Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:42

Тамеки тарткандардын чөнтөгү жукарат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан баштап тамеки кымбаттады.

Ушул жылдын 1-январынан тартып Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр иштей баштады. Мындан ары 2022-жылга чейин жыл сайын тамеки 10 сомго кымбаттап турат, ал эми бааны өкмөт бекитет. Чылымдын бир кутусу быйыл 50 сомдон арзан болбойт.

Бишкектин тургундарынын бири Эрмек Кайнаровго баанын көтөрүлүшү жаман кабар болду:

- Башка айла жок. "Эми кымбаттатпаган тамеки эле калды эле" деп коесуң да. Башка эмне кыла аласың? Жумушу, акчасы жоктор үчүн таасирин тийгизет, бирок акчалууларга билинбейт. Айла жок, он сом кошсо он сом берип аласың да, туурабы?

Кыргызстанда соңку жылдары 25 жаштан 50 жашка чейинки эркектер арасында чылым чегүү азайганы менен, ушул эле жаштагы аялдардын арасында тамеки тарткандар көбөйгөнүн иликтөөлөр көрсөткөн.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири Дастан Бекешов буга чейин коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамды да сунуш кылган болчу. Депутат Салык кодексине мындай өзгөртүү киргизүүнү бюджет тартыштыгын толтуруу жана өспүрүмдөрдү тамекинин зыянынан коргоо максаты менен түшүндүрдү:

- Кыздар да тамекини көп тартып калышты. Бизде тамеки арзан болуп жатпайбы. Анткени ЕАЭБде экенибизге карабай Кыргызстанда Орусияга, Казакстанга салыштырмалуу акциздик салык эки эсе аз. Алдыдагы беш жыл ичинде алар менен тең, бирдиктүү бааны орнотушубуз керек.

Алдын-ала эсептөөлөргө караганда, акциздик салыктын көтөрүлүшү мамлекеттик бюджеттин кирешесин быйыл 938 миллион сомго көбөйтөт.

Искендер Шаршеев.
Искендер Шаршеев.

Ошол эле маалда экономист Искендер Шаршеевдин баамында тамекини кымбаттатуу салыкка салым кошот деп ишенимдүү айтууга азырынча эртелик кылат:

- Түркиянын мисалын алалы, алар да тамеки тартууну чектейбиз деп баасын кымбаттаткан. Башында салыктан акча түшүп турган. Кийинчерээк эл чылымды сатып алуунун ордуна табакты кагазга ороп эле өз алдынча жасап алууга өттү. Ошентип салык аз жыйнала баштаган, ал эми тамеки тарткандар азайган эмес. Кыргызстанда да ушул нерсе кайталанып кетиши мүмкүн.

2016-жылы Түркмөнстанда да бийлик чылым чегүүнү азайтуу максатында сатууну чектеген. Гурбангулы Бердымухамедов 2025-жылга чейин Түркмөнстанды “тамеки тартпаган өлкөгө” айлантууга бел байлаган. Бирок жергиликтүү эксперттер "мамлекеттин бул аракетинен майнап чыкпай, мындан көмүскө базардагы кызыл кулактар туйтунуп жатат" деп жыйынтык чыгарышкан.

Кыргызстан тамеки сатууга толук тыюу салбаган күндө да Түркмөнстандын тагдырын кайталап калышы мүмкүн. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин айтымында, мыйзамдын иштөө механизмдерине катуу көзөмөл болбосо, Кыргызстан тамеки аткезчилигинин чордонуна айланып калбайт деген кепилдик жок.

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

- Контрабандага Кытайдан башка коңшу өлкөлөрдүн баары эле кызыкчылыгы бар. Эгерде чек арадагы аткезчиликти тыя албасак, андан түшкөн акча бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип калса, мындан артык залалды таба албайсың. “Көмүскө экономиканын”, башкача айтканда “жашыруун экономиканын” гүлдөшүнө жол ачабыз. Мындан артык зыян жок. Контрабанданы бууй алсак, анда бул чечим өтө туура.

Депутат Дастан Бекешов аткезчиликтен кооптонууга негиз жок деп эсептейт. Ал аткезчилик фактылары катталып атканы менен ал ири өлчөмдө болбогондуктан, экономика жапа тартат деп чочулабай эле койсо болот деген пикирде.

Дастан Бекешов.
Дастан Бекешов.

- Чындыгында Тажикстандан аз да болсо контрабанда келип жатат. Бирок ал Казакстанга, Орусияга өтүп кетет. Буюм-тайымдардын арасында таңгакталган тамекини катып алып өтүп жүргөндөрү жашыруун эмес. Бирок аз эле көлөмдө. Андыктан чоң деле терс таасири жок деп ойлойм.

Күзүндө ЕАЭБдин Ереванда болгон жыйынында казак бийлиги кыргыз тарапты "чек арадагы аткезчиликти көзөмөлгө албайт" деп айыптаган эле. Астана анын айынан Казакстан 212 миллион долларга жакын зыян тартканын айтып чыккан. Кыргыз бийлиги казак тараптын аткезчилик боюнча айыптары негизсиз экенин билдирген.

Кыргызстан тамеки эң арзан сатылган өлкөлөрдүн катарына кирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG