Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:09

Өкмөт экономиканы ачыкка чыгаргысы келет


Өкмөт Кыргызстандын көмүскө экономикасынын көлөмүн кайрадан изилдеп чыгууну пландап, ошого жараша мамлекеттин фискалдык саясатын өзгөртүүнү болжоп жатат. Экономисттер болсо фискалдык саясатты өзгөртүү натыйжа бербей турганын айтышууда.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште экономика министри Артем Новиков Кыргызстандын көмүскө экономикасынын үлүшү ички дүң өнүмдүн 23,3 пайызын түзөрүн белгилеген. Анын айтымында, ишкерлерди көмүскөдөн чыгарыш үчүн мамлекет фискалдык саясатын өзгөртүшү керек.

Мындай демилгени Кыргызстандын Экономика министрлигинин көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Кубат Шатманалиев да колдойт.

- Биз көмүскө экономика жөнүндө сөз кылганда салык төлөгөндөн качкан ишкерлерди, мыйзамсыз иштегендерди айтабыз. Мунун баары эле келип фискалдык саясатка такалат, - деди ал.

Экономика министри келтирген көрсөткүчтөр менен айрым экономисттер макул эмес. Экономист Эркин Абдразаков көмүскө экономиканын үлүшү 70 пайыздан эчак эле ашып кеткенин айтып, маселе фискалдык саясатты оңдоп-түзөө менен эле чечилбейт деген оюн “Азаттыкка” билдирди.

- Казакстан жакында эле бажыдагы коррупциялык элементтерди, товар ташуудагы аткезчиликти ачыкка чыгарып койду. Жакында эле ЕАЭБдин алкагында Бажы жана Салык кодекстери иштей баштады. Ошого байланыштуу төлөмдөр азыраак болсо да көбөйдү. Эми өкмөт жакында өз отчетун берет. Ошого ишарат кылып коюп эле, ар кимге сөгүш берип койгону менен, бул өкмөттүн эмгеги эмес. Муну ЕАЭБдеги өнөктөштөрдүн эмгеги десек болот. Былтыркы жылдын ортосунан бери бир да чоң инвестор келип, Кыргызстан менен сүйлөшүп, ишти аткарайын деген жок. Биз үстү-үстүнө насыя ала берип, Кыргызстандын экономикасын дефолттук абалга алып келип койгонбуз. "Фискалдык саясатты өзгөртүү менен көмүскө экономиканын өлчөмүн азайтабыз" деген - бул болбогон жомок. Жакын арада боло койбойт.

Быйыл Экономика министрлиги Дүйнөлүк банктан көмүскө экономиканын үлүшүн эсептеп, ошого жараша чара көрүш үчүн каражат сурап, долбоор бекитилген. Ага ылайык министрлик жергиликтүү консалтинг компаниясын жалдап, ага тапшырма берет.

Ошондой компаниянын өкүлү, экономист Искендер Шаршеев фискалдык саясатты өзгөртүү менен көмүскө экономиканы үч пайызга гана азайтса болоорун айтып, бирок буга бир да саясий топтун эрки жетпей койгонун кошумчалады

Искендер Шаршеев.
Искендер Шаршеев.

- Үч пайызга түшүрсө болот. Биз ал жөнүндө атайын стратегия жазып, жарыялаганбыз. Ал стратегияны ар кайсы убакта ар кайсы саясий топтор кескилеп-кескилеп колдонгонго аракет кылган, бирок бир да саясий топ алып, аны аткарганга эрки да, ниети да жеткен жок. Бизде ал стратегия бар.

Бишкектеги Эл аралык бизнес кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков ишкерлердин көмүскө экономикага өтүп кетип жатканын өлкөдөгү мыйзамдын аткарылбаганы жана баарына бирдей шарт түзүлбөй жатканы менен түшүндүрөт.

- Мыйзам адилетсиз болуп жатканын көргөн ишкер мыйзамдуу иштегенди да каалабайт, ийгиликке да жете албайт. Ошондуктан менин оюмча көмүскө экономиканы азайтыш үчүн мыйзам үстөмдүгүн орнотуш керек. Ишкерлер айрыкча сот системасына ишениши керек.

Былтыр өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 50 пайызы көмүскөдө экенин парламент депутаты Акылбек Жапаров айтып чыккан. Андан мурда 2015-жылы Кыргызстандын премьер-министри болуп турган Жоомарт Оторбаев өлкө экономикасынын 60 пайызы көмүскөдө экенин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Касым Рахманкулов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG