Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

COVID-19: «Pfizer» өз вакцинасы 95% натыйжалуу экенин жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык «Pfizer» фармацевтикалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинасынын клиникалык сыноосунун акыркы жыйынтыгын жарыялады. Компаниянын 18-ноябрдагы маалыматына ылайык, сыноолор вакцина 95% натыйжалуу экенин, ал аялуу топко кирген улгайган адамдарды да коргой аларын көрсөттү.

«Pfizer» «BioNTech» компаниясы менен чогуу иштеп чыккан бул вакцинасын жакынкы күндөрдө АКШда чукул каттоодон өткөргөнү жатат.

«Reuters» маалымат агенттиги вакцина жылдын аягына чейин колдонууга чыгып калышы мүмкүн экенин жазды.

Өткөн аптада америкалык компания сыноонун баштапкы жыйынтыгын жарыялап, анда коронавирустан коргоочу вакцинасынын натыйжалуулугун 90% деп белгилеген. Аны улай америкалык дагы бир «Moderna» биотехнологиялык компаниясы өзүнүн коронавируска каршы вакцинасы 94,5% натыйжалуу экенин билдирген.

Коронавирустун алдын алуучу вакцина сыноодон өткөнү тууралуу кабар Европа жана АКШнын бир катар аймактарында COVID-19га чалдыккандар көбөйүп жаткан учурда чыкты.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин эсебинде, 18-ноябрга карата дүйнөдө кеминде 55 миллион 793 миңдей киши коронавируска чалдыкканы ырасталды.

Алардын 1 миллион 341 миңден көбү көз жумду.

XS
SM
MD
LG