Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Балдар өз көйгөйлөрүн өздөрү айтып чыкты


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм (солдон экинчи) Чүй облусунун мектеп окуучулары менен онлайн саммит учурунда. Бишкек.1-июнь, 2020-жыл.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм (солдон экинчи) Чүй облусунун мектеп окуучулары менен онлайн саммит учурунда. Бишкек.1-июнь, 2020-жыл.

1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата Кыргызстан балдарынын алгачкы онлайн саммити өттү. Анда адистерден тышкары балдар өздөрү өспүрүмдөрдүн маселелери тууралуу кеп козгошту.

«Балдарга карата зордук-зомбулукту кантип токтотуш керек? Кыздарды эртелеп турмушка узатуу туура эмес. Карантин балдардын жашоосун кантип өзгөрттү? Биз жакшы мектепте окугубуз келет» - өспүрүмдөрдүн ушул жана башка маселелерин бүгүн балдар өздөрү көтөрүп чыкты. Өлкөдөгү балдардын түз эфирде өткөн алгачкы саммитине жети облустан 50дөн ашык бала катышты.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Юрий Гагарин атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Фахридин Камилов карантин билим берүү жаатында кыйынчылыктар көп экенин көрсөткөнүн айтып, буларга токтолду:

Фахридин Камилов.
Фахридин Камилов.

«Карантин учурунда көп окуучулар стресске же депрессияга түшүп калды. Ошол себептен билим берүү системасына жаштарга жакшы энергия бере турган сабактарды кошуш керек. Мисал катары айтып кетсем, тайм-менежмент, финансылык сабаттуулук жана башка ушул сыяктуу балдардын лидерлик сапаттарын өнүктүргөн сабактарды кошуу зарыл».

Иш-чарага катышкан вице-премьер-министр Аида Исмаилова менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм түз эфирде балдардын маселелерин укту. Саммиттин жүрүшүндө айрым балдар миграция маселесине да токтолду.

Нарын шаарынын Арстанбек Буйлашов атындагы орто мектебинин окуучусу Айжамал Жумгалбекова Кыргызстанда зомбулукка мигранттардын балдары көп кабыларын, аларды коргой турган ата-энеси алыста экенин айтты:

Айжамал Жумгалбекова.
Айжамал Жумгалбекова.

«Көпчүлүк балдардын ата-энелери мигрант болуп иштеп кеткен. Алар чоң эне, чоң атасынын же таене, таятасынын колунда калышкан. Мындай балдардын зордук-зомбулукка кабылышына бири-бирин түшүнбөстүк, сый мамиленин жоктугу себеп».

Ал эми Баткен шаарындагы Айтбай Умаров атындагы орто мектептин окуусу Адилет Тагаев балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту токтотууда ата-энелердин ролу зор экенин баса белгилейт. Окуучу ата-энелер биринчи кезекте балдарына камкор мамиле кылышы керек деп эсептейт.

Адилет Тагаев.
Адилет Тагаев.

«Кээ бир ата-энелер балдарына туура тарбия берүүнүн ордуна баласына кыйкырып, коркутуп, анын каалосу менен эсептешпейт. Зордук-зомбулуктун алдын алууда ата-энелер жоопкерчиликтүү болуп, баласын уруп-теппей, жумшак жана ишенич менен мамиле кылса, баласы жакшы окуп, жакшы ийгиликтерди жарата алат», - деди ал.

Иш-чарага катышкан вице-премьер-министр Аида Исмаилова балдарга катара жасалган зордук-зомбулукту жоюу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди:

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

«Билим берүү жана илим, Эмгек жана социалдык коргоо министрликтери менен тыгыз иштешип жатабыз. Бүгүнкү саммитте айтылып кетти. Зордук-зомбулук боюнча Кыргызстанда көп маселе бар экен. Бул өзгөчө балдарга тиешелүү маселелер болуп жатат. Акыры учурда зордук-зомбулукка кабылган балдар көбөйүп кетти. Мындай маалыматтарды бизге Ички иштер министрлиги берип жатат. Биз азыр балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулукту жоюу боюнча иштерди алып барып жатабыз».

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабыларын айтып, жарандарды балдар көтөргөн маселелерге көңүл бурууга чакырды:

Кристин Жольм.
Кристин Жольм.

«Бүгүнкү 1-июнь - Балдарды коргоо күнүн белгилеп, аны менен катар ушундай саммитти өткөрүп жатабыз. Баарыңыздарды балдардын үнүн кунт коюп угууга чакырам. Бул бизге балдардын үнүн, алардын кыялын укканга жардам берет деп ишенем. Карантин ата-энелерге балдарына жакын болуп, аларды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бирок ошол эле учурда кайгылуу көрүнүштөр болуп, балдарга карата зордук-зомбулук күчөдү. COVID-19 апааты өлкөнү каптай электе эле өлкөдө ар бир үчүнчү бала үй-бүлөдө зордук-зомбулукка кабылып келгенин билебиз. Бул алардын өсүп-өнүгүшүнө өтө чоң таасир этет. ЮНИСЕФ балдардын өнүгүшү үчүн кыргыз өкмөтүнө жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүүнү уланта бермекчи. Балдар жана өспүрүмдөр өлкөбүздүн келечеги экенин унутпайлы».

Кыргызстанда быйылкы жылдын алгачкы үч айында 32 бала өз жанын кыйды. 32 өлүмдүн 13ү коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин убагында катталды.

Ал арада Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстанда бүгүнкү күндө чет жакка мигрант болуп кеткендердин алты миңдей баласы аларга эч кандай тууганчылыгы жок адамдардын колунда жашап жатканын билдирди.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 18 жашка толо элек эки миллион 456 миң бала бар. Анын жарымынан ашыгын (51%) эркек балдар түзөт.

Акыркы төрт айда Кыргызстанда 44 бала физикалык, 24 өспүрүм жыныстык зомбулукка кабылганы маалым болду. Бул тууралуу 1-июнда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров парламенттин Бюджет жана финансы комитетинде Балдар жөнүндө кодекстин жаңы долбоору талкууланып жатканда айтты. Министр андан сырткары дагы 12 бала психологиялык зордук-зомбулукка кабылганын жана 51 бала ар кандай жумуштарда ишке тартылганын билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG