Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Январь-март айларында өлкөдө 1700гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Анын ичинен үчтөн бир бөлүгү же 517 орун - чакан ишканаларда.

Жаңы жумуш орундарынын 19 пайызы билим берүү чөйрөсүндө, 17 пайызга жакыны соода, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөлөрүндө түзүлгөн.

Аймактарга бөлүп караганда жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча Бишкек, Ош шаарлары, Баткен жана Талас облустары алдыда. Үч айда Бишкекте 972, Ош шаарында 167, Баткен облусунда 269 жана Талас облусунда 111 иш орундары түзүлгөн. Эң төмөнкү көрсөткүч Нарын (17) менен Чүй (19) облустарында катталды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун 15-апрелдеги маалыматына караганда, ал жетектеген министрликте 70 900 адам расмий түрдө жумушсуз катары каттоодо турат. Ал эми Улуттук статистика комитетиндеги маалыматтарды кошкондо алардын саны 174 000 адамга жетет. (BTo)

XS
SM
MD
LG