Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:02

БУУ: Кыргызстанда балдардын 32% жакырчылыкта жашайт


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы балдардын өнүгүшүнө арналган акыркы иликтөөсүнүн жыйынтыгын бүгүн, 29-майда жарыялады. Фонддун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуонун айтымында, фонд бир топ көрсөткүчтөр боюнча мындай иликтөөнү төрт жыл сайын жүргүзүп, балдардын өнүгүшүнө зарыл багыттарды аныктайт.

Өлкөнүн Улуттук статистикалык комитети менен бирге жүргүзүлгөн иликтөө калктын 30% түзгөн балдардын 32% жакырчылыкта жашаарын жана 80 миңден ашык бала жетилүү жагынан артта калганын аныктаган. Андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдардын 60% жөлөкпул албай тургандыгы жана 3-4 жаштагы балдардын 72% өз курагына жараша жетилбей жаткандыгы белгилүү болгон.

Өлкөдөгү 2 млн. 450 миң баланын 77% өз ата-энеси менен жашаганы менен балдарынын өнүгүшүнө аталардын катышы 11%, энелердин катышы 45% гана түзгөн. Жалпы балдардын 87% үй-бүлөдөгү чоң адамдардын таасири астында өсөөрүн аныктаган.

Иликтөө 1-17 жаш курактагы балдардын 47% уруп-сабоого, 5% катуу зордук-зомбулукка, 70% психикалык агрессияга такай дуушар болорун да көрсөткөн. Аймактар боюнча алганда балдарга ыдык көрсөтүү Ош облусунда 85,7%ды, Чүй облусунда 80,9%ды түзгөн.

Ал эми эрте турмуш куруу көрүнүшү 2014-жылдагы иликтөөгө салыштырмалуу 14%дан 9%га түшкөнү, бирок Баткен, Нарын, Чүй облустарында жогору экендиги аныкталган.

Ошондой үй-бүлөдөгү зомбулукка айылдагы балдарын 35%, шаардагы балдардын 22% кабылары белгилүү болду. ЮНИСЕФ бул иликтөөсүнүн маңызын калкка жеткирүү жана алдын алуучу чара көрүш үчүн 1-июндан тартып түшүндүрүү иштерин уюштуруп, атайын даярдалган социалдык тасмаларды көрсөткөнү жатат. (BD)

XS
SM
MD
LG