Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Кыргызстанда элдин чейрек бөлүгү жакыр жашайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкө элинин 1 млн. 600 миңи жакыр жашайт, алардын 72% элет жеринде.

Жакыр жашагандардын катарына бир жылда короткон чыгашасы 33 миң сом болгон, же ай сайын 2 674 сомго күн көргөн адамдар киргизилген. Өтө жакырлар деп жылына 17 471 сомго жашаган, же ай сайын 1 455 сом короткон адамдар эсептелет.

Статистика комитети 2018-жылы мамлекеттик жөлөкпул алган адамдардын саны 379 миңден ашканын билдирди. Жөлөкпул алгандардын 96 пайызынын 16 жашка толо элек балдары бар.

Расмий маалыматтар боюнча, 2012-жылдан бери өлкөдө жакырчылык 38 пайыздан 25,4 пайызга чейин, ал эми өтө жакырлардын саны 4,4 пайыздан 0,8 пайызга чейин азайган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG