Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:10

Аял башкарган Финляндиянын ийгилиги


Финляндиянын өкмөтүнө отуз жаштан эми өткөн аялдар келип, бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колуна алганына бир жылдан ашты.

Жоомарт Оторбаев: “Кыргызстандагы постреволюциялык кыйчалыш”. Аял башкарган өлкөдөгү ийгилик. Кытай Борбор Азиядагы ири долбоорлорун токтотууда.

"Human Rights Watch" укук коргоо уюму Кыргызстандагы Конституцияны өзгөртүү аракеттерин сынга алды. Рустам Эмомали орус бийлигинен тажикстандык мигранттарга жеңилдик берүүнүн суранды.

“Project Syndicate” журналына Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин өлкөдөгү саясий кырдаалды талдаган блогу жарыяланды. “20 жылдын ичинде үч революцияны ишке ашыруу менен кыргыз эли коррупциялашкан режимди өтө тез кулата алчу сапатка ээ экенин далилдеди. Бирок режимди талкалагандай, мамлекетти кайра курганды үйрөнө албаса саясий башаламандык жана мамлекеттүүлүктү жоготуу коркунучунда турат”, - дейт Оторбаев.

Экс-премьер 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин келип чыккан башаламандыктар, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, Сооронбай Жээнбековдун бийликтен кетиши, Садыр Жапаров тууралуу баяндап, 10-январга пландалган президенттик шайлоо менен конституциялык реформа тууралуу оюн айткан.

Жоомарт Оторбаев
Жоомарт Оторбаев

“51 жаштагы Жапаров саясий карьерасын 2005-жылы парламентке депутат болуп баштаган. Кийин бийликтин куугунтугуна кабылып, чет жакта бир топ жүргөндөн кийин Кыргызстанда камакка алынды. Ал камакта жатканда ата-энеси, уулунан ажырап, көптөгөн кыргызстандыктар аны саясий туткун, баатыр катары кабылдашты. Жапаровдун бийликке келиши өзүнүн эл арасындагы кадыр-баркы эле эмес, аны колдогон саясий күчтөр менен депутаттардын санына жараша да болду. Канчалык Жапаровду сындаган, ага каршы көз караштар айтылганы менен ал өлкөнү октябрь төңкөрүшүнөн кийинки башаламандыктан сактап калууда негизги ролду ойноду. Кыргызстандыктардын көбү Жапаровду чачылган өлкөнү бириктирип, зарыл реформаларды ишке ашырчу саясий лидер катары көрүүдө”- деген мурдагы өкмөт башчы.

Ошондой эле Оторбаев Садыр Жапаров шардана кылган коррупция менен күрөшүү, экономикалык мунапыс, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу сыяктуу пландарды санап, азыркы таптагы конституциялык реформаларга байланыштуу көз карашы менен да бөлүшкөн.

“Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртсө эле баары жомоктогудай өнүгүп кетет деген уламыш бар. Тилекке каршы, Конституциялык өзгөртүүлөр качан гана коом толук кандуу аңдап, андагы жазылгандарды жүзөгө ашырмайын өнүккөн жашоого алып барбайт. Акыркы апталардагы өтө тез өзгөргөн окуялардан улам эл аралык коомчулук Кыргызстандагы башаламандыктан чочуп турат” - деп билдирген Оторбаев.

Ал өлкөдөгү башаламандык учурунда бир да күч органдары иштебей, менчик жана мамлекеттик мүлктү талоонго алуу коркунучунан өлкөнү ыктыярчылар гана сактап калганын эскерткен. Бюджеттеги каатчылык, сырттан келген жардамдардын токтошуна токтолуп: “Кыргыздар мамлекеттен азыр эч нерсе күтпөйт, болгону паракор жана жемкорлорду тазалоону талап кылууда. Бул революция да жакырчылык, жумушсуздук, адилетсиздиктен улам келип чыкты”, - деп айткан.

Оторбаев макаланын аягында "Кыргызстандын мамлекеттик бюджети эки миллиард доллардын тегереги, ал негизинен маяна, пенсия сыяктуу төлөмдөргө кетет. Ошол эле маалда сырттан келген акча, анын ичинен Орусиядагы мигранттар которгон каражат 3 миллаирд долларга жетет. Бул Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 30% түзөт" деп жазган.

Аял башкарган өлкөдөгү ийгилик

"ВВC" дүйнөлүк кызматы Финляндиянын феминист премьер-министри Санна Мариндин бийликке келген бир жыл ичиндеги аткарган иштерине саресеп салган. “Финляндиянын өкмөтүнө отуз жаштан эми өткөн аялдар келип, бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колуна алганына бир жылдан ашты. Бул учурда алар коронавирус пандемиясы менен ийгиликтүү күрөшүп, өлкөдө бардык укук жана гендердик маселелер боюнча Теңчилик программасын киргизе алды” - деп баяндайт дүйнөлүк маалымат кызматы.

Санна Марин баштаган министрлер кабинети
Санна Марин баштаган министрлер кабинети

“Феминизм Финляндиянын кийинки дооруна айланды” деген ураан алдындагы социалдык медиада Санна Марин жана аны колдоочулар жазган айрым постторду чогулткан. Финляндия Европадагы аялдарга тең укукту эрте берген өлкө катары тарыхта таанымал. Маселен, 1906-жылы аялдардын парламенттик шайлоого добуш берүүсүн жана катышуусун шарттаган дүйнөдөгү биринчи өлкө болгон. Мындай жетишкендикке калган Батыш өлкөлөрү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин араң барышкан. 1907-жылы фин парламентине 19 аял депутат болуп шайланган. 2000-жылы Финляндия алгачкы аял президентти - Тарья Халоненди шайлап, 2003-жылы Аннели Яттенмаки аттуу аял премьерлик келген.

2019-жылы Санна Марин Социал-демократтар партиясынан шайланып, өлкөнүн эң жаш өкмөт башчысы болуп калды. Марин кызматка келери менен эле дүйнөнү каптаган коронавирус дөө-шаа өлкөлөрдүн алын кетирип, лидерлерин сынады. Бирок Мариндин министрлер кабинети вирус өлкөгө келгиче эле камданып койгон. 16-мартта Финляндия өзгөчө абал киргизип, согуш маалындагыдай тартипти орнотту. Албетте, өкмөттүн бул кадамын сындагандар да болгону менен Санна Мариндин бийлиги жугуштуу оорудан элин өтө аз жоготуулар менен коргой алды. Финлядиянын калкы 5,5 миллион болсо, пандемия башталгандан бери 370 киши гана коронавирустан каза тапты.

Улуу Британияда өлүм саны мындан он эсе көп.

“Менимче Финляндия илимпоздордун айткандарын кунт коюп угуп, кыйчалыш учурда олуттуу чечимдерди кабыл алганы оң. Биздин коом чындыкка гана таянат. Эл өкмөткө жана демократиялык принциптерге ишенет”, - дейт Санна Марин. Анын өкмөтүндөгү 33 жаштагы Билим берүү министри Ли Андерссон: “Бир да партиянын өзүнүн эле жолу болбойт. Айрым учурда талаш-тартыш кызыган чекке жетет, аны өзүбүзчө чечебиз. Кээде каршылашың аял болгон үчүн гана бир пикирге барып, макулдашууга туура келет” деди.

Азыркы тапта фин өкмөтүндө беш аял эң маанилүү министрлик орундарды ээлеп турат. Жакында эле кабыл алынган Теңчилик программасында улуттук, расалык, гендердик бөлүнүп жарылуулардын, жынысына карай кодулоолонун алдын алуу каралган. "BBC" кызматы Санна Марин бир жыл ичинде жетишкен ийгилиги катары өлкөсүн вирустан коргоп калган эрдиги эмес, дал ушул Теңчилик программасын киргизе алганында экенин белгилеп жатканын жазган.

Кытай Борбор Азиядагы экономикалык стратегиясын өзгөрттү

Австралия улуттук университетинин Глобалдык башкаруу мектебинин окумуштуусу Дирк ван дер Клей Бээжиндин Борбор Азия боюнча стратегиясын өзгөрткөнүн талдады. Клейдин талдоосу “Eurasinet” басылмасына чыкты.

“Мындан ары Кытай Борбор Азиядагы жол салуу, куур тартуу, ири көмүр казуучу жайларды иштетүү сыяктуу чоң суммадагы инвестиция талап кылган долбоорлорго киришпей калды. Бээжин саясий багыттагы акчалай карызды бул чөлкөмгө мурдагыдай эле өзүнүн банктары аркылуу бергени менен өнөктөш катары бирдей каржыланган долбоорлорго көбүрөк акча салууда. Биринчиден, карыз алып жаткан өлкөлөр жаңы жумушчу орундары түзүлүп, ишкананын экспорт деңгээли өнүгүүсүн көздөйт, экинчиден саясий максатта мурда жол салуу менен алектенген Кытай бийлиги эми тобокелчиликке барбоону чечти” - дейт окумуштуу.

Ал Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын мисалында Кытайдын тышкы карызын төлөө дарамети, жаңы долбоорлор жана айрым өлкөлөрдөгү кытайлык инвесторлорго каршы маанайды терең талдап берген. “Аймактагы өлкөлөрдүн ичинен Кытай ишкерлери менен теңтайлаша өндүрүш жайларын Казакстан менен Өзбекстан ачууда. Алар бирдей үлүштө каржыланган ири долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып жатышат. Муну менен катар Казакстан Кытайга болгон тышкы карызын жылына белгиленген планда төлөөдө. Ал эми акыркы беш жылда Кытай Тажикстанга ири өлчөмдө карыз бербей калды. Расмий Бээжин “ооздугун” тартканы менен кытайлык майда фирмалар Тажикстандын тоо-кен, цемент чыгаруу, текстиль, айыл чарба тармагына “Эксимбанк” аркылуу алынган насыялар менен тынымсыз каражат салууда. Айрым тармактарда мындай инвесторлордун жардамы менен экспорт өстү.

Мисалы, 2012-жылы Тажикстанда 2,4 тонна алтын казылса, 2019-жылы 8,1 тоннага жетип, 70% жогорулады. Кыргызстан да Кытайдан карызды эбегейсиз алууну чектөөдө. Бирок бул өндүрүш же инвестицияга эмес, кыргыз бийлигинин аны төлөй албай калуудан чочулаганына байланыштуу. Анткен менен Кыргызстанга майда менчик ишкерлер аркылуу Кытайдан инвестиция агымы токтогон жок. Мындай инвестицияны коргоо үчүн кыргыз өкмөтү эч кандай жоопкерчилик албай келет. Ири инвестициялык сунуштар алтын казуу жана мунайды иштетүүгө багытталганы менен чет элдик ишкерлер Кыргызстанда жеригиликтүү элдин ишенбөөчүлүгү менен каршылыгына дуушар болууда.

Буга жыл башында 275 миллион доллардык логистикалык борборду салдырбай койгон элдин протестин мисал келтирсе болот. Октябрдагы бийлик алмашуудан келип чыккан башаламандыкта да кытайлык чакан ишкерлердин үрөйү учту. Бир катар кен казуучу жайларга жергиликтүүлөр чабуул коюшту. Тоо-кен комбинатында чыккан өрттүн сүрөттөрү көргөн чет элдик инвесторлорду чочутары шексиз” - деп жазды Дирк ван дер Клей.

HRW: Мөөнөтү аяктаган парламент Конституцияны өзгөртүү тууралуу демилге көтөрө албайт

"Human Rights Watch" укук коргоо уюму (HRW) апта башындагы билдирүүсүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоого чейин алысты көздөгөн конституциялык өзгөртүүлөрдү шашылыш киргизүү аракеттери адам укуктарына жана демократиялык процесстерге коркунуч жаратууда деп белгиледи.

“Кыргызстандын мөөнөтү аяктаган парламенти Конституцияга алымча-кошумча киргизүү демилгесин көтөрүүгө легитимдүү эмес. Анын үстүнө толуктоолор Конституцияда каралган процедураларга каршы келген тартипте сунуш кылынды. Кандай болбосун конституциялык реформалар жаңы парламент ант бергиче жылдырылышы керек. Ошондо Кыргызстандын адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү принциптерин сактаарынан эч ким күмөн санабайт ” деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

"Human Rights Watch" белгилегендей, мөөнөтү аяктаган парламенттин ролу Конституцияга шашылыш өзгөртүү киргизүү эмес, эл эркин жана калыс шайлоодо өз каалоосун билдирмейинче мыйзам үстөмдүгү принцибине таянып башкаруунун негизги функцияларын аткарууга тийиш.

Рустам Эмомалинин Москвага сапары

Өткөн жумада "Eurasianet" Тажикстандын президентинин уулу, сенаттын спикери жана Душанбе шаарынын мэри, президенттин баласы Рустам Эмомалинин Орусияга расмий сапарын талдаган макаласын жарыялады. Бийликти атасынан мурастап алаары айтылып жүргөн 32 жаштагы спикер 24-25-ноябрда Орусиянын башкалаасында Федерациялар кеңешинин спикери Валентина Матвиенко, вице-премьер Алексей Оверчук жана Москванын башчысы Сергей Собянин менен жолугушту. Кездешүүлөрдө тажикстандык эмгек мигранттарынын абалы жана шарттарына басым жасалды. Эмомали эки өлкө ортосунда аба каттамды калыбына келтирүү керектигин белгиледи. Пандемиядан улам Орусия менен Тажикстанды чартердик рейстер гана байланыштырып келатат. Эки өлкөнүн жарандары эки жакка мурдагыдай ээн-эркин каттай алышпайт, бул жагынан да чектөө салынган.

Тажикстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматына караганда, быйыл Орусияга иш издеп кеткен мигранттардын саны 57% азайды. Орусиянын Борбордук банкы билдиргендей, быйылкы жылдын биринчи жарымында Орусиядан Тажикстанга акча которуулар былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу 40% кыскарды. Атап айтканда, былтыр 681 миллион доллар которулса, быйыл бул сумма 430 миллионго түштү. Рустам Эмомали 15-декабрга чейин миграциялык документтерин мыйзамдаштырууга үлгүрбөгөн тажик жарандарына мунапыс берүүнү өтүндү. Ал ошондой эле Тажикстанда орус тилин үйрөтүүнү өнүктүрүү керектигине токтолду.

Макала автору сенаттын спикери буга чейин көбүнесе "Коон жана балдын улуттук күнү" же Нооруз өңдүү майрамдарга катышып, атасынын көлөкөсүндө калып келгенин, Москвада козгогон маселелер келечекте саясий упай катары караларын белгилеген.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG