Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

COVID-19: ЮНИСЕФ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ажатын ачуу ниетинде


Сауд Арабстанда 21-22-ноябрда виртуалдык ыкмада өткөн "Чоң Жыйырмалыктын" саммитинин катышуучуларынын "үй-бүлөлүк" фото сүрөтү дал ушундайча сунушталган. Салва аксарайы, эт-Турайф конушу, эд-Диръия шаары, Сауд Арабстан. 2020-жылдын 20-ноябры.
Сауд Арабстанда 21-22-ноябрда виртуалдык ыкмада өткөн "Чоң Жыйырмалыктын" саммитинин катышуучуларынын "үй-бүлөлүк" фото сүрөтү дал ушундайча сунушталган. Салва аксарайы, эт-Турайф конушу, эд-Диръия шаары, Сауд Арабстан. 2020-жылдын 20-ноябры.

ЮНИСЕФ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү коронавируска каршы 2 млрд вакцина менен жабдуу ниетин маалымдады.

БУУнун балдар агенттиги (ЮНИСЕФ) 23-ноябрда жарыялаган маалыматка караганда, келээрки жылы бул уюм 2021-жылы өнүгүп келе жаткан 92 өлкөнү камтый тургандай опол тоодой иш аткарып, COVID-19 илдетине каршы 2 миллиард вакцинаны жана 1 миллиард дарыгерлик ийнени бул өлкөлөргө жеткирмекчи.

ЮНИСЕФ буга чейин эле вакциналарды сатып алуу жаатындагы дүйнөдөгү эң ири кардар болуп саналган. Адатта ЮНИСЕФ жыл сайын вакциналардын 2 миллиард дозасын сатып алып, дээрлик 100дөй өлкөдө ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алган эмдөө иштерине пландуу түрдө көмөк уюштуруп келчү.

"Бул мурда болуп көрбөгөндөй тажрыйба вакцинаны муздак сактоо эрежелерин сактаган кырдаалдагы миңдеген чынжырдык байланыштарды багыттап турууну өзүнө камтыйт. Мунун өзү ЮНИСЕФти температурасы ырааттуу көзөмөлдөнүп турчу өнүмдөрдү камсыздоо чынжырын башкаруу жаатындагы адиске айлантат; бул - азыркы тарыхый иш-чараны жүзөгө ашыруу маалында өзгөчө зарыл нерсе", - деп ЮНИСЕФтен маалымдашты.

COVID-19 илдетине каршы вакциналарды тийешелүү өлкөлөргө жеткирүүнүн логистикалык чоо-жайларын даярдоо максатында ЮНИСЕФ аба жолдору, деңиз жолдору жана кургактыкта жүк ташыган жана мындай жүк ташууга шарттарды түзүүнү уюштурган жүздөгөн компаниялар менен эмитеден эле иш алып барууда.

Коронавируска каршы вакциналарды дүйнө жүзү боюнча ылдам жеткирүү менен байланышкан келээрки жылкы иш-аракет буга чейин тарыхта эч болуп көрбөгөндөй эң ири өлчөмдөгү жана өзгөчө ыкчам аткарылчу иш-чара болуп калаары күтүлөт.

ЮНИСЕФтин жабдуу маселелери боюнча бөлүмүнүн директору Этлева Кадилли: "Бул баа жеткис өз ара кызматташтык дал ушул тарыхый жана опол тоодой иш-аракетке зарыл болгон жетишерлик унаа мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууда зор мааниге ээ", - деп баса белгиледи.

Өткөн аптанын соңунда дүйнөнүн экономикасы мыкты өнүккөн мамлекеттеринин жетекчилери COVID-19 илдетине каршы вакциналарды адилеттик менен жана "бардык адамзат" камсыз кылуу үчүн "бар аргасын" жүзөгө ашыра тургандыктарын, ошондой эле, пандемиядан өлчөөсүз зыян тартып жаткан начар өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүшөөрүн билдиришти.

Сауд падышасы Салман бин Абдел Азиз 21-ноябрда "Чоң Жыйырмалыктын" 15-жылдык саммитин виртуалдык куттук сөзү менен ачып жаткан учурду журналисттер экрандан көрүүдө. Эр-Рияд, 2020-жылдын 21-ноябры.
Сауд падышасы Салман бин Абдел Азиз 21-ноябрда "Чоң Жыйырмалыктын" 15-жылдык саммитин виртуалдык куттук сөзү менен ачып жаткан учурду журналисттер экрандан көрүүдө. Эр-Рияд, 2020-жылдын 21-ноябры.

Бирок "Чоң жыйырмалыктын" саммитиндеги мындай жагымдуу маанайга муздак суу сепкендей маалыматты Батыш Европанын эки ири өлкөсүнүн өкүлдөрү ортого салып, турмуш чындыгын эске салышты: өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо үчүн атайын каражатты топтоо иши маалкатылып жаткан чакта, бай мамлекеттер вакциналарды сатып алуу боюнча долбоорлордун бардыгын сатып алууга шымалана киришүүдө.

Германиянын канцлери Ангела Меркел 2021-жылдын акырына чейин 2 миллиард вакцинаны өндүрүп, калайыкка жеткирүү үчүн эл аралык коомчулук биргелешип аракеттенүүсү керектигин белгиледи. Азыркы тапта коронавируска каршы күрөш үчүн дээрлик 5 миллиард доллар (4,2 миллиард евро) акча чогултулду, анын ичинде Германиянын 500 миллион евродой салымы бар экенин "Дойче Велле" кабар агенттиги маалымдады.

"Чоң жыйырмалыктын" аралыктан уюштурулган саммитине Сауд Арапстан төрагалык кылды.

Сауд падышасы Салман бин Абдел Азиз 21-ноябрда саммитти ачып жатып, коронавирус илдетине каршы күрөштө, анын ичинде вакциналарды пайдаланууда дүйнө өлкөлөрү бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусуна жетишүү зарыл, деп билдирген болчу.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин айтымында, карызга белчесинен баткан өзгөчө жакыр өлкөлөр "каржылык ойрон болуунун, жакырчылыктын, ачарчылыктын жана айтып жеткис азап чегүүнүн" жарына кептелип калышты.

Коронавирустун оор каржылык залакасын баштан кечирип жаткан мамлекеттердин арасында Кыргызстан да бар.

Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы Кыргызстанда 28-30 млрд. сомду түзөөрү алдын-ала маалымдалды. Кайра такталган бюджетте дефицит 36 млрд. сом болгону кабарланды. Ошондо Кыргызстандын бюджетинин быйылкы кирешеси 137 млрд. 100 млн. сом, чыгашасы 172 млрд. сом экени маалымдалды.

Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр азыркы кырдаалда дүйнөлүк коомчулуктан көмөк күтүшүүдө. ЮНИСЕФтин келээрки жылга белгиленип жаткан вакцина сатып алуу жана ыкчам жеткирүү жаатындагы ишмердигине өнүгүп келе жаткан мамлекеттер өзгөчө үмүт менен карашат. (TT)

XS
SM
MD
LG