Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

«Спутник V» вакцинасы 95% натыйжа көрсөткөнү кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасынын натыйжалуулугу 95% түзгөнү жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын Түз инвестициялар фонду тараткан маалыматта айтылат.

«Ыктыярчыларга вакцинаны сайгандан 42 күн өткөндөн кийинки жыйынтыгы боюнча, вакцинанын натыйжалуулугу 95% көрсөттү», деп айтылат анда.

Буга чейин 95% натыйжаны СOVID-19 вирусуна каршы даярдалган атаандаш эки вакцина көрсөткөнү маалымдалган. Алар америкалык «Pfizer» менен германиялык «BioNTech» компаниялары бирге даярдаган жана америкалык «Moderna» компаниясынын вакциналары.

Мындан сырткары 23-ноябрда британиялык «AstraZeneca» компаниясы даярдаган вакцина 70% натыйжа көрсөткөнү жарыяланган. Бул дары арзан болоору жана сактоого, ташууга ыңгайлуу экени айтылган. «AstraZeneca» вакцинасынын баасы болжол менен үч АКШ долларын түзөт.

Орусиянын «Sputnik-V» вакцинасынын эки жолку ийнелик баасы чет мамлекеттердеги кардарларга 20 АКШ долларынан азыраак баада сатылары, ал эми өлкө жарандарына бекер сунушталары маалымдалууда.

Ал эми америкалык «Pfizer» менен германиялык «BioNTech» компаниялары бирге даярдаган вакцинанын ар бир ийнелик көлөмү 18 АКШ долларына сунушталат (демек, орусиялык вакцина андан кыйла арзан келет).

Орусия коронавируска каршы өз вакцинасын кеңири колдонууга чыгарган алгачкы өлкө болгон. Москва «Спутник V» вакцинасын быйыл август айында расмий каттоодон өткөрүп, кеңири сыноону баштаган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жогоруда аталгандардан башка да он чакты вакцинанын түрү натыйжалуулугу жана коопсуздугу жагынан эң соңку сыноо баскычынан өткөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG