Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

АКШда IT адиси болсоңуз утасыз


Айдана Өмүрбаева
Айдана Өмүрбаева

Мага АКШда жашаган мекендештерим жумушума жана ITге байланыштуу көп суроо узатышат.

ITни окуганга кеч эмеспи? Окуп бүткөндөн кийин жумуш таба аламбы? Компьютер билбей туруп кантип окуйм? Oнлайн курстардан окусам болобу же класска барып окуган жакшыбы? Курстардын баалары кандай?

Жогоруда менин "Инстаграм" баракчама келген суроолор жазылган. Анын баарына майдалап кеңеш берип отурбай эле жалпы жооп жазууну эп көрдүм.

Албетте, заманбап кесиптин ээси болом десеңиз ойлонбой туруп ITни окуңуз. Билим алууга эч убакта кеч эмес. Дүйнө азыр IT адистерине өтө муктаж.

Эксперттердин айтымында, 2020-жылы АКШда 1 миллионго чукул IT адиси керек болот.

Демек, программист болсоңуз алдыңкы 20-30 жылда жумушу жок калбайсыз. "Code" үйрөнүү бул "Rocket Science" (ракета куруу) эмес, бирок оңой деп да айтуудан алысмын. Эң башкысы каалоо жана аракетиңиз болсо, үйрөнүп кетесиз. Иштөө үчүн компьютерди (Hardware) чемичкедей чагуу кажет эмес, ичиндеги (Software) программасын билсеңиз болду.

Азыркы кезде ITге байланыштуу жумуштун бардык багыты жакшы.

Заман талабынa ылайык, азыр АКШда IT адистерин даярдаган курстар козу карындай жайнайт.

Онлайн курстар арзан, ал эми класска барып окусаңыз кымбатыраак төлөйсүз. АКШда курстардын баалары ар бир штатта, ар бир шаарда ар башка.

Мисалы, Чикаго шаарында "Code" үйрөткөн алты айлык "Bootcamp" курсунун төлөмү 6-20 миң долларды чапчыйт. Ал эми онлайн курстар үчүн айына 20-200 долларга чейин төлөйсүз.

Андыктан шартыңызга жана чөнтөгүңүзгө карап курс тандаганыңыз туура. Биринчи жолу окуп жатсаңыз анда класска барып окуган пайдалуу.

Мурда окуп жатып таштап, кайра улантып жатсаңыз же ITнин башка багытын класстан окуган болсоңуз анда онлайн курстарга жазылганыңыз оң.

Онлайн курстар биринчи окуп жаткандар үчүн татаал. Себеби, сиздин долбоорлоруңузду текшергенге, түшүнбөгөн жериңизди сураганга инструктор жок. Мындай учурда өз дараметиңизди билүүгө мүмкүн эмес.

ITнин кайсы багытын окуган жакшы? Диплому же сертификаты жок жумушка алабы? Кайсы "Code" тилин окуу керек жана ага канча убакыт жумшайм?

Азыркы учурда өнүккөн өлкөлөрдүн алп компаниялары "Java", "Python", "JavaScript" тилдерин колдонуп жатат. Булардын бирин билсеңиз жетиштүү. Негизинен курстан окуп баарын үйрөнүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан окуу жумушка киргенден кийин да улана берет. Башкысы бир тилди үйрөнүп, жумушка кирүү анан ишке керектүү жаңы тиркемелерди үйрөнүп, замандан артта калбоо аракети башталат.

Бир тилди үйрөнүп, жумушка кирүү үчүн үч айдан бир жылга чейин убакыт керек. Ар бир адам жөндөмүнө жараша үч айда үйрөнсө, башкалары алты ай дегенде өздөштүрөт. Көпчүлүк IT компаниялар диплом же сертификат сурабайт. Жумушка аларда сиздин тажырыйбаңызга карайт, баарлашуу учурунда ошону далилдеп берсеңиз жетиштүү.

Англис тилин канчалык деңгээлде билүү керек? Тил билбесем окуй аламбы?

Окуу үчүн да, жумуш үчүнда англис тилин жок дегенде орточо деңгээлде билүү зарыл. "Codeнин" эне тили - бул англис тили.

Жумушка кантип кирем? Жумуш процесси жана баарлашуу кандай болот?

Окууну бүткөндөн кийин резюме жазуу, аны компанияларга жөнөтүү жана интервьюга даярдануу процесси башталат.

1. Резюме:

Жакшы резюме жазуу керек;

Аны кылдаттык менен текшерүү жана менторлорго текшертүү зарыл;

Резюмеде жазылган нерсенин баарын билүү абзел.

2. Жумуш тандоо

Өзүңүзгө жаккан компаниялардын сайтына кирип, жарыяланган жумушту караңыз;

Компаниялардын тизмесин түзүп, резюме жөнөтүңүз;

Өзүңүз жашаган же жашагыңыз келген штатта компаниянын кеңсеси барын сураңыз.

Ар убак почтаңызды жана телефонуңузду текшерип, сүйлөшүүгө даяр болуңуз.

Кайсыл компания канча айлык төлөрүн алдын ала билсеңиз болот.

IT жумуш издеген сайттар

Indeed.com, Glassdoor.com, Monster.com, Dice.com.

3. Баарлашуу

Сиздин резюмеңизди жактырган компаниянын адистери сизге байланышка чыгат. Сизге жумуш бере турган болсо, канча айлык төлөрүн жана баарлашуу убактысын макулдашат.

Интервью үч бөлүктөн турат

1. Телефондон сүйлөшүү 15-30 мүнөттү алат.

2. Телефондон менежер же инженер менен 30-60 мүнөт сүйлөшөсүз. Алар резюмеде жазылгандын баарына кенен токтолот.

3. FaceToFace. Мында кеңсеге чакырышат. Инженер, менежер жана жетекчи менен бир же үч саат баарлашасыз. Алар сиз менен бир-бирден сүйлөшөт же чогуу кириши мүмкүн.

Баарлашуу учурунда сиздин тажрыйбаңызга гана эмес, адамгерчилик сапаттарыңызга, жашоого болгон көз карашыңызга жана башка артыкчылыктарыңызга маани беришет.

Баарлашуу ийгиликтүү өтсө, сизге e-mail аркылуу келишимди жөнөтүшөт жана сизге ойлонууга бир-эки жума убакыт берилет. Эмгек келишимине кол коёрдон мурда аны кылдаттык менен окуп чыгуу зарыл. Ал жерде сизге айлыктан сырткары компания бере турган бонус, эмгек өргүүсү, декрет жана башкалар жөнүндө кенен жазылат.

Сиз эмгек келишимине кол коюп жөнөткөндөн кийин алар сиз тууралуу маалыматтарды (background check) текшерип, туура көрсө бир-эки жумадан кийин иштей баштайсыз.

Урматтуу окурман бардык суроого жооп бергенге аракет кылдым. Дагы сурооңуз болсо менин "Инстаграм" баракчама @kg_usa дарегине жазыңыз.

Айдана Өмүрбаева, АКШ

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG