Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

«Ислам аялдын мураска болгон укугун танбайт»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Биз жана дин" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында мураскорлук жана аялдардын мураска болгон укугу, бул укуктун мыйзам менен байланышы тууралуу сөз кылабыз.

Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Пакистандын Райванд шаарындагы “Медресе Арабия” диний окуу жайынын шарият факультетинин бүтүрүүчүсү, Бишкектеги «Нуурул Харамайн» мечитинин имамы Юсуп ажы Сайпиев талкуулашты.

Канатбек Мурзахалилов: Мурас илими деген эмне? Мураска ислам диниин негиздери болгон шарият, Куран, хадистер кандай карайт?

Юсуп ажы Сайпиев: “Мурас” араб тилинен келген түшүнүк, “кийинки муунга калтырылган нерсе” дегенди билдирет. Бул сөздүн бир нече мааниси бар. Алсак, тарыхый мурастарга Таш-Рабат, Сулайман-Тоо, Өзгөн мунарасы сыяктуу жайлар кирет.

Маданий мурастар - тилибиз, макал-лакаптар, ыр-күүлөр, боз үй сыяктуу баалуулуктар.

Юсуп ажы Сайпиев.
Юсуп ажы Сайпиев.

Биз бүгүн мүлк мурасы жөнүндө кеп кылабыз. Киши каза болгондо, анын артында калган жакындары өзүнүн үлүшүн кантип энчилеп алышы керектигин шариятта мурас илими аныктайт.

Киши ааламдан өтсө, анын кыздары, аялы, апасы, эже-карындаштары, чоң энеси, таенеси маркумдун мал-мүлкүнөн өзүнүн үлүшүн алууга укуктуу.

Эркек үйлөнгөндө, аялына калың берет. Аялдар өзү иштеп тапкан акча, мээнети, маңдай тери менен тапкан каражаты өзүнүн мүлкү болот, анын бул укугун шарият коргойт.

Аялзатынын укугун сактоо үчүн Жараткан мурас илимин түшүрдү. Бул жөнүндө “Ниса” (“Аялдар”) сүрөөсүндө, 11-аятта мындай деп айтылат: “Алла Таала балдарыңар жөнүндө осуят кылат. Эркек балага берилген үлүштүн жарымы кыз балага тийсин”. Мындайча айтканда, кыздар элүү пайыз алса, эркек балдар жүз пайыз алат. Мунун да өзүнүн даанышмандыгы бар.

Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам: “Мурас илимин үйрөнгүлө. Себеби бул жарым илим”, - дейт. Мында мураскерлердин укугу каралат. Исламда, шариятта бир тирүү мусулмандын мал-мүлкү башка адамдарга арам. Аны туура эмес жол менен алдап, уурдап, кол салып тартып алууга, кыскасы, ошол адамдын ыраазычылыгысыз, уруксатысыз мал-мүлкүн алууга тыюу салынат.

Канатбек Мурзахалилов: Учурда Кыргызстанда мурас бөлүштүрүү жаатында кандай иш-аракеттер көрүлүп жатат?

Юсуп ажы Сайпиев: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында, өлкөнүн диний чөйрөсүндө мурас илими мурдатан эски китептерде окутулуп, айтылып келген. Бирок совет доорунда бул багыттагы окутуу токтоп калган. Мурас бөлүштүрүлүп келсе да, мурас илими көтөрүлгөн жок.

2005-жылдан бери адистигим мурас илими болгондуктан, ушул маселе боюнча алектенип келем. Бул боюнча өзүмдүн программам бар. Буюрса, медреселерди, ислам институттарын аяктаган жаштарга атайын академия ачып, мурас илимин жайылтууга далалат кылып жатабыз. Кыргыз жеринде ар бир маркумдан калган мал-мүлк мураскерлерине татыктуу, так жана адилеттүү толук бөлүнүшү үчүн аракеттенип келебиз.

Мураскерлер он экиге бөлүнөт. Алардын баары эле мурас албайт. Эң жакыны мураска ээ болот. Мисалы, балдары турганда бир туугандары, апасы турганда таенеси, атасы турганда чоң атасы албайт. Мына ушундай мураскерлер чогулуп келип, бизден фатва (чечим) сурайт. Биз анын мал-мүлкүн бөлүп беребиз.

Бирок муфтияттын же жеке мен айткан фатванын эч кандай юридикалык күчү жок. Мындайча айтканда, биз ушинтип айтып, шарият боюнча бөлүп берип койсок, бирок документтери башка бирөөнүн колуна өтүп кеткен же мал-мүлкү жарымы аялында, жарымы баласында калып кеткен болсо, талаш юридикалык жактан башкача чечилет. Укуктук жактан мунун баарын документтердин негизинде мамлекеттик органдар, сот тактап бериши керек болот.


Канатбек Мурзахалилов: Чындыгын айтканда, мурас илими боюнча калктын басымдуу көпчүлүгүнүн түшүнүгү жокко эсе. Муну муфтият кандай формада жайылтса болот деп эсептейсиз? Мурасты шарият боюнча бөлүштүрүүнү жактырбагандар да болушу мүмкүнбү?

Юсуп ажы Сайпиев: Ооба, туура айтасыз. Мурас илими боюнча биздин элде түшүнүк азыраак. Андыктан биз туура багыт берүүгө аракеттенип келебиз. Муфтият да бардык медреселерде, мечиттерде, кала берсе өлкө боюнча жылына бир жолу жума хутбасында мурас илими жөнүндө айтат. Ошондой эле диний сабактарда, жаназаларда бул жөнүндө айта бериш керек. Кээ бир түшүнбөгөн адамдар: “Ата-бабабыз өлгөн жерден жеп келген, мурасыңар кайдан чыга калды?”, - дешет. Айрым молдолор, медреселерде сабак берген устаттар да буга каршылык кылган учурлар жок эмес. Киши каза болгон күнү эттен, тамак-аштан тыйганыбызга алар каршы.

Сөөк көмүү, маркумдун карызын берүү, осуятын аткаруу, мураскорлоруна мурасын бөлүштүрүп берүү – мына ушул төрт милдет аткарылгандан кийин ар бир мураскордун колуна өз үлүшү, мисалы, он миң сом же он миң доллар тиет.

Сөөк көмүлгөндөн кийин үч күн өтүп, төртүнчү күн келди дейли. Мураскорлор ар кимиси өзүнүн үлүшүн акчалай түрдө бөлүп албаса да билди. Анан мураскор балдары, кыздары, аялы биригип, ортодон акча кошуп, элге аш берди, кайрымдуулук кылды, куран окутту. Мына ушул жол туура, адал, сооптуу болот.

Маркум өлгөн күнү эле мурасын, карызын тактабай, осуяттарын аткарбай, мурасын бөлүштүрбөй туруп дароо эле казан-аяк менен алек болуп, чоң буканы же чоң жылкыны союп жеп койгон шариятта жарабайт. Бирок ушул талаптарга каршы чыккандар бар. Элдин арасында ар түрдүү түшүнүктөр жок эмес.

Канатбек Мурзахалилов: Жакында эле Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши аш-тойлордогу, маркумду жерге берүүдөгү ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча өзүнүн кайрылуусун таратты. Бул багытта тийиштүү мамлекеттик органдар дагы иш жүргүзүп келет. Каза болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча бирдиктүү программа иштелип чыкса, мурас илиминин адиси катары сиз эмнелерди сунуш кылмаксыз?

Юсуп ажы Сайпиев: Аалымдар кеңешинин ысырапкорчулукту жоюуга арналган программасы, жоболору жана иш-аракеттери менен таанышмын. Мурас илиминин негиздерине таянып мен да өз сунуштарымды берем. Мисалы, сөөктү кантип сууга алуу, кантип көмүү керек деген суроолорго так жооп беришибиз керек.

Эң негизгиси, маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулуктан арылуу үчүн мурас илимине таянуу кажет. Андыктан бардык имамдарды мурас илими боюнча бир-эки айлык курстарга окутуу зарыл.

Кыргызда “чыккан кыз чийден тышкары” деп коёт. Шарият боюнча мурастоо эрежелеринде андай эмес – чыккан кыз да мурас алат. Күйөөгө тийип, неберелүү болгон кезинде атасы каза болсо да, ал мурас алганга укуктуу.

Бирок шариятта мурас киши каза болмоюнча бөлүштүрүлбөйт. Тирүү кишинин балдарына эмне берсе, баары белек болуп эсептелет. Бөлүп бергенден кийин киши бир канча жыл жашайбы, бир ай же бир саат жашайбы – баары бир, каза болгондон кийин гана канча мүлкү калган болсо, ошол мурас деп эсептелет. Ушуну айырмалап билип алуу керек.

Маекти толук аудиодон уга аласыз.

Мурас, дин жана мыйзам
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:38 0:00
Түз линк

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG