Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Жакынкы Чыгышта балдар эмделбей калды


Сириядагы балдар. 16-февраль, 2020-жыл.
Сириядагы балдар. 16-февраль, 2020-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Ирак, Сирия, Йемен, Ливия, Ливан жана Жибути өлкөлөрүн балдарды полиомиелит жана кызылчага каршы эмдөөнү кайра баштоого чакырды. Ушул илдеттер менен күрөшүү эки жылдан бери токтоп, коронавирус пандемиясына байланыштуу кайра уланбай жатканы белгиленет.

“Бул алты өлкөдө 15 жашка толо элек 15 миллион бала кызылчага кабылышы ыктымал. Анткени аларда вакцина алуу мүмкүнчүлүгү жок. Вакцинанын жоктугунан жана эмдөө өнөктүгү токтотулганынан улам 10 миллион бала полиомиелитке чалдыгуу коркунучунда”, дейт ЮНИСЕФтин Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Африка боюнча аймактык жетекчиси Жульетт Тома.

Акыркы айларда аба мейкиндиктери жабылганына карабай ЮНИСЕФ бул үчүн аймакка 20 миллион доза вакцина жөнөткөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG