Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Кыргызстан жакырчылыкты жеңе элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банк Борбор Азия чөлкөмүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли боюнча жаңы баяндама жарыялады.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия чөлкөмүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли боюнча жаңы баяндамасында соңку он жылдан бери Кыргызстанда жакырчылыктын жалпы деңгээли 20 пайыздан ылдыйга кыскарбаганы жана өлкөнүн алыскы аймактарында анын көрсөткүчү 40 пайыздан төмөн түшө электиги белгиленген.

Баяндамада чөлкөм боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын алыскы аймактарынын калкынын жашоо деңгээли эң төмөн экени көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын улуттук статистика комитети Дүйнөлүк Банктын эсептөө усулдары айырмаланарын жүйө катары келтирип, сандардагы айырмачылыктарды мына ошону менен байланыштырды.

Өлкөнүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жакырчылыкты кыскартууда соңку жылдары жылыштар бар экенин, бирок калктын орточо киреше тапкан катмарынын өсүшү жай экенин өзгөчө белгиледи.

Өргө жылуу токтогон он жыл

Дүйнөлүк банктын 17-октябрда жарыяланган баяндамасында Борбор Азия чөлкөмүндө 2000-жылдардан тарта жакырчылыкты кыскартууда бир топ жылыштар байкалганы менен соңку он жылда анын ыргагы абдан эле жай жүрүп жатканы көрсөтүлгөн.

Мисалы, Кыргызстанда 2002-жылы жакырланган калктын деңгээли 70% түзсө, 2009-жылы бул көрсөткүч 20% чейин кыскарган. Бирок соңку он жылдан бери жакырчылыктын деңгээли төмөндөбөй, ошол чекте кала берген. Кыргызстандын тарыхында 2007-жылы бюджет профицит менен кабыл алынып, 2007-2008-жылдары экономикалык өсүш байкалганы мисал келтирилген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев соңку он жылдагы өкмөттөрдүн бири дагы жакырчылыкты жоюуда көзгө көрүнөрлүк жыйынтык көрсөтө алган жок деп эсептейт:

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

- Чынында эле соңку он жылда Кыргызстан жакырчылыкты жоюу чараларын көрүү боюнча артка кетти. Кийин келген өкмөттөр бул тууралуу ойлоп дагы коюшпады. Алардын бир дагы аракети болбогону өкүндүрөт. Алар негизинен бийлик анан байлык бөлүшүү менен алек болушту. Экономиканын реалдуу сектору өнүккөн жок. Жыл сайын экономикалык көрсөткүчтөр тескери сальдо менен жабылып келе жатат. Орто ишкердик жабылып, инвестиция өлкөдөн чыгып кетти. Эмне үчүн? Себеби биз бардык маселени саясий конъюктурага байлап койдук. Кыргыз өкмөтү максаттуу түрдө, артыкчылык берип чын ниеттен ишке ашырган бир дагы программа болгон жок. Бардыгы кагаз жүзүндө болду. Жаңы жумуш орундары ачылып, кошумча киреше булактары табылган жок. Ушундай абалда кантип анан жакырчылык жоюлсун?

Дүйнөлүк банктын баяндамасында 2009-жылга чейин Кыргызстан менен Тажикстанда жакырчылык жылына жети пайызга төмөндөп, анан жакыр калктын саны жылына бир пайызга кыскарса, кийинки жылдары калктын жашоо деңгээлин көтөрүү бир топ жайлап калганы белгиленген.

Көрсөткүчтөрдөгү айырмачылык

Бирок Кыргызстандын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров соңку жылдары жакырчылыкты жоюуда бир аз жылыш бар экенин билдирди:

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

- Маселен, 2017-жыл менен 2018-жылды салыштырып көрсөк, 2017-жылы жакырчылыктын деңгээли 25,6% түзсө, калктын жакыр катмары 2018-жылы 22,4% азайды. Демек жакырчылык бул мезгил аралыгында 3% кыскарды дегенди түшүндүрөт. Биздин өкмөт жакырчылыкты жоюуга өзгөчө мамиле жасайт. Атайын бекитилген программага ылайык, жакырчылыкты жыл сайын 1% кем эмес деңгээлде кыскартуу планын бекиткенбиз.

Чөлкөмдөгү жакырчылыктын абалын изилдеген отчётто, өлкөнүн аймактары боюнча алганда, калктын жакыр катмары алыскы жана тоолуу айылдарда экени көрсөтүлгөн.

Шаар калкына салыштырмалуу Кыргызстандагы жакыр калктын деңгээли алыскы аймактарда 40% чейин жеткен. Эл аралык стандарт боюнча, күнүмдүк тапканы бир адамга 1,90 долларга чейин болсо өтө жакыр, күнүмдүк кирешеси жан башына 3,20 долларды түзсө, жакыр жана бир күндүк кирешеси 5,50 доллар болсо ортодон төмөн, күнүнө 10 долларга чейин чыгымдай алган калктын катмары орточо катмар катары каралат.

Бул Дүйнөлүк Банктын калктын кирешеси менен керектөөсүн эсептеген ыкмасы менен иштелип чыккан стандарт.

Улуттук статистикалык комитет анын усулдары Дүйнөлүк Банктыкынан айырмалана турганын билдирген.

Оожала албаган орто катмар

Анткен менен министр Улукбек Кочкоров өлкөдө чынында эле орто катмар аз экенин айтып, анын себептерине токтолду:

- Өлкөбүздө ортоңку катмардын аз болгону бул эми көп жылдардан бери улуттук кирешени бөлүштүрүүгө байланыштуу болду. Анан бул жумушсуздук маселесине байланган. Анткени биздин 1 млн. ашуун жарандарыбыз сыртта. Республиканын ичинде болсо 160 миңдей жумушсуз бар. Жумушсуздуктун кесепети жакырчылыкка таасир этип, ортоңку катмар калыптанбай жатат. Анан улуттук кирешени кайра бөлүштүрүүдө маселе болуп, чакан жана орто ишкердик өнүгө албай турат.

Социологдор менен экономисттер орто катмары элдин көпчүлүгүн түзгөн өлкөлөрдө дайыма туруктуулук жана алдыга жылган өнүгүү бар экенин айтып келет. Ошондой эле орто катмар күчтүү коомдо эң бай жана эң жакыр катмар аз көрсөткүчтү түзүп, социалдык чыңалууга жол бербей турганы мисалга алынып жүрөт. Көпчүлүк европалык жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы айрым өлкөлөрдө калктын орто катмары чечүүчү ролду ойнойт.

Чабал экономика, чаалыккан жумушсуздук

Дүйнөлүк банктын баяндамасында жакырчылыктын негизги себеби катары чөлкөмдөгү жумушсуздук мисалга алынган. Ал эми жумушсуздук жаңы жумуш орундарын ачууга шарт түзгөн экономиканын абалы менен түздөн түз байланыштуу.

Бирок Кыргызстан жаңы жумуш орундарын ачкан өлкө катары таанылбай, жумушчу күчүн экспорттогон өлкө катары белгилүү болду. Ал тургай өкмөт эмгек мигранттарынан келген акча которуулардын көлөмү менен мактанган учурлар көнүмүш адатка айланды.

Экономист Улукбек Кыдырбаев калктын эмгекке жарамдуу катмары сыртка көчүп кетип жатканы өлкөдөгү чыныгы жагдайды аныктоочу көрсөткүч экенин белгиледи:

Экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү болгон калктын эмгекке жарамдуу катмары өлкөнү таштап чыгып кетип, мына ошол бойдон келбей калганы бул биздин экономиканын келечеги үчүн коркунучтуу.


- Жыл сайын улам жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча түшүнүк калыптанышы керек эле. Бул максат ишке аша баштаса, анда жергиликтүү жаштарыбызды сыртка кетирбей, аларды жумуш орундары менен камсыз кылуу маселеси чечилмек. Мына ошондо алар сыртка чыгып, иштебей эле өлкөнүн ичинен керектүү кирешесин тапмак. Алардын арасынан анан коомубузду алдыга жылдыра турган ортоңку катмар калыптанмак. Бирок бизде тескерисинче миграциялык агым күчөгөнүн жакшы көрүнүш катары колдоп жатабыз. Жаштар сыртка чыгып, тажрыйба топтоп келсе жакшы. Бирок экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү болгон калктын эмгекке жарамдуу катмары өлкөнү таштап чыгып кетип, мына ошол бойдон келбей калганы бул биздин экономиканын келечеги үчүн коркунучтуу. Бул деген орто катмар жакынкы болочокто бизде калыптанбайт дегенди туюнтат.

Дүйнөлүк банктын баяндамасында Кыргызстандагы жакырчылыкты кыскартуу көрсөткүчүнүн төмөндөбөй жатышы - өлкөдө жүргүзүлгөн социалдык-экономикалык саясаттын жыйынтыгы катары көрсөтүлгөн.

Дүйнөлүк Банк Борбор Азиядагы жакырчылыктын абалы боюнча соңку баяндамасын жакырчылыкка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата жарыялады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG