Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Коронавируска каршы орусиялык вакцинаны сынаган бир нече адамдан вирус табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын сыноого катышкан айрым адамдар вирус жугузуп алганы аныкталды. Вакцинаны ойлоп тапкан Николай Гамалея атындагы борбор вирус жугузгандар вакцинанын өзүн эмес, плацебосун сынагандар болушу мүмкүн деп билдирди.

Плацебо - бейтаптын организмин сынаш үчүн айыктырчу өзгөчөлүгү жок, зыянсыз фармацевттик дары зат.

9-сентябрдан бери орусиялык «Спутник V» вакцинасын клиникалык сыноонун үчүнчү, жыйынтыктоочу баскычы жүрүп жатат. Ага 40 миңден ашык киши ыктыярдуу түрдө катышып жатат.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги бул вакцинаны 2020-жылы августта сунуш кылган. Орус президенти Владимир Путин аны СOVID-19га каршы дүйнөдөгү каттоодон өткөн алгачкы вакцина деп атаган болчу.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 150дө ашык вакцинанын үстүнөн иш жүрүп жатат. 25 препарат текшерүү баскычына жеткени кабарланган.

XS
SM
MD
LG