Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Конституциялык реформа: "Шералынын чокою" жана тапанча


Кокондогу аксарайдын дарбазасы. 1865-72.
Кокондогу аксарайдын дарбазасы. 1865-72.

Башмыйзамдын сунушталып жаткан долбоору жаатында коомчулукта ар кыл көз караштар туш тараптан айтылууда. Публицист Илим Жанузаков элдин жана Жогорку Кеңештин алдында нагыз жоопкерчиликке ээ төбөл жетектей турган, сот көз карандысыз болгон мамлекеттик башкаруунун зарылдыгын баса белгилейт.

Азыркы Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандар, ушул эле документ менен парламентаризмди өнүктүрүүнү жактагандар дегеле парламентаризмдин негизин түшүнбөгөндөй сыяктанышат.

Парламенттик башкаруу системасында өкмөт башчы ички жана тышкы саясатка керт башы менен жоопкер жана анын саясатын күчтүү парламент тескеп турат. Президенттик институт парламентаризмде күчкө ээ эмес же Англиянын ханышасындай конок тосуу сыяктуу символдук иштерди гана аткарат.

Ал эми президенттик башкарууда эл шайлаган президент өкмөттү түздөн-түз башкарып, ички жана тышкы саясатты аныктайт. Күчтүү парламент аны кайра эле тең салмактап, президент чектен чыккан учурда импичмент аркылуу кызматтан алат.

Кыргыз мамлекетинде эч качан туура таразаланган президенттик же парламенттик башкаруу системасы болгон эмес. Улам өзгөрүлүп келаткан бардык баш мыйзамдар такыр эле жоопкерчиликсиз жана ууру-кескилик менен алектенген бийликтин түзүлүшүнө гана жол берип келди.

Маселен, президенттик делген мурдагы баш мыйзамдардын бардыгында президент эбегейсиз күчкө ээ болгону менен эч нерсеге жооп бербей, экономикалык, социалдык жана башка бардык көйгөйлөрдү премьер-министрге шылтап кутулчу. Чыныгы президенттик башкаруу болгондо ал өзү өкмөт башчы болуп, бардык көйгөйлөрдү чечүү анын мойнуна жүктөлмөк. Тилекке каршы андай жоопкерчиликтүү башкаруу системасы болгон эмес.

Азыркы Конституция боюнча да кыргыз мамлекетин парламенттик деп айтуу акылга сыйбаган иш. Кайра эле эч ким жоопкерчиликти моюнга албаган, бири-бирине шылтап кутулган, мафиялык топтор өз ара майлуу тармактарды бөлүшкөндөй элес калтырган азыркы баш мыйзам өзгөртүлүшү шарт. Бирок биз Конституцияны кантип жана кандайча өзгөртөбүз жана кандай механизмдер аркылуу бийлик бутактарын тең салмактайбыз деген сыяктуу суроолорго алгылыктуу жооп таба албай келатабыз.

Түрмөдөн түз эле Ак Үйгө барып, баш оорутпай, кол жоорутпай, кризистик абалдан пайдаланып, күчкө салып эле бийликке келип алган Садыр Жапаровго ишенбей, анын демилгеси алдында баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандарды да түшүнсө болот. Анын үстүнө кызматын тапшырымыш болуп президенттик шайлоого бараткан С.Жапаровдун тобу - иштей турган Конституция долбоорун сунуштагандын ордуна, ансыз да азыркы бийликтин шек жараткан легитимдүүлүгүн ого бетер тепсеп, таптакыр эле жети баштуу желмогуз кейиптенген документти жарыялашты.

Мисалы, сунушталып жаткан долбоордо президент премьер-министрди ("өкмөт башчысын") жана өкмөт мүчөлөрүн депутаттардын макулдугу менен дайындай турганы айтылган. Көпчүлүк бул долбоордун башка кемчиликтерин айтышканы менен дал ушул жерди көз жаздымда калтырып атышат. Бирок бул баш мыйзамдагы бирден-бир маанилүү нерсе болууга тийиш. Анткени, президенттик башкарууда премьер-министр деген кызматты такыр эле жойбосо, акыры келип эле президент бардык көйгөйлөрдү ага шылтап кутулат.

"Бул премьер иштей албай койду. Реформа кыл деген тапшырмаларымды аткара албай атат. Мына, жаңы премьер алып келген атам, анан өнүгөбүз", - деген сыяктуу кургак убадалар, жоопкерчиликтен качкан мамиле боло турганын бөркүбүздөй көрөлү.

Андыктан, президенттик башкарууга өтө турган болсок, премьер-министр деген кызматты жоюп, парламентти күчтөндүрүп, президентке импичмент жарыялоо жараянын жөнөкөйлөткөн оң.

Эгерде парламенттик башкаруу боло турган болсо, анда жөн эле каражат коротпой, президенттик институтту жойгон оң, же бери дегенде конок тоскуч катары гана калтыруу туура болмок. Ал эми азыркы долбоорду жактап, улам бир жээктен экинчи жээкке секирип жүргөн принципсиз депутаттардын, чала сабат юристтердин жанын сабап айткандарына ишене бербей же жөн эле сындай бербей, өзүбүз да жоопкерчиликтүү бийлик системасын түзүү тууралуу сунуштарды жасаганыбыз жөндүү.

Жогоруда айтылган премьерлик кызматты жоюу же президентти жоюу - мына ошондой сунуштардын бирөөсү гана.

Эл арасында катуу сынга кабылып аткандай дагы башка көптөгөн кемчиликтер, авторитаризмдин күчтөнүшү сыяктуу коркунучтар, албетте, өтө маанилүү. Мындай жөндүү сындар туура кабыл алынып, аталган долбоорду толук өзгөртүү абзел.

Мисалы, долбоордо бири-бирине кайчы келген беренелер, "цензурага жол берилбейт" деп коюп, кайра эле башка жеринде "ар-намыска шек келтиргендер куугунтукталат", же "маалыматка чектөөлөр мыйзам чегинде бекитилет" деген сыяктуу беренелер жүрөт.

Жалпысынан бул долбоор такыр эле керексиз, пайдасыз, бийлик системасынын натыйжалуу иштөөсүнө такыр эле тиешеси жок, пайда-батасы көрүнбөгөн сөздөрдүн жыйындысына толгон.

Мамлекетти жана бийлик өкүлдөрүн чектөөгө басым жасагандын ордуна, элди, карапайым жарандарды чектеген, элге акыл үйрөткөн, насаат айткан, материалдык эмес баалуулуктарды практикалык эрежелер менен чаташтырган документ болуптур.

Адатта башкаруучулар кантип бийликке келгенин, өздөрүнүн түздөн-түз милдетин унутуп, "ордо оюндары" менен алек болуп алмайы бар.

Калыс система болмоюнча, өлкө башчысынын кеңсесине Кокон хандыгындагы Шералы хандын чокоюн илген сыяктуу миңдеген эскертүүлөрдү илгенде деле жыйынтык болчудай эмес.

Бирок күчтүү жарандык коом, активдүү эл кандай гана бийлик болбосун ар дайым мыкты тараза боло алат. Маселен, АКШдагы сыяктуу мыйзам бузбаган жарандарга эркин курал сатып алуу жана өзүн курал менен коргонуу укугун берүү - бийликтин узурпацияланышына каршы эң сонун кадам болмок.

Кылмыштуу топтор мыйзамды уруп ойнобой эле тапанча тагынып жүрүшөт. Бийлик өкүлдөрү же байлар да куралчан сакчылардын коштоосунда жүрө алышат. Бирок мыйзам бузбаган мугалим, врач же курулушчу сыяктуу жөнөкөй жарандардын куралга ээ болуу укугу чектелген.

Эгер жаңы Конституцияга куралга ээлик кылуу эркиндиги кирсе, анда мыйзам сактаган, бирок тапанча тагынган кыргыздын сүрү бийликтегилерге Шералынын чокоюнан миң эсе өйдө таасир кылмак.

Албетте, "курал берсең кыргыз бири-бирин кырып салат", "башаламандык, проблемалар болот", "тигинтет-минтет" деп көзү ачыктык кылгандар басымдуу. Бирок, адам баласын ар дайым көйгөйлөр коштоп жүрөт эмеспи.

Илим Жанузаков. Прага. 09.4.2009.
Илим Жанузаков. Прага. 09.4.2009.

Ошол көйгөйлөрдү чечүү, чоң өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашыруу жана чечкиндүү идеяларды алга сүрөө - реформатордук чоң эркти талап кылат. Эрктүүлүк, тайманбастык менен жаңы идеяларды талкуулоо жана алга сүрөө аркылуу алда канча пайдалуу Конституция долбоорун иштеп чыга алабыз.

Илим Жанузаков,

ишкер, публицист,

Миннеаполис, АКШ.

Ред.:

[Жазуучу Т.Касымбековдун "Сынган кылыч" романында 1842-44-жылдарда өкүм жүргүзгөн Шералы ханды Кокондогу тактыга отургузган Нүзүп бий анын дубалына чокой илип койгон делет. Шералы хан 1842-ж. чейин таластык-аксылык кыргыз төбөлдөрдүн калкалоосу астында башпаана таап жашап келген. "Чокой" тууралуу бул ойдон чыгарылган окуя Ала-Тоодо бийликтеги кишилерге карата "карапайым кезиңди унутпа" деген ой камтыган символдук мааниге ээ].


Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG