра даярдоодон өтүп, сабак берип жатышат. Бирок пилоттун жыйынтыгы боюнча тарых мугалимдерине жалпы дин, дин таануу боюнча маалыматтар дагы толук керек экени билинип калды. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү Мугалимдерди кайра даярдоо институту менен Илимдер академиясы биргеликте иштеп жатышат.

Канатбек Мурзахалилов: Дин концепциясын алкагынан алсак, быйылкы окуу жылында “Дүйнөлүк диндердин маданияты” сабагы мектептерге кириш керек эле. Мугалимдер даярдалып жатса, китеп бүтсө, эми ал мектептерге качан киргизилет?

Гүлназ Исаева: Кийинки окуу жылына үлгүрөбүз деп ойлойм. Бизди кармап жаткан эң негизги нерсе - бул китеп болчу. Китеп даяр болуп, комиссияга берилгенден кийин жеткиликтүү иш болду. Ал эми мугалимдерди кийинки окуу жылына даярдоого убакыт жетиштүү.

Канатбек Мурзахалилов: Дин комиссиясы тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасында диний билим берүүгө болгон укукту ишке ашыруунун тартиби жөнүндө” жобо биз билгенден бир жылдан ашуун убакыттан бери өкмөттүн кароосунда. Өзү бул документти кабыл алууга эмне тоскоолдук болууда?

Гүлназ Исаева: Бул жободо шарттуу түрдө коюлган талаптар бар. Диний билим берүүчү окуу жайлар ар кандай баскычтарга бөлүнгөн. Аларга техникалык талаптар коюлган. Окуу жараянын көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын ортосундагы кароо механизми, башка мыйзамдарга каршы жерлери сыяктуу мүчүлүштүктөрдү жакшыртуу маселеси турат.

Канатбек Мурзахалилов: Анда жобону Дин иштери боюнча комиссиясы менен Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы пикир келишпестиктен улам кабыл алынбай турат деген бүтүмгө келсек болобу?

Гүлназ Исаева: Жок, пикир келишпестик деп айтуудан алысмын. Эмне үчүн? Билим берүү министрлиги менен бул багытта бир канча жолу талкуу болду. Анын натыйжасында макулдашылган жобо. Бирок, өкмөттүн аппаратында болсо жобо ишке киргизилген соң, кайрадан бир кыйынчылыктар жаралбайбы деген суроо болуп жатат. Кайсы бир беренелер же коюлган талаптар кантип ишке ашырылат деген сыяктуу маселелерди толук кандуу чечип алалы деген сунуштар айтылган.

Канатбек Мурзахалилов: Бир жылдан бери ушул маселелер чечилбей жатабы?

Гүлназ Исаева: Бул суроолордун алкагында укуктук маселелер көп экен. Жобо менен бирге кээ бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр дагы киргизилиши керек. Мисалы, окуу жайларына министрлик тараптан берилүүчү лицензияга. Ошол себептен бул жобону кабыл алып эле койсо, анда ал толук бойдон ишке кирип кетпейт.

Канатбек Мурзахалилов: Бир айдан кийин 2014-жылы кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын мөөнөтү бүтөт. Концепцияны ишке ашыруунун планында көрсөтүлгөн динге тиешелүү маселелерди камтыган укуктук жана мыйзамдык жагы кандай өркүндөтүлдү? Диний билим берүүнү реформалоо, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жакшыртуу үчүн кандай конкреттүү жумуштар аткарылды?

Гүлназ Исаева: Бул концепция 100% ишке ашырылды деп айтууга болбойт. Бир катар иштер аткарылды. Сиз белгилеп кеткендей концепциянын бирден бир багыты дин чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүү жана жакшыртуу болчу. Азыркы учурда иштеп жаткан “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү керек эле. Тээ эгемендиктин башынан бери коомдо маркумду жерге берүүдөгү динге тиешелүү маселелер менен диний объектилерди курууну тартиптештирүү дагы талкууланып келет. Жогоруда айткан диний билим берүүдөгү көйгөй дагы өзгөчө орунду ээлейт.

Ушул төрт көйгөйдүн негизинде тиешелүү мыйзамдык, укуктук–ченемдик документтердин долбоорлору иштелип чыкты. Тилекке каршы, концепциянын иштөө мөөнөтү декабрда аяктайт. Ал эми төрт долбоор тең бекитиле элек. Эми долбоорлор иштелип чыкты, коомдук талкуудан өттү. Бул да болсо кандайдыр бир жыйынтык. Бирок алар кабыл алына элек. Ошондуктан, иштелип чыккан долбоорлордун бекитилиши жана ишке ашырылышы үчүн мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү мамилелерин жакшыртууга багытталган жаңы концепция иштелип, коомдук талкуулардан өткөрүлүп жатат.

Молдалиев: Саясат менен динди аралаштыруу өтө опурталдуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:34 0:00

XS
SM
MD
LG