Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Жашоомду өзгөрткөн беш эреже


Айдана Өмүрбаева үй-бүлөсү менен.
Айдана Өмүрбаева үй-бүлөсү менен.

Жаңыдан түтүн булата баштаган түгөйлөр катары өзүбүзгө адат кылып алган эрежелер жана анын жемиштери тууралуу сиз менен ой бөлүшүүнү туура көрдүк. Балким бул эрежелерди колдонуп, жашооңузга жаңылык киргизе аласыз деген ойдомун.

Үй-бүлөлүк план түзүү

Мурда биз оозеки гана план менен жашачубуз. "Бул жылы ушул нерсени кылабыз" деп эле сүйлөшүп тим болчубуз.

2015-жылдан тартып үй-бүлөлүк күндөлүк ачып, ага бир жылдык кыска жана узун мөөнөттүү план жаза баштадык. Бир жылда жасалчу иштерди айларга, жумаларга жана күндөргө бөлдүк. Анан аларды жыл ичинде аткарууга кириштик.

Бүткөн жумуштарыбызды белгилеп, жыл аягында планыбыздын канча пайызы аткарылганын көрө алдык. Жыйынтыгында астыга койгон пландарыбыздын 85 пайызын аткара алдык. Муну менен биздин план жазып иштөөнү биз адатка айлантып алдык.

Мисалы бул жылдын ичинде:

12 китеп окуу (айына 1 китеп),

12 пайдалуу макала жазуу,

12 жаңы тиркеме үйрөнүү,

12 IT workshop/event/training катышуу,

Алты конференцияга катышуу (өзүн өзү өнүктүрүү боюнча),

Беш жолу саякатка баруу,

Кызыбызга 12 музей көрсөтүү жана 2000 мүнөт китеп окуп берүү,

24 саат ыктыярчылык кылуу ж.б.

Минимализмди адатка айлантуу

Минимализм менен жашоо - бул үйдө бар нерсенин баарын жок кылуу эмес. Минимализмди адат кылып жашоо - бул "ашыкча болгондон көрө аз жана тыкан болгону жакшы" деген принцип. Үйдөгү күнүмдүк жашоого керексиз буюмдарды жоготуп, маанилүү нерселер менен гана жашоо.​

Айдана Өмүрбаева
Айдана Өмүрбаева

Биз минимализмди өзүбүзгө адат кылып үй-бүлөбүз үчүн чоң пайда келтирдик, анын жыйынтыгында убакыт, акча үнөмдөдүк. Бири-бирибизге көбүрөөк убакыт бөлө алдык.

Үйдөгү ашыкча буюм-тайымды, кийимдерди кайрымдуулукка бердик. Телевизорду, машинебизди саттык, телефонубуздагы колдонулбаган тиркемелерди өчүрдүк, компьютердеги сүрөттөр менен файлдарыбызды сорттодук.

Үй-бүлөлүк документтерибизди жана файлдарды электрондук негизде сактадык. Талдап көрсөк, социалдык тармактарда миңдей досубуз бар экен. Алар менен бардык платформада сүйлөшөт экенбиз. Ошол себептүү "Инстаграмдан" башкасынын баарын өчүрдүк. Ал баракчабыздагы тааныштарды иргеп, жакын досторду жана бизге жаккан пост жазгандарды гана калтырдык.

Жыйынтыгында кыйла убакытты үнөмдөдүк жана аны сергек жашоого арнадык.

Азыр биз бир нерсе жасардан мурда "Бул биздин жашообузга, үй-бүлөбүзгө пайда алып келеби же жөн эле убактыбыз текке кетеби?" деп сурай турган болдук.

Ушундай жол менен биз пайдалуу нерселерге гана убакыт бөлгөндү үйрөндүк. Бизге маанилүү болгон нерселер - булар үй-бүлө, ден соолук, спорт, жумуш, саякат жана жаш муундарга насаатчылык кылуу.

Биз үй-бүлөлүк адатка айланткан минимализм үйүбүздө, ишибизде жана Интернет түйүндөрүндө тыкан болууга түрткү болуп, ар бир мүнөтүбүздү туура пайдаланып, ар бир күнүбүздү жемиштүү кылууга жардам берди.

Сергек жашоо

Биз буга чейин көнүгүүлөрдү кылчубуз, бирок негедир жакшы жыйынтык болгон эмес. Жолдошум экөөбүз тең IT адиси болгондуктан көбүнчө компьютерде отуруп иштейбиз.

Биз ийгиликтүү түгөйлөрдүн чогуу машыккан спорт программаларын көпкө окуп, изилдеген соң өзүбүзгө туура келген программаны тандап алганбыз.

Айдана Өмүрбаева
Айдана Өмүрбаева

Ал программанын негизинде күн сайын чуркоону жана йоганы жашообузга аралаштырып адатка айланткандан баштап сергек жашоо бизге алдыга умтулууга түрткү болду.

Жакын адамың менен чогуу машыгуу - бул чоң бакыт жана жагымдуу эмоция десем болот. Эртең менен эрте туруп күндү чогуу тосуп, чогуу чуркоодон кийин шаңдуу болуп калабыз жана керели-кечке сергек жүрөбүз.

Эс алуу күндөрү эртең менен эрте жолдошум экөөбүз чуркайбыз, ушул жылы 24-майда чогуу марафонго катыштык. Иш күндөрү жумушка велосипед менен чогуу барабыз (күнүнө 32 км). Мен йоганы, жолдошум лифтингди жакшы көрөт.

Туура тамактануу

Эки жыл мурда кызыбыз төрөлгөндөн баштап биз туура тамактануу жөнүндө көп ойлоно баштадык.

Биз үйдө эмнени жесек, балабыз ошол тамакты жейт эмеспи. Изилдөө жүргүзүп көрсөк, биз кыргыз үй-бүлөсү катары төрт нерсени ченемден ашык жейт экенбиз, алар: май, туз, таттуу жана ундан жасалган азыктар.

Биз туура тамактануу жөнүндө окуп, көп маалымат алгандан кийин өзүбүзгө туура келген тамак-ашты, жашылча, мөмө-жемиштерди тандадык жана аны даярдоо жолун чогуу үйрөндүк. Азыр биз суу менен айранды көп ичебиз. Газдалган суусундуктардын баарын жашообуздан алып салдык.

Азыр кызыбыз биз жеген тамакты жей баштады. Ата-эне катары биз анын туура тамактанып, чоңоюшун каалайбыз. Кызыбызга пайдалуу болсун деп өзүнчө тамак жасап бергендин ордуна өзүбүз туура тамактанууну адатка айланттык.

Бала тарбиялоо

Жарык дүйнөгө келген ар бир ымыркай билим алууга жана бактылуу жашоого толук акылуу. Ата-эне катары биз балдарга татыктуу билим жана тарбия берүүгө милдеттүүбүз. Бала тарбиялоо - бул чоң чеберликти жана көп жылдарды талап кылган жумуш десем болот. Жакшы муунду көргүбүз келсе, биринчи өзүбүз үлгү болушубуз керек деп ойлойбуз.

Азыр кызыбыз дүйнө таануу менен алек, ал үчүн бардык нерсе жаңылык, биздин сүйлөгөнүбүз, басканыбыздан баштап баарын байкап, кайталаганга аракет кылат.

Өзүбүздүн бир жылдык күн тартибинен сырткары убакыт таап, кызыбызга мээрим жана тарбия бергенге аракет кылып келебиз. Америкада төрөлгөнүнө карабай кыргызча таза сүйлөп, жүрөгү кыргыз деп соккон кыз болушуна кам көрүп жатабыз.

Айта кетсем, кызыбыз төрт айлык кезинен баштап Харолд Вашингтон атындагы Чикаго коомдук китепканасына мүчө кылып каттатып, “Кичинекей гений” деген программасын аяктаганбыз. Бул программанын негизинде 500 мүнөт китеп окуп, жомок класстарга катышып жана шаардын 12 музейине чогуу барганбыз.

Кызыбыз өзү окуй албагандыктан жолдошум экөөбүз чогуу барып кызыбызга китеп окуп беребиз жана окуган китептин атын, убактысын китепканачы жазып турат. Музейлерге да чогуу барабыз. Программаны жакшы аткарган бөбөктөргө китепкананын түрдүү белектери бар. Ал да болсо балдардын ымыркай кезинен билимге болгон кызыгуусун арттырат деп ойлойм.

Сиз төрт жыл мурун эмне жумуштарды жасап, кандай ийгиликтерди багындырганыңызды, кандай китептерди окуганыңызды тизмелеп бере аласызбы? Мен үй-бүлөлүк күндөлүгүбүздү карап баарын эстей алам. Бул макала өзүңүздүн бир жыл ичинде аткарган жумуштарыңызды, өзүңүздү өнүктүрүүдө иштеп чыккан адаттарыңызды, ийгилик-жетишкендиктериңизди, иштеп тапкан кирешеңизди жана чыгашаңызды талдап көрүп, кийинки жылды жакшы пландоого жана бул жылда жетишпей калган жумуштарыңызды кийинки жылда ишке ашырып чоң-чоң ийгиликтерди жаратууга түрткү болот деп ишенем.

Айдана Өмүрбаева, АКШ

(Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG