Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Армениянын экономика министри кызматтан кетти


Тигран Хачатрян.
Тигран Хачатрян.

Армениянын экономика министри Тигран Хачатрян кызматтан кетти. Министр мындай чечимди Тоолуу Карабактагы ок атууну токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлган соң өкмөткө карата сын-пикир күчөгөн кезде кабыл алды.

Министр Хачатряндын басма сөз катчысы «Азаттыктын» армян кызматына маалыматты ырастап, анын себептерин ачык айткан жок.

Буга чейин Армениянын тышкы иштер министри жана коргоо министри өз арызы менен кызматтан кеткен болчу. Ал эми премьер-министр Никол Пашинян оппозициянын кызматтан кетүү тууралуу талабын четке кагып келет.

10-ноябрда Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы менен үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тоолуу Карабакта ок атуу токтотулган. Азербайжан соңку уруш маалында өз көзөмөлүнө алган бул аймактагы бир нече калктуу конуштар менен чөлкөмдөрдү сактап калды. Ошондой эле аймакка орус аскерлери тынчтык сактоо күчтөрү катары жайгаштырылды.

Бул келишимге кол коюлары менен аны Армениядагы коомчулуктун бир бөлүгү, анын ичинде оппозиция сынга алып, премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып кылышкан.

Азербайжан менен Армениянын талашына түшкөн Тоолуу Карабакта кырдаал 27-сентябрда курчуп, алты жумага жакын куралдуу кагылышуу болгон. Анын кесепетинен миңдеген адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG