Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Бишкекте пандемиядагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы конференция өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-ноябрда Бишкекте пандемиядагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө арналган конференция өтөт. Иш-чара «Covid-19 пандемиясы учурундагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш: үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, жетишкендиктер жана сабактар» деген темада болот. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Ошондой эле жыйында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган уюмдардын алты айлык долбоорунун натыйжасы талкууга алынат. Иш-чарага эксперттер, мамлекеттик орган жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылды.

Жай айында USAID тарабынан 11 уюмга пандемия учурундагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарды колдоо үчүн гранттык акча каражаттары бөлүнгөн.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугу 70% көбөйгөн. Жарым жыл ичинде милицияда 2019 зомбулук учуру катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп.

2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG