Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:48

Медиктерди санаага салган кенемте түйшүгү


Коронавирус күчөгөн жай айларында ачылган убактылуу стационарлардын биринде тартылган сүрөт. Бишкек, 6-июнь, 2020-жыл.
Коронавирус күчөгөн жай айларында ачылган убактылуу стационарлардын биринде тартылган сүрөт. Бишкек, 6-июнь, 2020-жыл.

Кыргыз өкмөтү коронавируска кабылган медицина кызматкерлерине кенемте төлөө үчүн документтерди кабыл алууну убактылуу токтотту.

Мурда кайрылгандардын саны көбөйүп кеткендиктен, алардын документтери текшерилип бүтмөйүнчө башкалардан арыз алынбайт. Медиктер төлөм алуу үчүн документ тапшыруу жараяны түйшүк экени жетишпегендей, пневмония болгондорго кенемте берилбей жатканына да даттанышууда.

Документ тапшыруу азабы

Надежда Иванова Бишкектеги темир жолчулардын бейтапканасында лаборант болуп иштейт. Августта COVID-19 илдетин жуктуруп алганын айтты. Ага пневмония диагнозу коюлуп, эки айдан ашуун дарыланып, октябрда кайра жумушка чыкты. Өкмөттөн убада кылынган 200 миң сом кенемтени аларына ишенбейт:

“Бир катар документтерди даярдап тапшырышым керек экен. Бирок бул жерде кыйынчылыкка салган башка маселе бар. Көрсө, мен кимден жуктуруп алган болушум мүмкүндүгүн арызга жазып, үч адамдын аты-жөнүн көрсөтүшүм зарыл экен. Мага Саламаттык сактоо министрлигиндеги адистер ушинтип айтышты. Мен кайдан билем кимден жуктурганымды? Күн сайын ондогон бейтапды кабыл алабыз. Бизди өз убагында коргонуучу медициналык каражаттар менен камсыздашкан да эмес. Андан башка дагы бир маселе бар – пневмония диагнозу менен барсам, мага кенемте берилбейт экен. Коронавирус болгонумду тастыктаган ПЦР анализдин жыйынтыгы керек. Пневмонияны коронавирус козгоп аткандыктан, Республикалык штаб расмий статистикага кошподу беле”.

Ушул эле көйгөй менен баш калаадагы №13 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Абдылатип Апызов да “Азаттыкка” кайрылды. Ал деле пневмония болгону үчүн кенемте ала албайт:

“Мен ошол поликлиникада отуруп жугузуп алып атпаймынбы. Бир эле беткап менен бейтаптарды кабыл алдык. Эч кандай коргонуучу кийимдер болгон эмес. Ар бир бейтап менен 20-30 мүнөттөн сүйлөшкөнүмдө деле, элестетиңиз канча вирустук жүк менен иштедим. Мен жөндөн-жөн ооруган жокмун да, ушуну түшүндүрүп жеткире албай жатам”.

Апызов кыргыз өкмөтү коронавируска кабылгандар жаткан ооруканаларды гана "кызыл зона" деп эсептеп, бейтаптар ага чейин барып текшерүүдөн өткөн поликлиникаларга андай макам бербей жатканына да кейиди.

Ысык-Көл облусунда тартылган сүрөт. 16-июль, 2020-жыл.
Ысык-Көл облусунда тартылган сүрөт. 16-июль, 2020-жыл.

Документ кабыл алуу убактылуу токтоду

27-ноябрдагы расмий маалыматка карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 71 548 кишиге жукту, алардын 1256сы каза болуп, 62 946сы айыкты.

Оору жуккандардын арасынан 3865и медицина кызматкери. Алардын 3576ы сакайды. Каза болгон дарыгерлердин саны октябрдын соңундагы маалыматка ылайык, 80ден ашты. Азыр да күнүгө ондун тегегеринде медкызматкер ооруга кабылууда.

Ал арада өкмөт коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлерине кенемте төлөө үчүн документтерди кабыл алууну убактылуу токтотту.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Индира Жумабаева билдиргендей, мурда кайрылгандардын саны 2500дөн ашып кеткендиктен, алардын документтери текшерилип бүтмөйүнчө башкалардан арыз алынбайт.

"Жаңы жыл майрамынан кийин кайра кабыл алына башташы мүмкүн. Балким ошондо коронавирус жуктуруп алгандарга гана эмес, пневмонияга кабылган медиктерге да төлөп берүү жагы каралышы ыктымал. Анда кенемте алуу үчүн документтер, талаптар да өзгөрөт".

Жумабаеванын айтымында, кенемте сурап кайрылгандардын арасынан 1-сентябрга чейин ооруп калгандардын гана документтери каралууда. Башкалар кийинки этапка калат.

Кыргызстандагы медициналык мекемелердин биринде тартылган сүрөт.
Кыргызстандагы медициналык мекемелердин биринде тартылган сүрөт.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 26-ноябрда билдиргендей, мурда кайрылгандардын арасынан 479 медкызматкерге 200 миң сомдон кенемте төлөндү. Дагы 130уна жакын арада берилет. Оорудан каза болгон 80ден ашуун медкызматкердин 29унун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөнүп, дагы төртөөнүн документ иштери аяктап калды.

Сурабалдиева кенемтеге байланыштуу нааразылык жаралбашы үчүн талап кылынган документтер так жана даана тапшырылууга тийиш экенин белгилеген.

«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары одоно бузулганы тууралуу 25-сентябрда баяндама жарыялаган.

Өкмөт иш учурунда коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон, каза болуп калгандарынын жакындарына 1 миллион сомдон кенемте төлөп берүү тууралуу чечимди илдет жайыла баштаган жаз айларында кабыл алган. Эрежеге ылайык, кенемте алуу үчүн медкызматкер коронавирус болгонун тастыктаган диагнозду көрсөтүшү керек. Ал эми пневмония менен ооругандарга төлөм каралган эмес.

XS
SM
MD
LG