Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

АӨБ жана ЮНИСЕФ Кыргызстанга 200 миң долларлык медициналык жардам берди


Азия өнүктүрүү банкы жана ЮНИСЕФ берген медициналык жардам.
Азия өнүктүрүү банкы жана ЮНИСЕФ берген медициналык жардам.

Азия өнүктүрүү банкы жана ЮНИСЕФ 27-майда Кыргызстанга медициналык жардамдын кезектеги бөлүгүн берди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул жолу ИВЛ аппараттарына колдонулчу реанимациялык жабдуу, 300 эндотрахеалдык түтүк, 1500дөн ашык дем алдыруучу система берилди.

Жабдуулар Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасына жана облустардагы ооруканаларга бөлүштүрүлдү. Мындан тышкары 11 300 медициналык мээлей Бишкектеги жана өлкөдөгү алты клиникалык төрөт үйүнө таратылып жатат.

Кыргызстанда коронавирус менен күрөш үчүн 200 миң АКШ долларына бааланган медициналык жабдуулар Азия өнүктүрүү банкынын чукул жардамынын негизинде берилди. Өткөн айда 20 миң медициналык мээлей жана 1300 комбинезон алынып келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG