Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Кыргызстанда жыл башынан бери 9,2 млрд. сом бажы төлөмү чогулбай калды


Кыргызстандын валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын январь-октябрь айларында 21,7 млрд. сом бажы төлөмүн жыйнады.

Мекеме билдиргендей, он айга 30,9 млрд. сом топтоо планы коюлган. Чогулбай калган акча 9,2 млрд. сомду түздү.

Мамлекеттик бажы кызматы мунун себебин коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы жабык болгону менен түшүндүрүүдө.

16-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев быйыл Кыргызстанга Кытайдан импорт 43% кыскарганын маалымдаган. Ал ошондой эле өткөн жылы коңшу өлкөдөн 36 миң оор жүк ташуучу автоунаа товар алып кирсе, быйыл он айда анын саны 3 миңге жетпей калганын маалымдады.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу жыл башында Кытай Кыргызстан менен чек арасын жапкан. Кийин ачылды деген менен өткөрмө бекеттердин бири «Торугарт» сентябрга чейин жабык турганы айтылат. Автоунаалар негизинен экинчи «Эркечтам» бекети аркылуу кирип турган.

Быйыл коронавирус пандемиясы башталгандан кийин кайра саналган бюджеттин таңкыстыгы 28-30 млрд. сомду түзөрү белгилүү болгон. Такталган бюджетте дефицит 36 млрд. сом болгону кабарланды. Ошондо бюджеттин быйылкы кирешеси 137 млрд. 100 млн. сом, чыгашасы 172 млрд. сом экени маалымдалды. (ErN)

XS
SM
MD
LG