Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Кытайдын карызын төлөө мөөнөтү узарса, Кыргызстан кошумча 2,9 миллиард сом төгүшү керек болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай өкмөтүнүн Кыргызстанга берген карызын кайтарып алуу боюнча сунуш кылып жаткан шартына ылайык кыргыз тарап дээрлик үч миллиард сомго жакын акчаны ашыкча төлөөгө милдеттүү болот. 25-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун парламентте билдиргенине караганда, азыр Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Кытай карызды төлөө мөөнөтүн транштарга бөлүп, төрт жылга узартууну сунуш кылып жатат. Мындай пролонгация үчүн пайыздык үстөгүн 2% деп аныктоодо. Сунуш, негизи, өкмөт жеңилдик боюнча аныктаган параметрлерден ашпайт. Бул сумма боюнча ашыкча төлөө 2,9 миллиард сом болот».

Кыргызстандын соңку эсептеги 4,1 миллиард доллар тышкы карызынын 1,7 миллиарды Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.

Кыргызстан Кытайдын жетекчилигине карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG