Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Кочкоров: Мигранттардын алты миңдей баласы эч тууганчылыгы жок адамдардын колунда жашап жатат


Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө чет жакка мигрант болуп кеткендердин алты миңдей баласы аларга эч кандай тууганчылыгы жок адамдардын колунда жашап жатат. Бул тууралуу 1-июнда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров парламенттин Бюджет жана финансы комитетинде Балдар жөнүндө кодекстин жаңы долбоору талкууланып жатканда айтты.

Министр 2019-жылы мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын демилгеси менен республикалык, шаардык, райондук деңгээлде штабдар ачылып, 700 миң үймө-үй кыдыруу болгонун, натыйжада мигранттардын 106 миңден ашуун баласы каттоого алынганын айтты.

Бирок, Кочкоровдун сөзүнө караганда, кызматкерлер жетишсиз болгондуктан алардын көбүнө көңүл бурулбай жатат. Министр ар бир айылда өзүнчө кызмат иштеп, мигранттардын балдарынан кабар алып, дене-башында көк ала жокпу, карап, кыздардан «Жыныстык зомбулук көрсөткөндөр жокпу?» деп сурап турса туура болорун белгиледи.

«Таштап коюп эле кетип калып жатышат. 106 миң баланын 5600ү эч тууганчылыгы жок адамдарга – кошунасына, классташына же башкаларга калтырылган. Балдардын укуктарын коргойлу десек аларга 1-июнда балмуздак алып бербестен, системалуу түрдө жер-жерлерде укуктарын коргой турган кызматтарды түзүшүбүз зарыл. 106 миң баланын ичинен төрт бала биз каттоого алгандан кийин үй-бүлөлүк зомбулуктан каза болду. Кара-Сууда, мисалы, 57 миң балага бир кызматкер. Ал кайсы бирине жетишет?»

Министрдин айтымында, кодекстин жаңы долбоорунда ата-энелердин жоопкерчилиги, баланы социалдык коргоонун механизмдери, жардамга муктаж балдарды аныктап, карап туруу жолдору жазылды.

Депутат Наталья Никитенко талкуу учурунда 2015-жылы кабыл алынган бул кодексти өзгөртүп, балдарды коргоо боюнча ишти күчөтүү зарыл экенин айтты.

Жыйында Кыргызстанда быйылкы жылдын алгачкы үч айында 32 бала өз жанын кыйганы айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG