Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-июль, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 13:12

Пандемия ички туризмге көңүл бурууга аргасыз кылды


Кегети капчыгайында бараткан туристтер. Чүй облусу. 26-июнь, 2019-жыл.

Кыргызстанда 1-июндан тарта туристтик сезон ачылды. Пандемияга байланыштуу бул ирет Туризм департаменти ички туризмди өнүктүрүүгө аракет кылып, бир топ долбоорлорду иштеп чыкты.

Пандемия миллиарддаган адамдарды үйгө камап, эл аралык каттамдардын токтоп калышы өзгөчө туризм тармагын жана авиакомпанияларды кирешесиз калтырды.

Аны менен катар Кыргызстанда жаңы гана ирденип келаткан ички туризм тармагы да аксап, жаңы ачылган компаниялар жоготууга дуушар болуп, айрым компаниялар ишин такыр токтоткон. Учурда Туризм департаменти пандемиядан олуттуу зыян тарткан тармакты жандантууга жан үрөп жатат.

«Тоо туризм клубу» компаниясы өлкөдөгү ички туризм, анын ичинен тоого саякаттоо багыты боюнча иштеп келет. Кыргызстанда өзгөчө абал режими жарыяланган күндөн тарта компаниянын иши токтоп, туристтерге жол көрсөтүүчү болуп иштеген адамдар жумушсуз калган. Андан сырткары чет элдик туристтерден түшкөн буюртмалар да токтогон.

Компаниянын жетекчиси Жунус Маметов туристтик сезон ачылганы менен мекеме дагы эле жоготууларга дуушар болуп жатканын айтты. Пандемия шартында компания туристтерди эки эсеге чейин кемитүүгө аргасыз болууда.

Жунус Маметов.
Жунус Маметов.

«Жайкы сезондордо бир багыт боюнча бизде беш-алты кичи автобус менен кишилерди алып барчубуз, - деди ал. - Азыр биз мунун баарын кыскартып, көп адам топтолбошу үчүн эки бус, ашып кетсе үч бус менен кишилерди алып барып жатабыз. Ошондо 30-40 адам бир багыт боюнча саякатка барат. Эпидемиологиялык шартта биздин компания башкача багытта иштөөнү чечти. Жаңы жерлерди издеп таап, эл аз барган жаңы багыттарды ачтык. Эми биз туристтерди эл көп барган жерге алып барбайбыз».

Ишкер андан сырткары туризм тармагынын жакынкы келечеги азырынча бүдөмүк бойдон экенин кошумчалады.

Туризм департаментинин изилдөөлөрүнө ылайык Кыргызстандагы туристтик компаниялардын 10% пандемиядан жабыркап, банкрот болгон. Калган компаниялар учурда ички туристтерге көңүл буруп, өлкө ичинде саякттоочу турларды уюштурууга камынууда. Бирок Жунус Маметов пандемия шартында аны ишке ашуу оңой болбой турганын моюнга алды:

«Облустар арасында азыр посттор турат. Аларды алмайынча, ички туризмди өнүктүрө албайбыз. Чүй облусунун ичинде эле жүрүп көрсөтүүнүн өзү жетишсиз болот. Биз андыктан туристтерди Ошко, Жалал-Абадга, Нарынга, Ысык-Көлгө, Таласка чейин алып барышыбыз керек. Ал жакта да кооз жерлер абдан көп».

Кыргызстанда 1-июндан баштап өзгөчө кырдаал шартында туризм тармагындагы бардык ишкана-мекемелер ишин баштады. Алардын ичинде пансионаттар, ден соолукту чыңдоо комплекстери, жаратылыш парктары, пляждар жана башкалар бар. Туризм департаменти санитардык эрежелерди сактоо боюнча талаптарды иштеп чыккан. 8-июндан тартып өлкө ичинде ички авиа каттамдар ишке кирет.

Максат Дамир уулу.
Максат Дамир уулу.

«Быйыл жарандарыбыз көбүнесе ички туризмде эс алуусун өткөрөт болуш керек. Анткени азыркы учурда чет өлкөгө чыгыш деле кыйын болуп жатат. Биринчиден, азыр чек аралар жабык. Экинчиден, биз ачкан күндө деле башка мамлекеттер кандай шарт менен чек арасын ачат, азыркы учурда белгисиз. Азыр Кыргызстандагы туристтик компаниялар ар кандай суроолор менен кайрылып жатат. Мисалы, «Туристтерди кайсы тоолорго алып барсак болот? Аймактардагы посттордон кантип өтсөк болот?» деп сурап жатышат. Андан сырткары 8-июндан тартып ички авиа каттамдар иштей баштайт. Кийинчерээк Ош-Тамчы каттамы да ишке кирет деген ойдобуз. Бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинин базасында чоң жыйын өтөт. Ал жерде эл аралык авиа компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, кайсы эрежелер менен кандай шарттарда иштей алабыз жана баскыч-баскычы менен чек араларды ачып башка мамлекеттердин жарандарын кабыл алабызбы деген маселени талкуулайбыз. Анын жыйынтыгында республикалык штаб өз чечимин чыгарат» - дейт Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу.

2019-жылы Кыргызстандын туризм тармагынан түшкөн кирешеси 630 миллион сомго жеткен. 2020-жылдын январь айында быйылкы сезондо бул сумма 7 миллион сомдон ашат деген божомолдор болгон. Адистер эми бул көрсөткүчкө кайтып келиш үчүн кеминде беш-алты жыл кетерин айтышууда. Серепчилердин баамында пандемия туризм тармагын жабыркатканы менен ошол эле учурда ички туризмди өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө.

«Тоодо жөө жүрүүчүлөр» бирикмесинин жетекчиси Марат Даниловдун пикиринде, Туризм департаменти азыркы шартта ички туризм жаатында иштеп жаткан компанияларга колдоо көрсөтүп, маалыматты элге жеткирүүдө жардам бериши керек.

«Буга чейин Туризм департаменти ички туризм менен иши деле жок болчу, - деп түшүндүрдү ал. - Көбүнчө коммерциялык компаниялар менен алек болуп, ички туризмге көңүл бурчу эмес. Азыр эми коммерциялык компаниялар ишсиз калганда ички туризм боюнча маселе көтөрүлүп калды. Эми ушундан пайдаланып, ички туризмди өнүктүрүп, бир жолго салып алышыбыз керек. Анткени азыр бардык эле мамлекеттер ушундай ыкмага өтүп жатат. Андан сырткары Кыргызстандын жарандары чет элге чыгып эс алганды жакшы көрүшөт. Эми аларды ички туризм тармагына тартыш керек».

Коронавирус пандемиясынын шартында жергиликтүү туризмди өнүктүрүү максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанда «Ардактуу турист» наамын алууга сынак жарыялады. Бул үчүн өлкөнүн төмөндөгү 10 ажайып жерине барып келүү зарыл. Алар:

1. «Бурана» комплекси;
2. «Өзгөн» комплекси;
3. «Таш-Рабат» тарыхый комплекси;
4. «Сары-Челек» коругу;
5. Манастын күмбөзү;
6. Сан-Таш;
7. Сказка каньону;
8. «Арстанбап» улуттук коругу;
9. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплекси;
10. «Шах-Фазил» күмбөзү.

Бул тарыхый жана жаратылышы кооз жерлерди толук көрүп келген жарандарга «Ардактуу турист» наамы ыйгарылат. Бул сынак Туризм депортаментинин ички туризмге жарандарды тартуу боюнча карантинден кийинки алгачкы кадамы болууда.

"Кыргызстанга коңшулардан турист тартабыз"
"Кыргызстанга коңшулардан турист тартабыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:12 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG