Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Кытай элчиси Кыргызстандагы кытайлык ишкерлердин укуктарынын сакталышына көңүл бурду


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган жыйын. Бишкек. 2020-жылдын 24-ноябры.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган жыйын. Бишкек. 2020-жылдын 24-ноябры.

Кытайдын Кыргызстандыгы элчиси Ду Дэвень быйылкы октябрдагы Бишкектеги саясий окуялардан улам «Кытай өкмөтү өз ишкерлеринин жана ишканаларынын Кыргызстан аймагындагы кызыкчылыктарынын жана укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурат» деди. Бул тууралуу элчи айым 24-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган жыйында билдирди.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Руслан Казакбаевдин демилгеси менен Бишкекте өлкөдөгү кытай ишкерлери катышкан жыйын өттү. Анда эки тараптын бардык багыттагы кызматташтыгы талкууланды. Казакбаев өлкөдөгү абал турукташканын жана кытайлык ишкерлердин коопсуздугуна жана алардын иштөөсүнө шарт түзүлүп, инвестициялык климатты жакшыртуу саясаты жүргүзүлөрүн айтты. Бул кеңири жыйынга өкмөттүн жана президент аппаратынын тийиштүү өкүлдөрү да катышты.

Элчи Ду Дэвень айым жетектеген кытайлык өкүлдөр 24-ноябрда Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен да жолугушканы кабардалды. Тараптар террорчулукка, өлкөлөрдүн чектеринен өткөн кылмыштуулук түрлөрүнө, баңгизат соодасына ж.б. каршы биргелешип күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытай мамлекетине таандык. 2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4,827 млрд. долларды түздү. Мунун ичинен 646 млн. доллар - ички карыз, 4,180 млрд. доллар - тышкы карыз. Тышкы карыздын ичинен Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына 1,778 млрд. доллар бересе.

Мурдагы бийликтердин тушундагы жемкорлуктун айынан Кыргызстанга сырттан келген насыялар натыйжалуу колдонулбагандыгы коомчулукта сыга алынып келди.

Быйылкы коронавирус алааматы да Кыргызстандын экономикасынын карыз төлөө мүмкүнчүлүгүнө кедерин тийгизген кошумча түйшүк жаратты.

Кыргызстан - Кытай менен чектеш өлкө. Андан тышкары ал расмий Бээжин менен бирге Шанхай Кызматташтык Уюмунун башатындагы 1996-жылы уюшулган «Шанхай бештигин» негиздөөгө катышкан шерик өлкө болуп саналат.

КЭРдин ШУАР аймагында Кызылсуу Кыргыз автоном облусу жана бир катар кыргыз автоном айылдары негизделген, ал эми Түндүк Кытайдагы Хейлуңжан вилайетине караштуу Фу-Йү үйөзүндө эң чыгыштагы кыргыз тобу байырлайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG