Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

БУУ: ач калгандар эки эсе көбөйүшү мүмкүн


Быйыл дүйнөдө 265 миллион адам ачарчылыктын азабын тартышы мүмкүн.
Быйыл дүйнөдө 265 миллион адам ачарчылыктын азабын тартышы мүмкүн.

Быйыл коронавируска байланыштуу жагдайдан улам дүйнө жүзүндө ачарчылыкка кабылган адамдар эки эсе көбөйүшү ыктымал.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен анын өнөктөштөрү даярдаган баяндамада 2020-жылы тамак-аштан катуу каржалган, өп-чап турмушта күн көргөндөрдүн саны 265 миллион кишиге жете тургандыгы айтылат.

Шеху Исах Дайяну Думус - Нигерияда ушул тушта тамак-аш менен каражаттан каржалып, кезерип отурган жүз миңдеген адамдардын бири. Ал Лагос штатына карантин киргизилгенге чейин телефондун кутуларын сатып күн көрчү. Азыр болсо эч жакка чыга албай калды. Шеху үйүндө азыноолак гана ун калганын, абалы оорлоп баратканын айтат. Ага өткөн айдын аягында жергиликтүү бийлик тамак-аштан каралашуу тууралуу убада берген экен. Бирок азыр карантинден улам мамлекеттик мекемелердин баары жабык, ошондуктан өкмөттүн жардамын тийип-тийбесин билбейт.

«Майып адамдар бул коронавирустан аман чыкса деле эл ачарчылыктан кырылып калышы толук мүмкүн. Анткени менин өлкөмдө бир топ адам тамак-аштан каржалып, кезерип ачка отурат», - деди ал.

Лагос өңдүү Африкадагы ири шаарларда соңку каатчылыктан улам социалдык жактан коргоосуз, өзү менен өзү калган, ачка отурган адамдар көбөйүп баратат.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Африкадагы 1,2 миллиард элдин бери дегенде 20% тамак-ашты тоё жебей турганын жана бул дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч болуп саналарын билдирген.

Уюм эгер мамлекет башчылары чукул чара көрбөсө жакырчылык, кымбатчылык, азык-түлүктүн тартыштыгы өңдүү маселелер кошул-ташыл болуп бир топ адамдын өмүрүнө балта чабышы ыктымал экенин эскерткен.

21-апрелде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен анын өнөктөштөрү коронавируска байланыштуу соңку жагдайдан улам баяндама жарыялашты. Анда быйыл ачарчылыкка кабылгандар эки эсе көбөйүп, 265 миллионго жетери айтылат. Уюмдун эсебинде бул былтыркыдан 135 миллион кишиге арбын. Бул баяндама БУУнун Коопсуздук кеңешине жөнөтүлдү.

Документте азык-түлүк коопсуздугу пандемиядан улам туризм тармагынын аксашы, карантин чараларынын айынан жумушсуздуктун көбөйүшү менен ого бетер кооптуу абалга кептелгени белгиленген.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Ариф Хусейн COVID-19 буга чейин өп-чап турмушта жашаган адамдарды ого бетер каатчылыкка батырарын, бул глобалдуу катастрофанын алдын алыш үчүн мурда болуп көрбөгөндөй жамаатташып-жармакташып аракеттенүү керек экенин эскертти.

Баяндамада «азык-түлүк программасы үчүн быйыл кеминде 10-12 миллиард доллар керек» деп жазылган. Былтыр бул багытта сегиз миллиарддан ашыгыраак каражат жумшалган.

Документке ылайык, ачарчылык азабына баткандар, кезерип ачка отургандардын көбү - Сирия өңдүү согуш болуп аткан өлкөлөрдүн жана климаттык өзгөрүүлөрдүн айынан жабыркаган мамлекеттердин тургундары.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG