Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Улукбек Кочкоров: Кыргызстанда 174 000 адам жумушсуз


Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 15-апрелдеги жыйынында Кыргызстанда 70 900 адам расмий түрдө жумушсуз катары каттоодо турарын айтты.

Анын маалыматына караганда, бул ал жетектеген министрликте каттоодо тургандардын гана саны. Ал эми Улуттук статистика комитетиндеги маалыматтарды кошкондо алардын саны 174 000 адамга жетет.

Кочкоров министрликке жыл сайын өлкөдө жакырчылыкты бир пайызга азайтуу боюнча милдеттенме жүктөлгөнүн жана ал үчүн атайын улуттук долбоор иштелип чыкканын билдирди. Министр бул долбоор жумушсуздукту азайтаарын айтты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкө элинин 1 млн. 600 миңи жакыр жашайт, алардын 72% элет жеринде. (BTo)

XS
SM
MD
LG