Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

Пандемияда эл аралык уюмдар ӨКМге тогуз млн. сомдук жардам беришти


Орусиядан Кыргызстанга келген гуманитардык жардам. Июль, 2020-жыл. «Манас» эл аралык аэропорту.
Орусиядан Кыргызстанга келген гуманитардык жардам. Июль, 2020-жыл. «Манас» эл аралык аэропорту.

Коронавирус пандемиясынын убагында эл аралык уюмдар Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ОКМ) тогуз миллион сомдук гуманитардык жардам беришти. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров 3-августтагы брифингде билдиргендей, эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам жеке коргоочу каражаттар, хлор, гигиеналык каражаттар жана башка товар түрүндө келди.

«Гуманитардык жардам көрсөтүүдө эл аралык өнөктөштөр чоң салым кошту. Алар - Кыргызстандагы «Кызыл жарым ай» коому, «Чек арасыз дарыгерлер» уюму, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Өнүгүү программасы (ПРООН), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ). Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча топ иштеп, анын координациясы менен бир топ жардам көрсөтүлдү», - деди ал.

Замирбек Аскаровдун маалыматына караганда, эл аралык уюмдардан тышкары мамлекеттик органдар жана жарандар ӨКМге көмөк көрсөтүп жатышат. Гуманитардык жардам ӨКМдин аймактык түзүмдөрүнө, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына, Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара жана Мамлекеттик салык кызматтарына таратылган.

Июнь-июль айларында Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга чалдыккан адамдар кескин көбөйүп, дары-дармек, медициналык жабдуу жана медицина кызматкерлери жетишсиз экендиги байкалган.

XS
SM
MD
LG