Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Жакырчылыкта жашаган балдардын теңинен көбү жөлөкпул албайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

ЮНИСЕФ жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда 780 миң бала жакырчылыкта жашайт. Алардын 302 миңи мамлекеттик жөлөкпул алат. Жөлөкпулдун өлчөмү 900 сомдун тегерегинде. Эмгек жана социалдык коргоо министри Улукбек Кочкоров өлкө бюджетинин 8,9 пайызы социалдык төлөмдөргө багытталгандыктан, жакырчылыктагы балдардын баарына жөлөкпул берүүгө мамлекеттин акчасы жетпей жатканын «Азаттыкка» билдирген болчу.

Буга чейин экс-президент Роза Отунбаева өлкөдөгү үч жашка чейинки балдардын 44 пайызга жакыны жетишпеген турмушта, керектүү тамак-аш, витамин менен камсыз болбой жашап жатканын билдирген.

Буга байланыштуу экс-президент жакырчылыкта жашап жаткан балдардын турмуш-шартын өкмөт, жарандар менен бирге оңдоп, алардын тамактануусуна, саламаттыгына жана билим алышына керектүү шарттарды түзүүгө чакырган. (BCh)

XS
SM
MD
LG