Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:30

Кыргызстандык активист BBCнин «Жылдын 100 айымы» тизмесине кирди


BBC түзгөн дүйнөдөгү таасирдүү айымдардын тизмеси.
BBC түзгөн дүйнөдөгү таасирдүү айымдардын тизмеси.

BBC дүйнөлүк кызматы 2020-жылдагы таасирдүү жана үмүт жараткан 100 айымдын тизмесин жарыялады. Бул тизмеге кыргызстандык Көзү азиздер федерациясынын башчысы, активист Гүлназ Жүзбаева да кирди. Ал өкмөттүк документтердин Брайл шрифине өткөрүүгө тынымсыз аракет кылып, көзү азиздердин социалдык адаптациясы боюнча программаны ишке ашырганы үчүн тизмеге кошулган.

«Кыргызстанда 5000ден ашык адам көзү азиз адам бар. Алардын көпчүлүгү өздөрү үчүн маанилүү мамлекеттик документтер менен тааныша албайт. Көзү азиздер федерациясынын башчысы Гүлназ Жүзбаева бул документтердин Брайл шрифтине өткөрүлүп, жеткиликтүү болушу үчүн тынымсыз иштеп келет», деп жазды BBC.

Бул тизмеде Финляндиянын премьер-министри Санна Марин, коронавируска каршы вакцинанын үстүнөн иштеген окумуштуу Сара Гилберт, Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская жана орусиялык депутат, журналист Оксана Пушкина бар.

Жылдын таасирдүү айымдарынын тизмесинде бир орун бош калтырылган. Ал коронавируска каршы күрөштө өз өмүрүн тобокелге салып күрөшүп жаткандарга урмат катары белгиленген.

Тубаса көзү азиз Гүлназ Жүзбаева тууралуу «Азаттык» 2019-жылы видео баян даярдаган.

100 таасирдүү айымдын бири Гүлназ
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:13 0:00

XS
SM
MD
LG