Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

АКШ элчилиги колдогон долбоор жаштарга IT адистигин акысыз окутат


Ариптакта сүрөтү.
Ариптакта сүрөтү.

«Креативдүү кесиптер академиясы» долбоору Кыргызстандын Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарында байырлап жаткан үч жүздөй жумушсуз жана майып жаштарды онлайн ыкмада акысыз окутат.

Бул «Креативдүү кесиптер академиясы» («The Academy of Creative Professions») деп аталган билим берүү долбоорунун ишмердигин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте «Fund Sun People» коомдук фонду колдоого алууда.

Долбоорго катышуучулар үчүн үч айлык виртуалдык курстар өткөрүлөт жана аларда графикалык дизайн, санариптик маркетинг жана видео боюнча сабактар өткөрүлөт.

Курстардын аягында бүтүрүүчүлөргө сертификат тапшырылат. Таланттуу 15 катышуучу 2021-жылдын август айындагы бул жаратмандык кесиптер жаатындагы долбоордун жыйынтыктоочу шеринесинде өздөрүнүн чыгармачыл иштеринин натыйжасын көрсөтүшөт.

Бул акысыз окуу боюнча www.creative-academy.kg сайтынан кененирээк маалымат сунушталып жатат.

Кыргызстанда маалымат технологиясынын ар кыл тармактары боюнча башка да атаандаш долбоорлор иш жүргүзүп келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG