Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

УКМК президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Дыйканбаевди кармады


Курманбек Дыйканбаев.
Курманбек Дыйканбаев.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат тараткан тергөөнүн маалыматына ылайык, Дыйканбаев 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо өнөктүгүнүн убагында кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, коркутуп 7 млн. сомдон ашык каражат талап кылган. УКМК Дыйканбаев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз алган каражатты шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга колдонгонун билдирүүдө.

Учурда атайын кызмат шектүү катары кармалган жогорку кызмат адамына карата сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. 24-ноябрда ал Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен шектүү катары кармалды. Учурда атайын кызмат бул фактыга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин өзүнөн же жактоочусунан маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

2018-жылы 14-февралда парламенттик мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп дайындалган. Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында «Республика» фракциясынан депутат болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG