Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Башкы прокуратура Садыр Жапаровдун атынан жардам таратылып жатканы кеп болгон видеону териштирүүдө


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Башкы прокуратура социалдык тармактарда «белгисиз кишилер «Хюндай-Портер» машинеси менен президенттикке талапкер болуш үчүн кызматын тапшырган өкмөт башчы Садыр Жапаровдун айтынан азык-түлүк таратып жатат» деген видео боюнча териштирүү баштады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, ал тасмадагы автоунаа Ноокаттын Чеч-Дөбө айылынын тургунуна тиешелүү экендиги аныкталды. Окуя боюнча топтолгон материалдар 21-ноябрда Бишкек шаардык милициясында Жазык кодексинин 192-берене («Шайлоочуларды сатып алуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Буга чейин Башкы прокуратура президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Адахан Мадумаровдун Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү жөнүндө материалды караш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөткөнүн кабарлаган.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого ат салышууга 63 киши арыз берип, ар кандай себептер менен 13ү жарыштан чыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG