Линктер

ишемби, 17-август, 2019 Бишкек убактысы 23:16

Салыктын жүгү бизнести көмүскөгө түртөт


Ош шаары.

Ош шаарында ишканалардын салык үчүн карызы 35 млн. сомдон ашты. Ишкерлер салык системасынын оордугу көмүскөгө кетүүгө аргасыз кылып жатканын айтышууда.

Төлөнбөгөн карыз 35 млн. сом

Ош шаардык салык кызматынын маалыматы боюнча, мамлекеттик бюджетке салык төлөбөй келе жаткан ишканалардын сап башында «Асур» ишканасы турат.

Анын мамлекетке салык боюнча карызы 11 897 254 сом. Экинчи орунда турган «Интерстрой» ишканасы андан азыраак көлөмдөгү салыкты - 11 599 606 сомду өз учурунда төлөбөй келген.

Андан кийинки ишкана үч млн. сомдон ашык салык төлөбөй келсе, калгандары дагы азыраак болуп отуруп, жалпысынан 35 млн. сомго жакын салык мамлекетке төлөнгөн эмес. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын адиси Асылбек Абдрай уулу билдирди:

«Акыркы эки жылдан бери «Асур» ишканасынын төлөбөгөн салыгы 7, 254 млн. сом болсо, туум 4, 632 млн. сом. Туум азыр да өсүп жатат. Кийинки «Интерстрой» ишканасынын карызы 6,950 млн. сом, туумдары 4,642 млн. сом. Салык төлөбөй жүргөн ишканаларды сотко бергенбиз, сот алардан салык өндүрүү боюнча чечим чыгарып берген. Учурда алардан салык өндүрүү аракетиндебиз».

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Салык башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда Ош шаарында 10 миңге жакын ишкана жана 30 миңге жакын жеке ишкер катталган. Алардын быйылкы жылдын беш айында төлөгөн салыгынын суммасы 997,362 млн. сомду түздү. Бул былтыркы беш айга салыштырмалуу 1,75 млн. сомго көп.

Ош шаары көлөмү жана элинин саны боюнча баш калаа Бишкектен кийинки орунда турса, ишкана, коомдук тамактануучу, эс алуучу жана башка коммерциялык мекемелердин саны жагынан да ошондой эле орунда. Ош шаарында ири салык төлөөчү ишканалардын айрымдары айына бир млн. сомдон тартып 10 млн. сомго чейин салык төлөшөт. Алардын ичинде «Нуртелеком» жана «Мегаком» мобилдик компаниялары бар.

Ишкерлер салыктан качууга аргасыз

Шаардагы ишканалардын канча пайызы көмүскөдө экенин көрсөткөн расмий так маалыматтар жок. Бирок ишкерлердин айтымында, алардын дээрлик 20-30% көмүскө иштейт же айландырган акчасынын көлөмүн, кирешесин жашырып, аз өлчөмдө гана көрсөтөт.

Ишкерликтин салык төлөөдөн качышына ириде салык системасындагы оорчулук, түрдүү салыктардын көптүгү себеп болуп жатканы айтылып жүрөт.

ЖИА бизнес-ассоциациясынын Ош облустук башкармалыгынын төрагасы Канатбек Акаевдин «Азаттыкка» айткан пикири боюнча, кошумча нарк салыгы, соодадан алынуучу жана киреше салыгы деп салыктардын түрүнүн көптүгү ишкерликти өнүктүрүүгө жолтоо болууда. Мындан тышкары Соцфондго төлөнүүчү 20% салык да көп.

Канатбек Акаев.
Канатбек Акаев.

«Биздин салык системабыз уникалдуу, эч жерде жок десек жарашат, - деди Канатбек Акаев. - Европанын системасынан алынган кошумча нарк салыгы бар, Американы туурап соодадан алынуучу салыкты да киргизип алганбыз. Алар аз келгенсип патент системасы менен салык төлөөгө да болот. Жалпы баарына бирдей салык системасын киргизиш керек. Мисалы, бизде бир ишкер башка бир ишкерден товар алып, ага эсеп фактурасын талап кылса, ал «мен патентте отурам» дейт. Демек, андан алган товарынын кошумча нарк салыгын да берки ишкер төлөп калат. Бул өз кезегинде анын өндүргөн товарынын өздүк наркына таасир этет».

Канатбек Акаевдин сунушу боюнча бирдиктүү, тегиз салык көмүскөдөгү ишкерлерди да ачыкка чыгармак.

«10% кирешеден салык бар, - дейт ишкерлердин өкүлү. - Көп ишкерлер ушундан качып кирешесин көрсөтпөйт. 12% кошумча нарк салыгы бар. 1-2% соодадан алынуучу салык бар. Эгер товар айландыруучу акчасы 8 млн. сомдон ашып кетсе, кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү. Ишкерлерди кыйнап жаткан ушу. Бул система менен биздин өкмөт көмүскө ишкерлерди ачыкка чыгара албайт. Ушул эле система менен көмүскө бизнести да камчылачу болсо, анда көмүскө ишкерлик да жок болуп, жумушсуздук күчөйт».

​Салыктан тышкары Соцфондго төлөнүүчү 10 пайыз төлөм бар. Ишкерлердин сөзүнө таянсак, бүгүнкү күнү колундагы жумушчулары менен кызматкерлерин келишим же башка шарт менен мыйзамдуу иштетүүгө бул да терс таасирин тийгизет. Алардын айтымында, ушундан улам көп жумушчулар өздөрү айлык акысынан 20% салык менен Соцфондго төлөөдөн баш тартышат.

Салыктан кыйгап өтүүчү схемалар

Ош шаарындагы ишкерликти колдоо борборунун юристи Бакытбек Сартмаметовдун пикиринде, патент системасы чакан ишкерликке ыңгайлуу болгону менен өз кезегинде айрым ишкерлердин салык системасын кыйгап өтүшүнө шарт түзөт.

Бакытбек Сартмаметов.
Бакытбек Сартмаметов.

«Патенттик системада накталай акча иштеткен ишкерлердин жүгүртүп жаткан акчасын көзөмөлдөө оор, - деди ал. - Базарлардагы дүң соода кылган соодагерлер патент менен иштешет. Бирок алардын канча акча жүгүртүп жатканы белгисиз. Бул жагынан салык тармагы уттуруп жатат. Мамлекетке миллиондогон сом салыктар төлөнбөй жатат».

Патент менен иштеген ишкерлердин айландырган акчасынын көлөмү алар тендерге катышып, ал жерде банк аркылуу иш жүргүзгөндө анык болот. Андай учурда айландырган акчасынын көлөмү 8 млн. сомдон ашкан ишкер ири ишкана катары башка система менен иштөөгө милдеттүү. Бирок жүгүрткөн акчасы 8 млн. сомдон көбөйүп кеткенин жашыруу максатында бүгүнкү күндө түрдүү схемалар иштейт. Алардын бири «тендерщик» деп аталат.

ЖИА бизнес-ассоциациясынын өкүлү Бектурсун Такелеев бул схема да өз кезегинде салык мыйзамдарын кыйгап өтүү жагынан ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берерин ачыкка чыгарды:

Бектурсун Такелеев.
Бектурсун Такелеев.

«Жүгүрткөн акчасы 8 млн. сомго жетсе ишкер кайра жаңы ишкана ачат. Мисалы, бир эле ишкер 18-20 ишкана ачып алып патент менен иштей берет. Мындай учурда ишкерлерге «ишеним кат боюнча өкүл» деген система жардамга келет. Бир үй-бүлө мүчөлөрү бир нече ишкана ачып алып, ири тендерлерге катышып, аны утуп, иштей беришет. Бирок салык өтө аз өлчөмдө, патенттин суммасында гана төлөнөт».

Өкмөт Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү 40% ашканын мойнуна алган. Мамлекеттик салык кызматы быйыл төрт айда былтыркы учурга салыштырмалуу 76 млн. сомго аз салык жыйнаган.

Былтыр мамлекеттик бюджеттин кирешесине дээрлик 6,5 млрд. сом чогулбай калган. Анын бир себеби салыктын аз жыйналышы экени айтылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG