Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Дүйнөдөгү эң популярдуу IT кесиптер


Калифорниядагы "Google" компаниясынын кеңсеси, 9-февраль, 2010
Калифорниядагы "Google" компаниясынын кеңсеси, 9-февраль, 2010

IT дүйнөсүндө чектөө жок. Кыргызстанда туруп эле өнүккөн өлкөлөрдө аралыктан иштесе болот.

Бул блогумда айылдагы окуучулар да дүйнө деңгээлиндеги программист болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин айткым келет. Балким азыр кээ бир багыттар өлкөбүзгө келе элек болушу мүмкүн.

Бирок IT тармагынын өнүгүшү менен алар пайда болушуна ишенем. Андыктан келечектин кесиптерине окуп, IT дүйнөсүндө революция жаратуу мүмкүнчүлүгү сиздин колуңузда.

Бир IT багыты боюнча эксперт болууга кеңеш берем. Өлкөбүздөгү өзүңөр көрүп-билип жүргөн көйгөйлөрдү IT технологиянын жардамы менен чечүүгө аракет кылгыла.

Балким сиз ойлоп тапкан тиркеме көптөгөн замандаштарыңыздын жашоолорун жакшы жакка өзгөртөт. Ошондо жөнөкөй программист эле болбостон, стартап баштап, компания негиздеп, CEO сыяктуу жогорку кызматтарга жете аласыз.

Силердин тандооңорду жеңилдетүү үчүн жүздөгөн IT багыттарын талдап чыгып, өнүккөн өлкөлөрдө эң актуалдуу деп эсептелген 30 IT кесибин тизмеге жаздым. Бул тизмеде кесиптин келечеги, маянасы, жумуш орундарынын саны ж.б. бир нече факторлор эске алынды. Ал факторлор сиз жашаган өлкө жана шаардын экономикасына жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Көрсөтүлгөн маяна тажрыйбасы жок, башталгыч (Junior Level) адистерге төлөнгөн бир жылдык орточо сумма. Маалымат www.glassdoor.com сайтынан алынды.

Окшош кесиптердин аталыштарын тиркеп койдум. Мисалы бир эле программист кесиби Software Engineer, Software Developer, Software Programmer - деп ар кайсы өлкөдө ар кандай айтылганы менен бир эле түшүнүктү билдирет.

СEO (Chief Executive Officer) - Башкы директор

CEO - бул компаниядагы эң жогорку башкаруу кызматын ээлеген адам. Ал башкаруу тууралуу акыркы чечимди кабыл алат жана жалпысынан бизнестин, компаниянын өнүгүшү үчүн түздөн-түз жоопкерчиликтүү.

Жылдык орточо маянасы: $250,000 жана компаниянын ийгилигине жараша бонус кошулат

Окшош IT кызматтары: President, Director ж.б.

CTO (Chief Technology Officer) - Техникалык директор

Компаниядагы жогорку кызматтардын бири. CEO менен түздөн-түз иштешет. Ал компаниянын илим жана технологиялык стратегиясына жооптуу. Андан сырткары компаниянын кыска жана узак мөөнөттүү долбоорлорун талдап жана аларга зарыл ресурстарды бөлүштүрөт. Инженер жана бардык ITге тиешелүү бөлүмдөрдү башкарат.

Жылдык орточо маянасы: $180,000 жана компаниянын ийгилигине жараша бонус кошулат.

Окшош кызматтар: Chief Information Officer ж.б.

CIO (Chief Information Officer)

Бул IT менежмент кызматы болуп эсептелет. Ал бүткүл компания менен IT бөлүмүнүн ортосундагы көпүрө десек туура болот. CIO компаниянын технологиялык өнүгүү стратегиясын түзүп чыгып, анын ишке ашышын көзөмөлдөйт. Анын жоопкерчилигине маалымат технологиясы жана компьютер системаларына байланыштуу бардык жумуштар кирет.

Жылдык орточо маянасы: $150,000 жана компаниянын ийгилигине жараша бонус кошулат.

Окшош IT кызматтары: Chief Technology Officer ж.б.

IT Director - IT директор

Бул компаниянын IT менежмент, инфраструктура жана стратегиялык өнүгүүсүн камсыздайт. Алар маалыматты калыбына келтирүү система жана нетворк долбоорлорун убагында жеткирүүнү көзөмөлдөйт. IT директор компаниянын өнүгүү планын эске алуу менен техникалык долбоорлорду иштеп чыгат. Компаниянын IT тармагындагы бөлүмдөргө супервайзерлик кылат жана тышкы вендорлор, менежмент кардарлар менен иштешет.

Жылдык орточо маянасы: $150,000 жана компаниянын ийгилигине жараша бонус кошулат.

Окшош IT кызматтары: Chief Information Officer, Director of Information Technology ж.б.

IT Manager - IT менеджер

Бул маалымат системалары менен компьютерлердин иштешине жоопкерчиликтүү. Ал network hardware, software жүктөө жана тейлөө процесстерин башкарат. Андан сырткары системаны монитор кылуу жана жаңы технологиялык чечимдерди изилдөө/табуу менен алектенет.

Жылдык орточо маянасы: $130,000 жана компаниянын ийгилигине жараша бонус кошулат.

Окшош IT кызматтары: Engineering Manager, Information Technology Manager ж.б.

Product Manager - Өндүрүш менеджери

Бул компанияга керектүү продукцияны иштеп чыгууга жоопкерчиликтүү адис. Алар продукция чыгарууга зарыл функцияларды жана бизнес стратегиясын түзүп чыгып, анын даяр болуп чыгышына чейин көзөмөлдөйт. Scrum ыкмасын колдонот.

Жылдык орточо маянасы: $80,000

Окшош IT кызматтары: Technical Product Manager, Platform Product Manager ж.б.

AI/Artificial Intelligence Engineer - Жасалма интеллект инженери

Жасалма интеллект проблемаларды өз алдынча чечүү технологияларын жасоо менен алектенет. Алар атайын моделдерди түзүп, тест кылып, ишке киргизет жана AI инфраструктурасынын иштешин камсыздайт. Алар жөнөкөй softwareден тартып, Machine Learning моделдерине чейин колдонот.

Башталгыч жылдык маянасы: $80,000

Окшош IT кызматтары: AI/ML Software Engineer, Data Scientist Engineer, AI/ML Platform Engineer, AI/ML Architecture Engineer, Deep Learning Accelerator Engineer ж.б.

ML/Machine Learning Engineer

Маалыматтын чоң агымы менен иштейт. Максаты жасалма интеллект түзүү болуп эсептелет. Алар компьютер буйругу жок эле өзү билип, ишти аткара ала турган акылдуу программаларды жазышат. Буга Self-driving машинелер жакшы мисал боло алат. Андан сырткары адамдын технология колдонуу адатына карап, анын жеке кызыкчылыктарын биле турган акылдуу программаларды жазышат. Мисалы, Интернеттен издеген буюмуңузду билип алып, аны кийин сизге жарнама катары көрсөтөт.

Башталгыч жылдык маянасы: $80,000

Окшош IT кызматтары: AI/ML Software Engineer, Data Scientist Engineer, Principle ML Engineer, AI/ML Platform Engineer, AI/ML Architecture Engineer ж.б.

Software Engineer - Инженер программист

Бул математикалык алгоритмдерди, илимий принциптерди колдонуп, программа (software) түзөт. Инженер программисттер операциялык системадан баштап, бизнес тиркемелерге чейин түзүп/иштеп чыгат.

Башталгыч жылдык маянасы: $ 60,000

Окшош IT кызматтары: Software Developer, Computer Programmer, Development Engineer ж.б.

Front-End Developer

Бул веб сайт же веб тиркеменин колдонуучулар көрө алган жана түздөн-түз сүйлөшкөн бөлүгүн жазган программист десек болот. Алар HTML, CSS жана JavaScript программалоо тилдеринде жазышат. Колдонуучулар веб-сайтты ачканда оңой-олтоң окуп, жеңил түшүнө турган кылып, жөнөкөй формат/дизайнга басым жасашат. Андан сырткары программистер колдонуучулардын ар кандай браузер, ар кандай OS, ар кандай форматтагы планшет, смартфондо сайттын туура ачылышын камсыздайт.

Башталгыч жылдык маянасы: $50,000

Окшош IT кызматтары: Front-End Engineer, Web Developer, Software Engineer ж.б.

Back-End Developer

Веб-сайттын аркасындагы колдонуучуларга көрүнбөгөн курамдарын жазган программисттер деп койсок болот. Алар ошол колдонуучуга көрүнбөгөн курамды иштеткен технологияларды жазып, алардын иштөөсүн көзөмөлдөйт. Веб-сайт толук кандуу иштеши үчүн анын артында серверлер, тиркемелер жана маалымат базасы (database) сыяктуу технологиялар турат.

Back-End Developer жазган программалар маалымат базасы (database) менен браузерди байланыштырат. Жыйынтыгында сиз сайттан издеген нерсени дароо маалымат базасынан таап, сизге көрсөтөт.

Башталгыч жылдык маянасы: $60,000

Окшош IT кызматтары: Back-End Engineer, Back-End Web Developer ж.б.

Full Stack Developer

Full Stack Developer - бул Front-end жана Back-end экөөсүн тең мыкты билген универсалдуу программист. Алар Linux серверлерин настройка кылганды, APIларды жазганды, колдонуучуларга тиркемени дизайн кылганды негизинен эле веб-сайттын нөлдөн баштап колдонуучуга жеткирүүнү толук билүүсү керек. Андан сырткары сервер же колдонуучу жакта болгон проблемаларды дароо таап, аларды чечмелөөгө жөндөмдүү.

Башталгыч жылдык маянасы: $70,000

Окшош IT жумуштары: Full Stack Software Engineer, Full Stack Web Developer ж.б.

DevОps Engineer - Инженер DevОps

DevОps Инженери - Программист менен System Operations ортосундагы жаңыча иштөө маданияты. Алар CI/CD pipeline, code release жана жумуштарды автоматташтыруу менен алектенет. Бардык IT бөлүмдөрү менен тыгыз иштешет. DevОps инженерлер программалоо же System Operations тармагынын эксперти болгондуктан алардын жоопкерчиликтерине системаны жакшыртууда кирет.

Башталгыч жылдык маянасы: $65,000

Окшош IT жумуштары: Site Reliability Engineer (SRE), Systems Engineer, Cloud DevOps, Build & Release Engineer, Systems Architect, DevSecOps ж.б.

QA Engineer - Тесттен өткөрүүчү же сыноочу инженер

Программисттер тиркемеге жаңы функцияларды кошкондон кийин QA Engineer каталарын текшерет. Эгерде кайсы бир функциясы иштебей жатса же каталар бар болсо аны карап чыгууга жөнөтөт.

Башталгыч жылдык маянасы: $50,000

Окшош IT жумуштары: SDET, Software Quality Engineer, Quality Assurance Tester, QA Analyst, Quality Assurance Technician & Software Quality Assurance Engineer ж.б.

Cyber Security Engineer - Кибер коопсуздугу боюнча инженер

Кибер коопсуздугу боюнча инженер - Хакер же кибер чабуулдардын алдын-алуу жана компаниянын маалыматын сактоо болуп эсептелет. Кибер чабуулдарды ооздуктоо үчүн атайын firewalls жана data encryption сыяктуу коопсуздук нетворк программаларын түзөт. Андан сырткары компаниянын бардык системаларын көзөмөлдөйт, жаңылайт (update), монитор кылат.

Башталгыч жылдык маянасы: $65,000

Окшош IT жумуштары: Cyber Security Analyst, Information & Cyber Security Engineer, Information Security Analyst, DevSecOps Engineer ж.б.

Information Security Analyst - Маалымат коопсуздугу боюнча талдоочу

Information Security Analyst - компанияда маалымат коопсуздугун камсыздаган профессионал. Ал системану коргоо үчүн firewalls сыяктуу тиркемелерди жүктөп аларды көзөмөлдөйт. Компаниянын нетворк жана системаларын коргой турган маалымат коопсуздук чараларын/эрежелерин иштеп чыгат жана алардын ишке ашуусун камсыздайт. Кибер чабуулдар күчөгөн сайын алардын иши көбөйө берет.

Башталгыч жылдык маянасы: 65,000

Окшош IT жумуштары: Cyber Security Analyst, Business Info Analyst, Market Operations Analyst, Security & Privacy Analyst, Investigative Analyst ж.б.

Data Analyst - Маалымат Талдоочу

Маалымат Талдоочу - так жыйынтык чыгаруу үчүн маалыматтарды чогултат, талдайт жана визуалдаштырат. Бизнестин өнүгүү процессин визуалдаштыруу, функцияларын өлчөө жана аларды салыштыруу аркылуу так жыйынтык берет. Маалымат Талдоочунун эмгеги ишканаларды информативдүү чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт.

Башталгыч жылдык маянасы: $60,000

Окшош IT жумуштары: Business Data Analyst, Business Intelligence Analyst ж.б.

Data Scientist - Маалымат Илимпозу

Data Scientist - бул эксперт аналитик. Ал маалымат агымын (тренд) өлчөө жана маалыматтарды башкаруу үчүн технология жана социалдык илимий изилдөөлөрдү колдонот. Data Scientist техникалык жөндөмү күчтүү, математика жана компьютер илимдерин билген адам. Алар татаал проблемаларды чечет, жаңы бизнес модулдарды иштеп чыгат жана келечектеги проблемалардын алдын-алган илимий изилдөөлөрдү жасайт.

Башталгыч жылдык маянасы: $80,000

Окшош IT жумуштары: AI Scientist, Data Architect, Deep Learning ж.б.

IT/Computer Technician - IT/Компьютер техник

Компьютер техник - жалпысынан компьютер колдонуучуларга техникалык көмөк көрсөтөт. Ал компьютерлерди оңдоо, диагноз коюу, көйгөйдү чечүү жана кардарларга тренинг өтүү сыяктуу иштер менен алектенет. Бул адистер компьютер дүкөндөрүндө, компаниялардын IT/Help Desk Support бөлүмдөрүндө иштейт жана кардарларга телефон аркылуу техникалык жардам көрсөтөт.

Башталгыч жылдык маянасы: $40,000

Окшош IT жумуштары: Computer Support Specialist, Help Desk Technician, PC Technician, Computer Repair Technician, Personal Computer Technician, Desktop Support, IT Support ж.б.

Network Engineer - Нетворк инженер

Нетворк инженери - бул компьютерлерди бири-бири менен байланыштырган системаны түзүп, пландап жана анын иштешин камсыз кылган IT адиси. Ал компаниянын ички видео, аудио, wireless нетворк сервистеринин иштешин жана бардык байланышууга керек болгон software же hardware жабдыктарды камсыздайт, жүктөйт (install) жана жаңылайт (upgrade). Андан сырткары Internet, Intranet, LAN (Local Area Network) жана WAN (Wide Area Network) сыяктуу бардык нетворк иштерин жасайт.

Башталгыч жылдык маянасы: $55,000

Окшош IT жумуштары: Network Administrator, Datacenter Administrator, Systems Engineer, Cloud Network Engineer ж.б.

Systems Engineer

Systems Engineer - бул компьютер системаларын түзөт жана аны тейлейт. Алар компаниянын бардык hardware жана software системаларынын сыйда иштешине жооп берет. Алардын татаал системаларды дизайн, интеграция кылуу жана аларды тейлөө жоопкерчиликтери да бар. Дагы бир тапшырмаларынын бири - системанын өз алдынча ойлонуу принциптерин ишке ашыруу болуп эсептелет.

Башталгыч жылдык маянасы: $55,000

Окшош IT жумуштары: Linux/Unix/Window/Cloud Systems Engineer, Network Engineer, Sr. Systems Administrator ж.б.

Database Administrator (DBA) - Маалымат базасынын администратору

Маалымат базасынын администратору - маалыматты сактоо, сорттоо жана тактоо менен алектенет. Алардын жумушу компаниянын стандарттарына жараша монитор кылуу, маалыматтын коопсуздугун жана сөздүгүн камсыздоо болуп эсептелет. Алар System DBA жана Application DBA болуп экиге болүнөт.

Башталгыч жылдык маянасы: $55,000

Окшош IT жумуштары: DBA, Oracle DBA, SQL Server DBA ж.б.

UI/UX Web Designer

UI/User interface design же user interface engineering - бул компьютер, смартфон, электроника ж.б. гаджеттерге дизайн кылынган интерфейс болуп эсептелет. Негизги басым колдонуучулардын колдонуу тажрыйбасын максималдаштырууга жасалат.

UX/User experience design - бул колдонуучунун продукцияны колдонгонуна жараша манипуляция кылуу процесси болуп эсептелет.

Башталгыч жылдык маянасы: $55,000

Окшош IT жумуштары: UX/UI Engineer, UX/UI Developer, Visual Designer, Integration Designer, Product Designer, Digital Designer ж.б.

Salesforce developer

Salesforce developer - Сейлсфорс компаниясынын CRM (Customer relationship management) тиркемесин жакшыртуу, процесстерин анализ кылуу жана ар тармактуу бизнестердин суроо-талабына жараша атайын чечимдерди иштеп чыгуу. CRM бул түрдүү индустриядагы бизнестер менен кардарларды байланыштырган тиркеме.

Башталгыч жылдык маянасы: $50,000

Окшош IT жумуштары: Associate Salesforce Developer, Salesforce Developer and Architect ж.б.

Cloud Engineer - Булут инженери

Булут инженери- бул булут (Cloud) менен байланыштуу бардык технологиялык жумуштарды аткарган IT адиси. Ал дизайн, пландоо, башкаруу, тейлөө жана cloud computing сыяктуу иштерди жасайт.

Башталгыч жылдык маянасы: $60,000

Окшош IT жумуштары: Cloud Software Engineer, Cloud Developer, Cloud System Engineer, Cloud Solutions Architect, Cloud Network Engineer, Cloud Systems Administrator ж.б.

Scrum Master

Scrum Master - бул компаниянын IT бөлөмүн, программистерди agile ыкмаларын колдонуп иштөөсүнө көмөк көрсөтөт. Scrum методу/ыкмасы командаларды agile принциптерин колдонуп, өзүн-өзү көзөмөлдөп жана кескин өзгөрүүлөрдү жасоого шарт түзөт. Ал эми scrum master ошол процессти жана маалымат алмашууну көзөмөлдөйт.

Башталгыч жылдык маянасы: $65,000

Окшош IT жумуштары: Project Manager, IT Scrum Master, Agile Project Manager ж.б.

Sales Engineer

Sales Engineer - бул жаңы технология өндүрүм/продукция же сервистерди бизнестерге саткан адис. Ал сатылып жаткан продукция, тетик жана анын функциялары жөнүндө жакшы билиши керек. Андан сырткары анын иштөөсүнүн аркасындагы илимий процессин билүүсү талап кылынат.

Башталгыч жылдык маянасы: $70,000

Окшош IT жумуштары: Application Sales Engineer, Insdustrial Engineer ж.б.

Mobile Application Developer - Мобилдик тиркеме жазган программист

Java, Kotlin, Swift, C, C++, C# сыяктуу программалоо тилдерин колдонуп, мобилдик тиркемелерди жазат. Алар Google's Android же Apple's iOS сыяктуу мобилдик платформалардын бирин тандап, анан ошого жараша тиркеме жазат.

Башталгыч жылдык маянасы: $65,000

Окшош IT кызматтары: Android Developer, iOS Developer, App Developer, Mobile Software Engineer ж.б.

Product Designer - Өндүрүш дизайнери

Өндүрүүчү, креативдүү ойлоп табуучу. Ал жаңы продукцияны ойлоп табат анан ал продукцияны кардарга сатат. Эффективдүү өндүрүш процессин колдонуп, жаңы продукция жаратат.

Башталгыч жылдык маянасы: $65,000

Окшош IT кызматтары: Product Developer, Industrial Designer ж.б.

Video Game Programmer - Видео оюндардын программисти

Бул видео оюндарын жасаган программист. Алар креативдүү, математика, компьютерди жакшы өздөштүрүп, сүрөт тартууга шыктуу болушат. Бул адистер түрдүү console, компьютер жана телефон оюндарын жасашат.

Башталгыч жылдык маянасы: $45,000

Окшош IT кызматтары: Video Game Developer, Video Game Designer, Graphics Programmer ж.б.

Айдана Өмүрбаева, АКШ

Sr. DevOps Engineer

Инстаграм @kg_usa

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG