Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:24

COVID-19: Орусияда дагы жаңы антирекорд катталды


Орусияда бир канча күндөн бери оору жуккан учурлар 20 миңден ашып жатат. 
Орусияда бир канча күндөн бери оору жуккан учурлар 20 миңден ашып жатат. 

Орусияда соңку бир күндө коронавирус дагы 25 миңден ашык адамдан табылды жана бул пандемия башталгандан берки кезектеги эң чоң көрсөткүч болуп калды. Бул өлкөдө бир канча күндөн бери оору жуккан учурлар күн сайын 20 миңден ашып жатат.

Акыркы бир күндүн аралыгында 361 бейтап жан берди. Орусияда бул оору жалпысынан 36,5 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды.

Москвада абал оңоло элек жана оору жуккандардын санына карап бул шаар өлкөдө дагы эле биринчи орунда турат. Борбор шаарда 13-ноябрдан тартып жаңы карантик чектөөлөр күчүнө кирген. Ага ылайык, ресторан, кафе, түнкү клуб өңдүү көңүл ачуучу жайларга түнкү саат 11ден таңкы 6га чейин иштөөгө тыюу салынган. Студенттер аралыктан окуганга өткөн. Маданий, көңүл ачуучу иш-чаралардын баары убактылуу токтотулган.

Бул жылы пандемиянын айынан Москвада жаңы жылдык иш-чаралар да өтпөйт.

COVID-19 дүйнө жүзүндө 58,7 миллион адамга жугуп, 1,39 миллион бейтап көз жумду. Ооругандардын саны жагынан АКШ, Индия, Бразилия, Франция жана Орусия алдыда турат.

XS
SM
MD
LG