Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Конституциялык реформа: Талаш жараткан жагдайлар


Конституцияны өзгөртүүгө каршы акция. 22-ноябрь, 2020-жыл. Бишкек шаары.

Кыргызстанда Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын коомдук талкууга коюлган жаңы долбоорун талкуулап жатат.

Бишкекте 30-ноябрда болгон жыйында курултай маселесин талкуулоо кеңешме мүчөлөрүнүн арасында талаш жаратты. Кеңешменин мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов курултай институту тууралуу долбоорун сунуш кылгандардын арасында бирдиктүү концепция жок экенин сынга алып, укуктук жана жарандык коомго умтулган өлкө бир улутка басым жасабашы керектигин белгиледи.

Асанкановдун пикиринде, кеңешмеде сунуш кылынып жаткан долбоор боюнча өлкөдө “төртүнчү” бийлик түзүлүп, “суперкурултай” бийлиги орнойт:

“Биз бир пикирге келе элекпиз, Дастан Сарыгуловдуку, Мар Байжиевдики жана башкалардыкы болуп дагы беребиз” деп жатышат. Ушунун өзү, демек, курултайчылардын ичинде бир пикир, бирдиктүү концепция жок дегендик. Азыр курултайды кое туруп, Кадыр Кошалиев өзүнүн пикирин айткандан кийин гана биздин коомго жана дүйнөлүк тажрыйбага жараша кабыл албайлыбы?! Экинчиден, бул жерде “биз кыргыз мамлекетин түзүп жатабыз, Конституцияны кыргыздар жазышы керек” деп айтылды. Эч убакта унутпайлы – биз дүйнөлүк масштабда жашап, укуктук, жарандык коом куралы деп жатабыз. Улуттук эмес, этникалык эмес. Кыргыздар элдин үчтөн экисин гана түзөт. Көпчүлүк болобу, азчылык болобу, эч кимге артыкчылык бербешибиз керек”.

«Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев “Азаттык” радиосуна бул сынга карата оюн билдирип, курултай идеясын сунуш кылгандар бир пикирге келип калышканын айтып берди:

Кадыр Кошалиев.
Кадыр Кошалиев.

“Эки бутубузду бир кончубузга тыгып, маселе коюп жаткандар бар ал жерде. Биз бир пикирге келип калдык дээрлик. Бейшемби күнү ошол концепцияны сунуш кылабыз. Эгер азыр даярдалып жаткан долбоор коомчулуктун, элдин, курултай деп жүргөн кыймылдын позициясына жакын келбесе, анда альтернативдүү, бирдиктүү мыйзамды, Конституциянын долбоорун сунуштаганга да даярбыз. Бийликтин ээси эл экени Конституциянын эң башында жазылган. Курултай коомдук институт болушу керекпи же мамлекеттикпи деген талкуу көпкө созулду. Коомдук деген акыркы мезгилде пайда болгон термин. Биз курултайды элдик бийлик институту катары, багыттоочу, көзөмөлдөөчү элдик бийлик органы катары киргизүүнү сунуштап жатабыз. А коомдук-кеңеш берүүчү болсо, анда бейөкмөт уюмдун эле бир түрү болуп калат. Ага биз каршы болуп жатабыз. Мындай позициядагылар коомчулукта дээрлик көпчүлүктү түзөт”.

“Конституция таңууланбашы керек”
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:16 0:00


Курултай боюнча 15 долбоор талкууланып жатканы буга чейин айтылган. Кыргызстанда “Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө” жобо 2001-жылы кабыл алынган. Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген институт киргизилери сунуш кылынган.

30-ноябрдагы жыйында сөз эркиндиги боюнча укуктук ченемдер бир топ күчөтүлгөнү да айтылды. Конституциялык кеңешменин адам укуктары жана эркиндиктери боюнча секциясынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору Нурлан Шерипов билдиргендей, «адамдын ар-намысына шек келтирген маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) тараткандыгы үчүн кылмыш жообуна тартылбайт» деген императивдик норма секцияда бир күн талкууланып, натыйжада бир добуштан кабыл алынды:

«Эгер бир тарап анын ар-намысына шек келтирилди деп ойлосо, ал жарандык-укуктук инструментарий аркылуу жоопко тартып, доо арыз менен сотко кайрылса болот. Бирок ЖМКда маалымат тараткандыгы үчүн жарандар кылмыш жообуна тартылбашы керек деген бекем ойдобуз. Албетте, адамдын ар-намысына шек келтирген маалымат ЖМК аркылуу таратылбаган болсо же түздөн-түз шек келтирилген болсо, ал мыйзам тартибинде каралат. Бул жерде ЖМКда деп так, даана көрсөтүлгөн. ЖМК өнүккөн, социалдык түйүндөр өнүккөн заманда көптөгөн адамдар кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн. Ал өзүнүн оюн ЖМКда эркин билдиргени үчүн кылмыш жообуна тартылбашы керек. Эгер нааразы болсо жарандык-укуктук тартипте сотко кайрыла алат», - деди ал.


Жаңы долбоордун 27-беренесинде «адамдын ар-намысына шек келтирүү мыйзам менен куугунтукталат» деп жазылган. Бул норма Конституциялык кеңешменин укук секциясында четке кагылганы 27-ноябрда белгилүү болгон.

Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү адам укуктары боюнча секциянын мындай чечимине макул болбой, эгер андай норма жок кылынса каралоо күчөй турганын айтышты.

«Акыл эс, рух, ыйман» коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн Абдылдаев:

«Анда коомдо бири-биринин ар-намысына шек келтирген окуялар аябай күчөйт. Ушак-айың, жамандоо сөзсүз болот. Муну бирөөнүн буйругу менен жасадыңыздарбы?» деп суроо узатып, Шериповдон төмөнкүдөй жооп алды:

«Эч кимдин тапшырмасы боюнча иштеген жокпуз. Биз адам укуктарынын жана эркиндигинин концепциясын гана негиз туттук. Кыргызстандагы 30 жылдан берки адам укуктарын коргоо тажрыйбасын эске алдык. Биздин пикирде, адам укуктарынын жана эркиндигинин эң негизги элементтеринин бири – бул сөз эркиндиги. Бул норма сөз эркиндигин коргоого абдан жардам берет».

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Ал тапта 30-ноябрда «Комитет-93» деп аталган кыймыл Бишкекте жыйын өткөрүп, Кыргызстанда 1993-жылы кабыл алынган биринчи Конституцияны калыбына келтирип, кайра күчүнө киргизүүнү сунуш кылды.


Комитеттин мүчөлөрү өлкө эгемендик алган 30 жылга чукул мезгилде Баш мыйзам тогуз жолу өзгөртүлгөнүн, 1994-жылдан баштап президенттер бийлигин бекемдеш үчүн Конституцияны мыйзамсыз өзгөртүп келгенин айтышты.

Мамлекет жетекчилеринин бири да Конституциянын кол тийбестигин сактап калууну каалабаганын, тескерисинче ар бири өз кызыкчылыгына ылайыктап өзгөртүп келишкенин белгилешти.

«Бардык бийлик өзүн мыйзамдан жогору сезди. Биз бул көрүнүшкө бөгөт коюшубуз керек!» деп айтылат кыймылдын мүчөлөрү даярдаган кайрылууда.

Алар 1993-жылдагы Баш мыйзам кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн топтор тарабынан эмес, эгемен Кыргызстанды, мамлекеттүүлүктү түптөш үчүн иштелип чыккан деп эсептешет. Кыймылдын мүчөлөрү Конституциянын айланасындагы саясий оюндарды токтотуш керек деген сунушун беришти.

Алардын катарында Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Искак Масалиев, Максат Кунакунов бар.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганда демилгечилер 80 депутат экени айтылган жана алардын тизмеси жарыяланган.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Кээ бирлери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришүүдө.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонушууда.

«Project Syndicate» журналына Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин өлкөдөгү саясий кырдаалды талдаган блогу жарыяланды.

Жоомарт Оторбаев.
Жоомарт Оторбаев.

«20 жылдын ичинде үч революцияны ишке ашыруу аркылуу кыргыз эли коррупциялашкан режимди өтө тез кулата алчу сапатка ээ экенин далилдеди. Бирок режимди талкалагандай, мамлекетти кайра курганды үйрөнө албаса саясий башаламандык жана мамлекеттүүлүктү жоготуу коркунучунда турат. Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртсө эле баары жомоктогудай өнүгүп кетет деген уламыш бар. Тилекке каршы, конституциялык өзгөртүүлөр коом аны толук аңдап, андагы жазылгандарды жүзөгө ашырмайын өнүккөн жашоого алып барбайт. Акыркы апталардагы өтө тез өзгөргөн окуялардан улам эл аралык коомчулук Кыргызстандагы башаламандыктан чочуп турат», - деген пикирде Жоомарт Оторбаев.

Бишкек шаарында жарандык активисттер Конституцияны реформалоо боюнча мыйзам долбооруна каршылык билдирип, эки жолу удаа акцияга чыгышты.

Алар «Референдумга жол жок!», «Хансыз өлкө», «Мыйзамдуу мамлекет» деген ураандарды айтышты.

Ошентип, Конституцияны өзгөртүүгө каршы жана аны колдогон тараптардын талашы дагы деле токтой элек. Биринчи тарап бийликти бир колго топтоо аракети жүрүп жатат, мыйзамдар одоно бузулууда деп кайталап келет. Долбоорду жактагандар болсо ага макул эмес.

Конституцияны өзгөртүүгө каршы акция уланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG