Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Арстанбап: күмбөздөн чыккан тиреш


Арстанбап ата күмбөзү.
Арстанбап ата күмбөзү.

Базар-Коргон районундагы Арстанбап ата күмбөзүн жабуу тууралуу жергиликтүү кеңештеги айрым депутаттардын демилгеси айылдыктардын тынчсыздануусун жаратты.

Демилгечилер «Күмбөздүн сыртында мал союуга болбойт» деген жазууларды да илип коюшту.

73 жаштагы Асылбек Атакозуев акыркы он бир жылдан бери Арстанбап ата мазарынын шайыгы болуп иштейт. Уникалдуу жаратылыш кооздугун көргөнү келген көпчүлүк туристтер күмбөзгө баш багып, зыярат кылып кетишет.

Шайык соңку күндөрү айрым адамдар анын ишине тоскоолдук жаратып жатканын айтып берди.

Асылбек Атакозуев
Асылбек Атакозуев

«Алар мага «сиз Алланын жолунда иш кылбай жатасыз» деп доомат коюп жатышат. «Келген адамдарга түшүндүрбөй, баары ширк болуп жатат. Эс алууга кетиңиз. Аялдарды киргизбеңиз, мал союлбашы керек» дешүүдө. Бул жерге сыйынууга да болбойт деп чыгышты. Мен ар бир келген адамга колдон келишимче түшүндүрүүгө аракет кылам. Алар менин жасап жаткан иштеримдин баарын ширк деп жатат. Бирок мен да бардык иштерди Алланын гана жолунда жасайм. Аялым менен тапкан акчабызды ушул жердин шартын жакшыртууга жумшадык».

Арстанбап ата күмбөзү зыяратчылардын ыйык жана касиеттүү деген жайына айланып калган. Ошондуктан күмбөзгө балалуу боло албай жаткандар да келип, чүрпө тилеп, зыярат кылышат. Жакынкы аймактын тургундары куран окутуп, балдарынын көкүлүн шайыкка кестиришет.

Курмандыкка атаган малды жана канаттууларды сойдурушат. Мындай ырым-жырымдар Арстанбапта илгертен бери калыптанып калган.

Арстанбап ата күмбөзүнүн кире беришине илинген жазуулар. 8-июль 2020-жыл.
Арстанбап ата күмбөзүнүн кире беришине илинген жазуулар. 8-июль 2020-жыл.

Соңку учурда күмбөздүн ишмердүүлүгүнүн айланасында эки ача пикир жаралып, аны караган шайыкты алмаштыруу демилгеси көтөрүлүп келаткан. Айрым жергиликтүү тургундар Арстанбап-Ата күмбөзүнө келген зыяратчыларды чектөөнү талап кылып чыгышты.

Арстанбап айылдык кеңешинин депутаты Абдумалик Муллажанов бул амалдардын баарын чоң күнөө деп эсептейт.

Абдумалик Муллажанов.
Абдумалик Муллажанов.

«Мындан бир топ жыл мурда арстанбаптык аксакалдар мага кайрылып, «сен ыймандуу, жакшы адамсың, бирок Арстанбап-Атанын күмбөзүнө кирип суранбайсың» дешти. Зыярат кылганы келген адамдар шайыкка балдарынын көкүлүн алдырып, балалуу болсом деп сурап кетишет экен. Балалуу болгондо «Арстанбап ата бизге бала берди» деп, ушул жерде мал союшат экен.

Бул кабырдын ичинде адамдын сөөгү жатат. Биз бул адамдын тарыхын билебиз, жакшы адам катары тааныйбыз. Бирок кабырдан тирилип келсе да, Арстанбап ата адамдарга жакшылык кыла албайт деп ойлойм. Бул эле эмес, пайгамбарлар да бирөөгө уул бере албайт. Бир гана Алла-Таала берет. Ошондуктан башка бирөөдөн сурануу, ага атап мал союу ширк болуп саналат. Бул өтө чоң күнөө катары эсептелет. Биз да ширк амалын жасап жаткан адамдарды көрүп, айтпасак күнөөлүү болуп калабыз.

Айрым адамдар ажылыкка барарда ушул жерге зыярат кылып кетет. Анда алардын ажылыгы да кабыл болбойт. Ошондуктан биринчи кадамыбызды ширк амалдарын токтотууга багыттадык. Бүтүн мусулман эли, силерден суранабыз, бул жерге мал алып келип сойбогула, балдарды жана аялдарды бул жерге алып келбегиле».

Бул жердин Арстанбап деп аталып калганы боюнча эл оозунда ар кандай уламыштар айтылып жүрөт. Алардын биринде Мухаммед пайгамбардын мезгилинде ушул аймакта Арстанбап аттуу олуя жашаганы, ал көктөн түшкөн касиеттүү данекти ушул тоолорго айдап, жыш жаңгак токойго айлантканы айтылат.

Арстанбап-Ата күмбөзүнүн курулушу 16-18 кылымдарга таандык. Күмбөз 1975-жылы кайрадан курулуп оңдолгон. Бир топ жыл мурда анын жанына эс алуу жайлары курулуп, бардык тарабы жакшыртылган.

6-июлда бул маселе Арстанбап айылдык кеңешинин сессиясында көтөрүлүп, жыйынтык чыккан жок. Айыл өкмөт башчысынын орун басары Барпы Кыпчаков демилгечилердин аракетине жергиликтүү бийлик кийлигишпегенин билдирди.

Барпы Кыпчаков.
Барпы Кыпчаков.

«Бул маселеге жергиликтүү бийлик аралашкан жок. Айрым адамдар гана демилге көтөрүп, ошол жерди алмаштыралы деп жатышат. Айылдык кеңештин сессиясында да бул маселе көтөрүлүп, шайыкты кетирүү боюнча айтышыптыр, бирок бир жыйынтыкка келе алышпаптыр. Күмбөздү караган шайык айыл өкмөтү тарабынан оозеки дайындалган. 2014-жылы жергиликтүү бийлик жана ошол кишинин салымы менен эс алуу жайларын курганбыз. Адамдар көкүл алдырып, мал союп, эс алып кетишет. Азырынча биз тараптан шайыкты кетирүү боюнча маселе жок. Алдыдагы күндөрү шайык менен сүйлөшүп, аракет көрөбүз».

Арстанбап айылындагы мечит.
Арстанбап айылындагы мечит.

Арстанбап-Ата күмбөзү жана анын айланасындагы эс алуу жайлары муниципалдык менчикте турат. Демилгечилер аны айылдагы мечиттин карамагына өткөрүп берүүнү талап кылышууда. Аймактагы «Арстанбап-Ата» жума мечитинин имамы Раимжан Мамажанов буларга токтолду:

«Тарыхта Арстанбап ата олуя жана улук зат болгон деп айтылат. Бул Куранда айтылган эмес, болгону риваят кылынган. Анын канчалык акыйкаттыгын бир гана Алла-Таала билет. Мазардын шайыгынын сөөктөрдү көрсөтүп, бала сурап келгендерге берилчү көкүлдөрдү айтып телеге чыккан интервьюсу бизди илимсиз катары көрсөтүп, коомчулукка уят кылды. Арстанбаптыктар арасында ошол видеого нааразы болгондор чыгып жатат. Ошол себептен биз мазарга илимдүү, билимдүү адамды коёлу деп турабыз. Түшүндүрүү иштерин алып барып, китептерде жазылган нерселерди айтып берсин. Профессор, илимдин докторлору сыяктуу эле илими бар, күчтүү аалымдар шайык деп айтылат. Мазарды караган кишини шайык деп атоо да туура эмес».

Жаңгак зарлуу токой арасындагы Арстанбап айылында 22 миңден ашык адам жашайт. Аймакта кыргыз, өзбек, тажик, орус, немис жана башка улуттардын өкүлдөрү да бар. Жыл сайын жаратылыш кооздугун көргөнү аймакка 100 миңден ашуун эс алуучу келет.

Жергиликтүү активисттердин бири Муратбек Мамадалиев Арстанбаптагы тарыхый жерлерди туристтер үчүн иштетиш керек дейт.

«Арстанбап аймагы - Кыргызстандагы белгилүү туристтик жайлардын бири. Көпчүлүк эс алуучулар Арстанбап атанын мазарын көргөнү, зыярат кылганы келишет. Талаштуу маселеде башка да кызыкчылыктар бар. Бул жерге көп адамдар келип кетишет. Шайыкты кетсин дегени, ага түшкөн акчага кызыгып жатышы мүмкүн. Ошол эле учурда ширк амалдарына каршы да аракет көрүлүп жаткандыр. Мен жергиликтүү бийликке бул багытта өз сунушумду бердим. Арстанбапта бир топ археологиялык табылгалар, тарыхый жерлер бар, баарын ушул күмбөздүн айланасында бириктириш керек».

Айрым жергиликтүүлөр күмбөздү жабуу демилгесин башка диний уюмдагы адамдар көтөрүп жатканын айтышат. Бирок демилгечилер аларды четке кагышты. 2016-жылы Арстанбаптагы бир топ үйлөрдү укук коргоо органдары тинтүүгө алып, диний адабияттарды тапкан. Расмий маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облусунун аймагында 550гө чукул киши диний экстремисттик уюмдарга мүчө катары каттоого алынган. Алардын кыркка жакыны Арстанбап айылында экени айтылат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын облустагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев демилгечилердин чакырыгында үстүртөн радикалдык чакырыктар бар экенин айтты:

«Арстанбаптагы жагдайды иликтеп көрдүк. Бул жер жана күмбөз жергиликтүү бийликке тиешелүү маселе экен. Бул багытта облустук бийликке жана Базар-Коргон райондук администрациясына да көзөмөлгө алуу боюнча сунуш бердик. Облустук казыятка да дайындап, эл арасында молдолор эки тараптуу түшүндүрүү иштерин алып барсын дедик. Укук коргоо органдарына да маселе коюлуп, чыр-чатакка жол бербөө максаты белгиленди. Негизги жумушту айыл өкмөтү алып барыш керек. Ширк ислам дининдеги негизги принцип болуп эсептелет. Ошондуктан күмбөзгө келген адамдарга да түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. «Вотсапта» тараган видеодо күмбөз ичинде чакырык жасаган адамдын айткан кыска сөздөрүндө үстүртөн алып караганда радикалдык чакырыктар бар. Эми аны теологиялык экспертизадан өткөрүп аныкташ керек».

Күмбөздүн айланасындагы маселе жакынкы күндөрү райондук деңгээлде каралганы жатат. Зыяратчыларга чектөө коюлабы,аталган жай кандай тартипте иштей турганы азырынча белгисиз.

Арстанбапта үч эс алуу жайы, үч балдар лагери жайгашкан. 100гө чукул жеке турак жайлар да эс алуучуларга кызмат көрсөтөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG